Кышкы XXII Олимпиада оюндарынын башталышына 2 ай убакыт калды. Бул оюндарга катышуучу спортчулар конькилерин курчутуп, лыжаларын камдап жатса, Орусия бийлиги оюндарды мыкты өткөрүп алууга даярдык көрүүдө. Ал эми Олимпиада оюндары өтүүчү Сочи шаарынын тургундарын Жаңы жылда Аяз атаны күткөн кичинекей балдарга салыштырууга болот.
7 МИҢДЕН АШУУН СПОРТЧУ КАТЫШАТ
Кышкы XXII Олимпиада оюндары Сочиде 2014-жылы 7-23-февраль аралыгында өтмөкчү. Оюндар аяктагандан кийин ошол эле объекттерде 7-марттан 16-мартка чейин Кышкы паралимпиадалык оюндар өтөт. Олимпиадага 80дей өлкөнүн 6 миңдей спортчусу, ал эми паралимпиадалык оюндарга 44төй өлкөнүн 1400дөй спортчусу катышары күтүлүүдө. Азырынча Кыргызстандан канча спортчу барары белгисиз. Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, слалом спорту боюнча 1, сноуборд боюнча 2 спортчу Олимпиадага жолдомо берилүүчү мелдештерге даярданышууда.
СИМВОЛИКАЛАР
Олимпиаданын тарыхында биринчи жолу Олимпиада жана Паралимпиада оюндарынын тумарлары жалпы элдик добуш берүү менен тандалды. Жыйынтыгында Сочиде өтүүчү оюндардын тумарлары (талисман) болуп Ак аюу, Илбирс жана Коён табылган.
ОЛИМПИАДА ОТУ«Сочи-2014түн» Олимпиада отунун эстафетасы Кышкы Олимпиада оюндарынын тарыхында эң масштабдуу жана узакка созулган болуп калды. Ал 2013-жылдын 7-октябрында башталып, 2014-жылдын 7-февралында Олимпиаданын ачылышында аяктамакчы. 123 күндүн ичинде Олимпиада оту автоунаа, поезд, учак, ат араба жана бугу чегилген чана менен
65 миң чакырым жолду басып өтүп, Орусиянын 2900 калктуу пунктун кыдырат. Мындан сырткары от Түндүк уюлда, Байкал көлүнүн түбүндө, Орусиянын эң бийик чокусу болгон Эльбруста болуп, ал тургай космоско да учуп барып келди.
ДАЯРДЫК
Өлкөлөрдүн кезектеги Олимпиаданы өзүндө кабыл алуу үчүн болгон күрөшүнө эмне себеп? Ооба, бул эл аралык деңгээлдеги аброй, кадыр-барк. Андан сырткары да оюндар өтүүчү аймактын экономикалык жактан өсүүсүнө, ири инвестициялардын келүүсүнө, жаңы жумуш орундарынын көбөйүшүнө өбөлгө түзөт. Олимпиада өткөндөн кийин да курулган спорттук объекттер жергиликтүү калктын жашоо шартынын жакшырышына, туристтердин агымынын көбөйүшүнө жана инвесторлордун кошумча кызыгуусунун жаралышына алып келет. Ошондуктан Олимпиада оюндары аны кабыл алган өлкө үчүн эң масштабдуу жана каражат көп жумшалган иш-чара болуп эсептелет.
Сочиде өтүүчү бул оюндар тарыхта «эң кымбат Олимпиада» деп атала турган болуп калды. Маалыматтарга караганда, оюндарды өткөрүүгө жумшалган каражат 50 миллиард долларды чапчыйт. Бул акчалар оюндарга даярдануу жана өткөрүү үчүн эле эмес, аймактын инфраструктурасын оңдоого да жумшалган. Буга чейин 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиада оюндары «тарыхтагы эң кымбат оюндар» деп аталып келген эле. Анда болжол менен 43 миллиард доллар (анын 20 миллиарды Олимпиада айылы, стадион жана башка курулуштарга) корогон. Ал эми 2012-жылы Лондондо өткөн Олимпиада оюндарынын бюджети 15 миллиард долларды чапчыган. Анда коопсуздук чараларына эле 1 миллиард акча корогон, 14 миң полиция, 17 миң аскер кызматкерлерин кошкондо оюндарды 40 миң адам кайтарган.
ИНФРАСТРУКТУРА – ОЮНДАРГА ДАЯРДАНУУНУН ЭҢ КЫМБАТ БӨЛҮГҮ
367 чакырым жол жана көпүрөлөр, 22 тоннель, 201 чакырым темир жол курулуп, 967 миң чарчы метр жол жабуусу жана тротуар төшөлгөн. Мындан сырткары канчалаган стадиондор, мейманканалар курулбады дейсиз. Мелдештердин бир топ бөлүгү өтүүчү Адлер шаары менен Красная Поляна курортун бириктирген жолго 266 миллиард рубль корогон. Ошондой эле Олимпиаданын салтанаттуу ачылыш жана жабылыш аземи өтүүчү 40 миң көрүүчү бата турган «Фишт» стадионун курууга 23,5 миллиарддай рубль корогон.
МИГРАНТТАРДЫ КАРМАШУУДА
Олимпиада учурунда автоунаалардын шаарга кирүүсүнө чектөө коюлуп, Сочи шаарына катталган автоунаалардан башкаларын киргизбөө чечилген.
Укук коргоочу уюмдардын билдиришинче, полиция тарабынан өткөрүлгөн рейддерде миңдеген мигранттар кармалып, анын көпчүлүгү алдын ала камоочу борборлорго камалган. Краснодар крайынын губернатору Александр Ткачев да Олимпиадага чейин шаарда бир да легалдуу эмес мигранттар калбай турганын билдирген.
Кызыктуу фактылар
Нурбек Абдыкадыров
sport@super.kg