Ата-эненин эң башкы милдети бул – баланы үй-бүлөдө асырап, ага мээрим төгүү. Бирок жумушсуздуктун, тиричиликтин айынан балдарын кароосуз калтырып же туугандарына табыштап кеткен ата-энелер жок эмес. Мунун кесепетинен балдар жапа чегүүдө.
«КИРДИН СУУСУН ИЧИРГЕМ»
Жаш балага ырайымсыз мамиле жасап, анын ооруканага оор абалда түшүшүнө себепкер болгон ГҮЛМИРА ДУБАНАЕВА аттуу аял милиция тарабынан кармалды. Үрөйдү учурган бул окуяга кошул-ташыл бала багуучунун көрсөтмөсү болду. Натыйжада жабыркаган наристе шаардык №3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Кылмышка шектүү наристеге кантип кордук жасагандыгы тууралуу айтып берди: – Кайним келинчеги экөө 1 жаш 8 айлык Мирана аттуу кызын мага бактырышчу. Өзүмдүн 2 балам бар. Батирдин акчасын төлөш керек болчу, көмүр да алыш керек эле. Анан «сенин иниңдин деле кызын багып жатабыз го, иниң (ред. Мирананын атасы) акча берсин» деп күйөөм менен уруша кеткем. Ошого жиним келип жаткан. Анан Мирана төшөгүнө заара ушатып, заңдап да салган экен. Мен аны түртүп жиберсем, жерге катуу кулап түштү. Анан башы менен дубалды сүздүргөм. Тамакты да көп жегендиктен, ченеп берчүмүн. Ошол күнү кир жууп отурсам жаныма келгенде кирдин суусун ичирип койгом.
Мындан сырткары, көргөн күбөлөрдүн айтымында, Гүлмира кар жаап жатканда дагарага муздак сууну толтуруп, ага Мирананы отургузуп, аязга чыгарып койгон. Аял туруп, эне туруп ушул жорукка барганына таң каласың.
«БАШЫНДА АЙТСА, АКЧАСЫН ДЕЛЕ БЕРМЕКМИН...»
Кылмышка шектүү Гүлмиранын айтымында, жабыр тарткан Мирананын ата-энеси кызын багып берген акысына 2000 сом өлчөмүндөгү акча бермек экен. Ошол акчаны бербегендиктен кызын сабагам дейт. Бирок Мирананын апасы бул көрсөтмөнү төгүнгө чыгарды: – Жолдошум экөөбүз тең автоунаа жуучу жайда иштейбиз. Кызымды караганга киши жок, өзүм менен ээрчитип алчумун. Бир күнү кайнагам көрүп, «бул жерде кызыңар буту-колу суу болот экен. Жеңеңер балдарга кошуп карап берсин, мен айтайын» деди. Эртеси кызыбызды жеткизип бердик. Бирок Мирананы берерде ортодо атайын келишим түзүп, «бакканың үчүн мынча сом берем» деген сыяктуу сүйлөшүүлөр болгон эмес. Эгерде айтса, кызымды ушунчалык кордотпой акчасын бермек экенбиз.
Кызымды мурда эле уруп-сабап жүрчү экен. Аны тергөө иштеринин жүрүшүндө жеңемдин 8-класста окуган сиңдиси айтып бериптир. Кызым комага түшкөнүнө бүгүн 11 күн болду, эсине келе элек. Колун бир аз кыймылдатып калды. Тамакты болсо ашказанына түтүкчө киргизип, ошону менен суюктук берип жатабыз.
2 БАЛАСЫН КАРООСУЗ ТАШТАШКАН
Балдарын эч кимге тапшырбай, кароосуз калтырып кеткен ата-энелер да бар экен. Жакында мектеп жашындагы балдар үйүндө көптөн бери ата-энеси жок күн кечирип жүргөндүктөрү тууралуу маалымат тараган. Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагында бул факт катталган.
Бир туугандар окуган шаардагы №74-мектептин мугалимдери 9 жаштагы Айканыш жана 7 жаштагы Байбол Алимбаевдер окууга дайым кечигип жана кир кийимдер менен келишерин айтып укук коргоочуларга кайрылышкан. Сурамжылап көрүшсө, ата-энеси Ошко иштеп кетишип, балдар 3-4 айлап өздөрү жалгыз жашашчу экен. Биз дагы балдардын кандай шартта жашап жаткандыгын билели деп Ала-Тоо жаңы конушундагы бир туугандар жашаган дарекке бардык. Биз барганда бир туугандардын таякеси аларды ата-энеси турган Ош облусунун Араван районуна жөнөтүп жибергени дайын болду.
Бишкек шаарына караштуу Ленин РИИБинин жашы жете элек балдар менен иш алып баруу бөлүмүнүн башчысы ТУРАР БАЗАРАЛИЕВ балдар тууралуу жалпы маалымат берди:
– Жогорудагы Алимбаевдердин үй-бүлөсү 2 жылдан бери 3-класста окуган Айканыш жана 2-класста окуган Байбол аттуу балдарын узак убакытка калтырып, өздөрү Ош облусуна иштеп келебиз деп кетип калышкан.
Өткөндө балдар кандай шартта жашап жаткандыгын көрүп, ата-энеси менен байланышып алып кетүүлөрүн талап кылалы деп келсек, Айканыш камыр жууруп отуруптур. Комиссияга тиешелүү документтерди топтоп бергенибизде, балдардын ата-энесине эскертүү берилип, эгер жылыш болбосо, ата-энелик укуктан ажыратуу тууралуу документтер даярдала баштамак. Атасы Тагдыр менен байланышсак, ал 1 ай мурда балдарды таякеси Ошко салып жибергенин айтып, ал жакта мектепте окуп жатканын кабарлады. Бирок бул жактагы мектебинен балдардын өздүк делосу алына элек экен. Биздин өндүрүштөгү бул ишти Араван РИИБине тапшырып, бир айдын ичинде алардан жооп күтөбүз. Эгерде биз күткөн жыйынтык болбосо, анда атайын түзүлгөн комиссия балдар үчүн өз чечимин чыгарат.
«КУРМА ТЕРГЕНИ КЕТИШКЕН»
Алимбаевдердин салынып бүтө элек 2 кабат үйү бар экен. Ошол үйдүн күн батыш бөлүгүндөгү бир бөлмөсүндө 2 тестиер бала кароосуз күн кечирип келген. Ал эми өзүн ГҮЛНАРА АХУНБАЕВА деп тааныштырган Алимбаевдердин кошунасы жана жеңеси мындай нерсе жыл сайын кайталанарын айтат: – Булар жылда эле ушинтип күзүндө балдарын таштап, Араван районуна курма терип келебиз деп кетип калышат. Бизге деле таштап кетсе карап турбайт белек. Кечинде аман-эсенби карап коёлу деп үйүнө барсак, эшикти бекитип алып ачпай коюшат. Апасы ошентип үйрөтүп койсо керек. Сырттан күйгөн жарыгын карап, «ии, үйдө экен» деп санаабызды тындырып кетебиз. Бир нерсе десең милицияга арыз жазып, «сен чогултуп келип жатасың» деп мени жаман көрүшөт. Үй-бүлөдө булардан кичүү дагы 3 баласы бар.
Ала-Тоо жаңы конушунан чыгып, сапарымды Айканыш менен Байбол окуган №74-орто мектепке уладым. Байболдун класс жетекчиси ГҮЛЗАТ АБДЫКЕРИМОВА буларды айтты:
–Байболдун окуусу канааттандырарлык эмес. Менин классым түшкө чейинки сменде окуйт. Ал эми Айканыш түшкү сменде сабакка келет. Ал сабактарын окуп аягына чыккыча Байбол эртеден кечке эжесин күтүп кетпей, мектептин айланасында кечки саат 6ларга чейин жүрө берчү экен. Байбол апасын «Дыйкан» базарында иштейт дечү. Бирок калп айтып коюптур, алар балдарды таштап, Ошко иштегени кетип калышыптыр.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg