«Мен сүйгөн менен пайда жок» атка конгон Нурмат Садыров «Супер-Инфонун» тандоосу боюнча бир эмес, эки наамга көрсөтүлүп жатканынан кабарыңыз болсо керек. Ушул кезге чейин өз алдынча иштеп келген Нурмат мындан ары да ийгиликтерди багындырыш үчүн аны колдогон адам керек экенин айтат. «Ырчылыкка жаңы кадам таштаганымда «Эка рекордс» студиясынын жетекчиси Эрнест Уметалиев менен иштешип, ортодо түшүнбөстүктөрдөн улам өзүмчө баштагам. Эми арабыздагы таарынычтар жазылып, Эрнест менен кайра иштешсекпи деп турабыз. Эгер аны мурун капаланткан болсом, кечирим сурайм»,- деген Нурмат жаңы күч менен чыгармачылыкка киришерин айтты.