ТАГДЫР ОЮНУ-3

(Башталышы өткөн сандарда)

Азирет үн ката албады. Мына, жашоосунун маңызы болгон аял маңдайында турат. Дал өзүнүкүндөй чарчаңкы көздөр, тагдыр менен күрөшүп чарчагандай. Өтмүшүн коё бере албай же бүгүнкү жашоосу менен жашай албай, мезгилдин сынагында адашып калгандай.
– Кызык, биринчи жолу мен сени аяп жатам. Көп учурда жүрөгүмдү чабалактаткан сүйүү, анан муунтуп өлтүрүп сала тургандай жек көрүү боло турган сени эстегенде. Азыр мен сени жөн гана аял катары, уулумдун апасы катары аяп жатам.
Бегимай кашын көтөрө тиктеп, саамайындагы чачын оңдой кетти. Мурун да бир нерседен сактанганда, бир маанилүү сөз айтарда ушундай кыймыл жасаар эле. Канча жыл өтсө да ар бир кыймылы тааныш экен, Азиреттин жүрөгү зырп эте түштү.
– Ким билет, балким, жашообуз башкача болот беле, Азирет? Бирок мен тагдырыма ыраазымын. Экөөбүздүн уулубуз бизден акылдуу, сабырдуу, экөөбүздөн күчтүү бала болуп чоңойду. Азыр бул күндөлүктү окуп, экөөбүз эч качан Айданек менен Аскаттай даанышман, кечиримдүү, боорукер болбогонубузду түшүндүм. Экөөбүз сүйүүбүз үчүн батылдык, эр жүрөктүк кыла албадык. Керек болсо өлүмдөн да кайтпаган сүйүү бар экен... А биз ар ким өз тагдырына наалып отура берүүнү ылайык көрдүк. Өз бурчубуздан чыгып, сүйүү үчүн бир нерсе кылбадык. Азирет, экөө чогуу болушу керек, биз бактылуу болбодук, бирок биздин балдарыбыз сөзсүз бактылуу болушу керек. Алар биз үчүн гана эмес, чоң атасы, чоң энеси үчүн, атүгүл каза болуп калган Аскат үчүн бактылуу болушу керек.
– Кызым араң аман калды. Кантсе да Илимбекке чоң рахмат, ал болбосо аман калат беле? Врачтар ашказанын жууп жиберип араң алып калышпадыбы. Ал өзүнө келгенде гана Илимбек менин колума бул нерсени карматты. Түнү менен окуп чыктым, анан сенин окуп чыгышыңды кааладым. Анткени экөөбүздүн тагдырыбыз да жазылган экен. Болгону секелек кыздын түшүнүгү, көз карашы менен сүрөттөлгөн.
– Эх, Азирет!
– Азыр өмүрүбүздүн тең жарымын жашап койгондон кийин мен сени эскерүүлөр менен кыйнабашым керек. Эки кызың, өзүңө тең күйөөң бар. Мен баарын билем. Бирок баары бир жакындык бар, аны колуң менен алып сала албайт экенсиң. Андан качып да кутула албайт экенсиң.
– Мен бактылуумун, Азирет!
– Ылайым бактылуу бол, асылым...
Азирет мээрим төгө тиктеп турду. Анын каректеринде мурункудай күйүп-жанган от же жек көрүү жок эле. Тек сыйлоо, аёо гана бар болчу.

Ххх

Палатанын аппактыгы көзүн уялта берди. Данектин оюна алгачкы келген нерсе «өлгөн турбаймынбы, ошон үчүн баары апаппак көрүнүп жатат. Кызык, азыр эмне болор экем?» деген суроо болду. Кимдир бирөөнүн муздак алаканы чекесине тийди. Жанында турган Илимбекти көргөндө көздөрү бакырайып кетти.
– Мен...
– Менден кутулуунун жолу ушул деп тапсаң, таптакыр туура эмес ойлонот экенсиң. А мен дүйнөдөгү эң акылдуу кызга үйлөндүм деп ойлоп жүргөм. Да, мени катуу иренжиттиң.
– Мен кайдамын?
– Ооруканада!
– Анда аман калган экенмин да...
– Албетте!
Данектин көздөрүнөн жаш акты. Кандай кыйналса да, өмүр таттуу экенин туйду. Аман калганына чын дилинен кубанып турду.
Илимбек анын көздөрүн сактана тиктеп турган экен, өзүнө келгенин байкап, суу алып келип ичирди. Данек чаңкап калыптыр, алгач анын колунан алгысы келбей туруп чаңкоосу күчтүү болуп кеттиби, аргасыз алды. Стаканды берип жатып мурункудан эки эсе ачуу менен бурк эте берди.
– Сактап калганыңыз үчүн рахмат күтүп жатсаңыз керек...
Илимбек эки ийинин куушуруп койду.
– Мен сенден эч кандай ыраазычылык деле күткөн эмесмин. Бирок бул тууралуу айтып калганыңдан кийин мен сенден бир нерсе сурайм. Кантсе да өмүрүңдү сактап калбадымбы.
– Менден эч нерсе сурабай эле, күтпөй эле коюңуз.
Данектин кичинекей колдору менен төшөгүн тырмыша кармап, ал жакка бир кадам таштаса тура калып бакырып жиберчүдөй абалы Илимбектин жүрөгүн сыздата берди. Куду карышкырдан корккон улактай эки көзү бакырайып, ансыз да кубарып турган өңү бир башкача көрүндү. Аргасыз артка чегинди.
– Коркпо, мына мен сага жакындабайм. Алыс туруп эле сүйлөшө алам. Болгону... Сага күйөө боло албасымды түшүндүм, бирок агаң болгонго мүмкүнчүлүгүм бар болсо керек деп ойлойм.
– Агам? Кандайча?
– Аскат менен ордумду алмаштыргым келет. Анткени сенден баары бир ажырай албайм. Жок дегенде карындашым катары жашооңдо ордум болсо дейм. 
 Данек таң кала ордунан обдула берди.
– Мен...
– Данек, эгерде мен Аскат тууралуу билсем, сенин жүрөгүңдү биротоло ээлеген адам бар экенин билсем, үйлөнүү той болуп жаткан күнү өзүм тойду токтотмокмун. Сен мени бул абалга жеткирбей эле койсоң болмок. Сен...
– Сиз аны кайдан билесиз?
– Күндөлүктөн.
Данектин башы шылк эте түштү. Ким билет, балким, өмүрүндө мынчалык уялбаса керек. Бир топтон кийин башын көтөрүп, Илимбек өзүн тиктеп турганын көрдү.
– Аскат кетип калдыбы? Ал чындап кетип калдыбы?
– Ооба, сенин дары ичип алганыңды көрүп «Тез жардамга» чуркадым. Анан атаң менен байланышканда ал Аскатты узатып аэропортто жүргөнүн айткан эле. Менин оюмча, учуп кетти.
– Демек, кеткен экен да...- деди күбүрөгөн Данек.
– Ал кайра келет!
Илимбек бул сөздү ушунчалык ишенимдүү айтканына Данек башын көтөрө тиктеп калды. Үйлөнгөндөн бери анын жүзүнө тиктебеген экен. Убайым баскан муңдуу көздөр... Мындай көздөрдү көпкө тигилип туруу мүмкүн эмес эле, Данек тез каректерин тартып алды.
– Данек, мен өмүрүмдө бир дагы кишиге башымдан өткөн окуяларды айтып бергим келген эмес. Балким, өтө алсыз адамдырмын же жанда жок өзүмчүлдүрмүн. Бирок сени менен жашагандан кийин гана өзүмдөгү көп кемчиликтерди түшүндүм. Сен мага чаңкоомду баскан таза булак болдуң. Сенин тазалыгыңдан мен өзүмдөгү кир нерселерди, жаман сапаттарымды жакшыраак көргөнгө мажбур болдум. Сенин чыдамдуулугуңду көрүп, жашоого умтулуум пайда болду. Сенин рухуң күчтүүлүгүн көрүп, жашагым келди. Мындан ары эч кимге эч жамандык кылбай, периштедей таза өмүр сүргүм келди. Мен бүгүн Жаратканга ыраазымын, аз күнгө болсо да сени мага ыроолоп койгонуна. Сен айыгарың менен ажырашууга арыз берем. Бирок бир шартым бар.
– Шартсыз сизде эч нерсе болбойбу?
Бутага атылгандай түз суроо Илимбекти аргасыз жылмайтты.
– Кесибим ошондой эмеспи, Данек. Макул, жөн гана адам катары өтүнүчүм...
– Хм...
– Сага башымдан өткөн окуяларымдын баарын айтып бергим келет. Мен дагы адаммын да, мындан ары мындай жүк менен жашай албайм.
–  Мен укканга даярмын.
– Мен Айшанын өлүмү кокустук деп айткан элем. Бирок ал кокустук эмес эле. Өмүр бою өзүмдү өзүм жазаладым. Мен аны өз колум менен...
Илимбек эки колу менен башын мыкчый отура калды. Канча жыл мурун болгон окуя көз алдына тартыла берди.   

  (Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (27)
Warsaw
2013-12-16 14:38:51
Атугул каза болуп калган Аскат учун деп атпайбы,каякта бактылуу болот ал менен???
0
ROUSE
2013-12-16 14:51:26
Warsaw, Азиреттин агасы Аскатты айтып жатат. Бегимай менен Азиреттин Аскаты тируу эле
0
Diana92kg
2013-12-16 14:58:24
мммммммм уже тушунуктуу баары, Аскат менен Данек бирге эле болушат
0
missKadamjai91
2013-12-16 15:33:42
ар дайым коз жашым менен окуйм. канчалык жашымды тыйсам да болбой ыйлай берем. же слишком эмоциональная окшойм
+1
HADICHA94
2013-12-16 16:15:35
наконецто!,тагдыр оюнунда бироолор бактылуу болгону жатат.буйурса эмки жумада окуйбуз,ал бактылуулукту.
0
Aselina_kg
2013-12-16 16:42:15
Эми Илимбек байкенин окуясы башталат экенда
0
eliza89
2013-12-16 18:20:56
Ушу сездим эле да Данектин ооруканада экенин.Эмнеси болсо да окуя жакшы нукка бурулуптур.Бирок экоо Илимбектин окуясы бутмойунчо бактылуу боло алышпайт эми.
0
aidai_05
2013-12-16 18:44:59
кино эле кылып тартышпайт бекен э...?
0
Begai_kg
2013-12-16 19:11:26
aidai_05,
ошентсе жакшы болмок
0
VIK
2013-12-16 20:39:09
ушу Илимбектин суйуусун тим эле койбоптурда
0
dil_bara
2013-12-16 23:34:38
Буторуно аз калыптыр да Илимбектин историясы бутсо
0
asiia03
2013-12-17 01:05:28
Da emne bolso da aftordyn fantaziasu abdan kychtyy eken. jakshu chugarma. Danek menen Askat baktulyy bolsyn emi.Eki jashtun tynyk syiyysy.
0
N.Bakazova
2013-12-17 01:25:07
Ana dagy bir okuyaiyn jany baragy achyldy .
0
KUMU89
2013-12-17 03:38:07
Jakwy eki adamdyn baktysy kaitkansydy. Bir Adam baktysyz boldu birok. Uwundai almai bermei zaman. Biroo baktysyz bolmoi saiyn, ekinchi Adam baktyluu bolo albait. Jawoo balkim uwunsu menen kyzyktyr.
+1
aayjamalka
2013-12-19 17:31:22
Даагы бир жума
0
Kg.baby
2013-12-21 16:18:16
Бул чыгарманы корейлерден биринчи кино кылып тартып алыш керек. Анан башкалар тартып алса, "бул чыгарманы кыргыздар жазса керек элееееее. . ." деп кала беребиз!
0
guli.88.m
2013-12-23 02:04:15
уффффффффффф отттттттттоооооооооо кызыктуууууууууууууууууууууууууууууууу
0
№ 580, 13-декабрь-19-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан