КЫТАЙЛАР КЫРГЫЗ АРТИСТТЕРИН КАПА КЫЛЫШТЫ...

Абдылда Иманкулов, Рахман Разыков, Тынар Курбаналиев, Борончу Кудайбергенов баш болгон куудулдар тобу гастроль менен Кытайга аттанышкан. 20-ноябрдан декабрга чейин созула турган куудулдардын концерттик турун кытайлар үзгүлтүккө учуратышыптыр. Бул тууралуу Абдылда Иманкулов мындай дейт: «Биз концерт коюу тууралуу Пекинден уруксат алганбыз, бирок биз барган Кызыл-Суу облусунун мыйзамына ылайык, чет мамлекеттен келген артисттерге ал жакта концерт коюуга тыюу салыныптыр. 7 концерт коёбуз деп пландаган элек, тилекке каршы, 3 эле концерт коюп кайттык. Ал дагы элдин талабы, акимчиликтин кийлигишүүсү менен араң ишке ашты. Баарынан 80-100 чакырым алыстан келген көрүүчүлөргө боорум ооруду, билеттерибиз алдын ала сатылып кеткен эле, бирок концерт көрө албай калышты».
Кыргыз куудулдарынан сырткары Кытайга гастроль менен сапар тарткан «Биз» эстрадалык тобунун да октябрь айында Ак-Чий уездиндеги концерти болбой калган.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
urmat1992
2013-12-09 17:40:52
еми москвага келгиле
0
tilek-x
2013-12-09 23:04:52
Кытайлык туугандарга жаман болуптурго!жаль.
0
EMMI
2013-12-10 07:46:30
Билип алып анан барбапсыздар даааа!!! артисттердин жашоосун оной ойлошот кээ бироо.мындай кыйынчылык куудулдардын башына биринчи келип жатпаса керек.билет алдын ала сатылып жакшы болуптур росходунар жабылып. россияга келгилечи кой союп тосуп алалы.
0
TolonturCN
2013-12-10 18:45:10
Кытайда ар бир майда чүйдө, анан ар кандай иштер өтө шыдыр эле бүтпөгөнү жаман, ушунусу менен милярд элди, алаксытып, акырындаш башкарып кармап турса керек, анан дагы бир эске алчу нерсе айрыкча быйылкы жылы КРдан көп эле артистер келип бизге концерт берип жатат, элдин дагы бир нааразычылыгы белет баасы кыйла эле кымбат болуп жатат, ошентсе да КРдан келип жатат деген кызуу кабыл алуу менен концертке кирип жатат.
+1
TolonturCN
2013-12-10 18:47:09
концерт баасы 100-250 юангыча (790-1975 сом), муну КРдан артистерди алып келип жаткауюштуруучулардын да эмгеги акталсын дегендей кылып ушул баада болуп жатат, белеттер сатылып жергиликтүү бийлик макулдук бербей эл алданган жаман учурлар да болду. мындай болсо жакшы болбой калат го. . .
+1
kaniet
2013-12-10 22:33:12
Кытайда эмне бар силерге, силерди кайра кайра концерт койсонор деле жадабай коро беребиз, Бегимайчалык жоксунарбы? Озу силердей куудулдар саналуу, жадабайбыз. Эми ошол сатылып кеткен билеттердин эсебинен соопчулук кылып Кыргызстанда концерт берип койгула жаны жылдын алдында.
+1
Boldukan86
2013-12-11 17:41:51
ушул тортоо аябай мыкты куудулдар. канча корсокда тажабайбыз кайра коргубуз келе берет. озубуздо эле айланып коюп чыксанар болот район шаарларды бут кыдырып.
0
tayer
2013-12-12 10:54:34
ушул тортоо аябай мыкты куудулдар.
0
aziz2000
2013-12-13 00:10:42
москвага келгиле,барабыз
0
sraj
2013-12-13 06:21:46
Москвага келсенер биз да конул ачмакпыз.
0
kalbek87
2013-12-13 20:20:47
мен анча ишенбей калдым, кытайга рисковотетип барышбайт да пекинден уруксат болгондон кийин андай болушу мумкун эмес да, билеттер алдын ала сатылса план толуп калганбы дейм да
0
№ 579, 06-декабрь-12-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан