Минтип бекеринен айткан жокпуз. Анткени Аваз 13-14-декабрда өтчү Супер концертте бир нече наамдарга көрсөтүлүүдө. Мындан тышкары тасмада да роль жаратып жетишкенин кабарлады ырчы. «Азыр белгилүү профессионал актёрлор менен биргеликте режиссёр Назым Мендебаировдун «Жигитим – Аяз ата» аттуу киного тартылып жатам. Кудай буюрса, фильм Жаңы жылдын алдынан элге көрсөтүлөт»,- дейт Аваз. Ошондой эле анын «Гүл кыздар» деген ыры казак тилинде да аткарылып жатканын кубанып кабарлады.