АТАМБАЕВДИН ИШТЕГЕНИНЕ 2 ЖЫЛ

Алмазбек Атамбаев 2011-жылдын 1-декабрь күнү КРнын Президентинин кызматына расмий киришкен. Ошентип, Кыргызстандын 4-мамлекет башчысынын президенттик мөөнөтүнүн экинчи жылы аяктады.


2012-жылдын 10-12-декабрь күндөр аралыгында президент Алмазбек Атамбаевдин Германияга барган расмий сапарында KfW немис мамлекеттик банкы, Франкфурт финансылык борбору жана КРнын ортосундагы 8,5 миллион евродон турган карыз милдеттемелерин алмаштыруу тууралуу келишимге кол коюлган. Сүрөттө Алмазбек Атамбаев Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркель менен.

Алмазбек Атамбаевдин президенттиги учурунда Кыргызстан менен Орусиянын мамилеси байкаларлык бекемделди. Стратегиялык өнөктөшкө айланган Орусия Кыргызстанга берген жалпы карыз боюнча 488,9 миллион доллар менен үстөк пайызы боюнча 110,1 миллион долларын кечип, ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырмакчы болду. Жогорку-Нарын каскадында курулуучу ГЭСтин баасы 400 миллион долларды түзөт, анын курулушуна 5 миңдей киши жумушка алынат. Кыргызстандын Бажы союзуна да кирери жарыяланган. Сүрөттө Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен Ала-Арча коругунда.

Алмазбек Атамбаев 2012-жылдын 23-апрелинде «Энелер күнүн белгилөө жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Ошондон бери ар жылдын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленмей болду. Сүрөттө Алмазбек Атамбаев Баатыр энелерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырууда.

Кыргызстандын дагы бир стратегиялык өнөктөшү Кытай Эл Республикасы менен болгон алака ушул жылы жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Коңшу мамлекет быйылкы жылы 200 миллион юань грант, Бишкек шаарында ШКУнун саммитин өткөрүүгө 46 жеңил унаа менен 4 кичи автобусту кайтарымсыз жардам иретинде берди. 2012-2013-жылдары Кытай өкмөтү тарабынан «Датка» подстанциясынын курулушуна 208 миллион доллар, «Датка-Кемин» жогорку чыңалуудагы электр линияларын тартууга 390 миллион доллар, Бишкек шаарындагы жылуулук электр борборун модернизациялоого 386 миллион доллар, түндүк-түштүк жолунун курулушуна 400 миллион доллар көлөмүндөгү ири кредиттер бөлүндү. Сүрөттө Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга 2013-жылдын 11-сентябрында мамлекеттик сапары менен келген Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен.

Буга чейин Түркия Кыргызстандын 49,2 миллион доллар карызын кечип, ошондой эле түрк өкмөтү кыргыз тарапка 100 миллион доллар жеңилдетилген кредит менен 6 миллион доллар грант бөлүп берүү чечимин кабыл алган. Кредиттин бир бөлүгү айыл чарбанын сугат тармагына жумшалып, жаңы техникалар сатылып алынган. Сүрөттө Алмазбек Атамбаев 2013-жылдын 18-июнь күнү Түркияга болгон иш сапарында Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган менен.

2013-жылы 26-28-февраль аралыгында президент Алмазбек Атамбаевдин Японияга барган расмий сапарында Бишкек-Ош жолундагы Көк-Арт көпүрөсүн реконструкциялоо боюнча долбоорго гранттык жардам көрсөтүлгөн. Сүрөттө Алмазбек Атамбаев Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен.

2014-жылдын жаз айларында өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактарын бириктирүүчү Ош-Бишкек кан жолуна альтернативдик жолдун курулушу башталат. Долбоордун баасы 850 миллион доллардын тегерегин түзөт, анын 400 миллион долларын каржылоо макулдашуусу Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы менен үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрында түзүлгөн. Сүрөттө Алмазбек Атамбаев транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов менен

«Датка-Кемин» долбоорунун алкагында жаңы жогорку чыңалуудагы электр линияларын тартуу иштери башталды. 2015-жылы ишке кире турган «Кемин» подстанциясы туташтырылса, Кыргызстан Өзбекстан менен Казакстандан көз карандысыз энергетикалык алкакка ээ болот. Бул иштер Кытайдын "Эксимбанкы" тарабынан каржыланууда, кредиттин көлөмү 390 миллион долларга жакын. Сүрөттө Алмазбек Атамбаев энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев менен 2013-жылдын 3-июль күнү болуп өткөн «Датка» подстанциясынын ачылышында.

Эльвира Караева
Султан Досалиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (39)
Brat_Kuba
2013-12-11 01:26:47
Аман эле болсунчу
+1
jibi
2013-12-11 08:08:34
iwinizge iygilik urmattu prezidentibiz.oz omurun ortogo koyup eledin jugun arkaloo ar kimdin ele kolunan kele berbeit.Alla ozu sizge jar bolsun.Kyrgyzstandy oilop aldyga koigon plandarynyz iwke awuusun chyn jurokton kaalaim.
0
Saiha.84
2013-12-11 15:44:35
Мен президенттин баштаган жумуштарын аягына жеткирсин демекмин,коррупцияга карата болгон иштеринизге ийгилик!Уурулардын орду турмодо,эч аябай камаш керек,акчаларын кайтарып алдырыш керек!
+1
Dimedra
2013-12-12 00:32:16
Saiha.84, акчаларын каяяка алдырат тигинин чонтогунон озунун чонтогунобу ушул убакка чеин бир да бироосунун акчасын алып юджетке откордук дегенин уккансызбы
0
Saiha.84
2013-12-12 10:21:35
Dimedra, Озунун чонтогуно алып жатканын козун менен коруп кулагын менен угуп жатасынбы?
+1
nurjana83
2013-12-23 13:22:18
Saiha.84, коррупцияны жойсо, биринчи озунон баштасын хе
0
Dimedra
2013-12-12 00:28:10
баардык президент эле элинин жарымына жакса жарымына жакпайт ал эми биздики болсо 100но жакса 5 599 900 но жакпайт ал да болсо жактыргандар туугандары пайда коргон кошаматчылар мен кыз болсом да ушундай кырдаалдан уялмакмын.
0
Saiha.84
2013-12-12 10:19:24
Dimedra,Мен эч кандай тууганы эмесмин,шайлоодо уй-булом менен барып добушубузду Атамбаевке бергенбиз.Жакшы эле иштеп жатат калганын дагы убакыт корсотот.Билбей туруп кошоматчы дегенин туура эмес
-1
enn07
2013-12-12 02:04:40
эми иштегенине 2 эле жыл болду. убакыт берели да. эч ким 2 жылда бутуна тура алышпайт. ушинтип 1 2жыл иште иштебей кубалай берсек качан онугобуз туугандар?
0
Miregia91
2013-12-13 20:36:20
enn07, misaly Oshtun meri Myrzakmatov bir ele jyldan bashtap kop ozgocholuktordu jaratyp, mykty korsotkuchtordu korsotup ulgu bolup ele ishtep bashtagan. Al emi andan syrtkary 2010-jyldagy iyun okuyasynan kiyinki Oshtun abalyn korsonuzdor yilamaksynar, myna oshonun baaryn tuptop, oz abalyna keltirip, daje shaardy guldotup andan da sonun abalga keltirip koygondugun misal keltirsek bolot. El da katuu syilap urmattayt, baary any jakshy korot. Insan ishteym dese az ele ubakta jakshy jyiyntykty korg
+1
Miregia91
2013-12-13 20:41:39
....korgozo bashtayt. Myna ushul nerselerdin baaryn Atambaev koro albay, Myrzakmatovdu ishten aldyrtyp koibodubu. Atambaev maktanyp ele Kudaydy oozuna alyp, arkasynan kanday ishterdi jasap, eldi aldap kalpele ishtemish bolup jatkany zeenindi keyitet.
+1
aitowa11
2013-12-12 03:06:26
Ушу мен 15мунот эле президент болгондо Кыргызстанды гулдотуп коймокмун. Иштен алчусун алып иштей турганын иштетип. Баарын орду ордунда бутурмокмун
0
ayaza
2013-12-12 10:40:16
Иштерине ийгилик,Атамбаев эле алайын,тонойун деген киши эмес,Кыргыз эли учун чындап куйот.
-1
Shekerbek
2013-12-12 10:59:55
ото жакшы адам
-1
Begim_4
2013-12-13 12:53:22
бул президендтен эчнерсени кутпой эле койгула барибир бир нерсени кыйратпайт
+2
volk7
2013-12-13 20:19:36
Bir jylda kan4a jegeninda jazyp koigula4y
+1
kalbek87
2013-12-13 20:27:08
атамбаевдин журуш турушу , суйлогону эч президентке татыктуу эмес да айланайындар деп суйлогонучу.
-1
Miregia91
2013-12-13 20:50:55
Tuura aytasyn, andan koro Akaev menen Bakievti da el jakshy korchu. Bakievti el jakshy ele syilachu, Atambaevti ech kim dele prezident katary korboyt. Akyry kanday bolot eken emi. Mmmm
0
Beka_89_kg
2013-12-14 07:40:51
Жомок айтканычы,ажыдаар болуптур илгери деп)))
+1
orxidea10
2013-12-14 22:26:56
дуйно жузуно шерменде болбойлу деп кыргыз элим козун жумуп атамбаевти шайлаган андан башка айла жок эле.менин ойумча эч нерсе озгорто алган жок бул да озунун чонтогун толтуруп жатса керек болушунча аа кыргызстанды карызга батырып чыгып кетет да. окунучту.
+1
alymkulov1
2013-12-17 20:22:31
Almazbek atambaevdi men da koldoim bary jakshy bolup kele atat emiden myna gester kurulup bytty i kurulup da atat booomdun jolu da jakshy bolup kaldy karyzdan kutulabyz eger naryn kaskatary kuruup bytyp ishke kirse tamojka ga da kirse jakshy bolot ele
tyndyk-tyshtyk bolup bolyno bersek anada bizdin ki4ine egemendyyy olkobyz ne bolot?mitingderdi toktotush kerek!
0
№ 579, 06-декабрь-12-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан