Бишкекте жайгашкан Борбордук Азиядагы Америка университетинен (АУЦА) билим алууну самайсыңбы? Анда сенин кыялың орундалат! Чамда, анткени окуу жай өзүнүн алдындагы Жаңы муун академиясына (ЖМА) 2014-2015-окуу жылына карата кабыл алуу сынагын жарыялады. Сен ал академияда акысыз билим алып, жатаканада бекер жашап, китеп жана зарыл болгон окуу куралдарына муктаж болбой окуйсуң. Университеттен үч маал тамак берилет. Ал эми жыйынтыгында академиянын сертификатына ээ болосуң. Ал үчүн сенден кандай аракет керек?
Алгач АУЦАга келип, академия боюнча маалымат ал. Андан соң керектүү болгон документтерди даярдай башта. ЖМА өзүнө активдүү жана билимге умтулган, англис тилин орто деңгээлде билген, зирек окуучуларды иргеп алат. Академиянын стипендиясын алууга орун чектелүү. Анда 70 талапкердин гана окууга өтүү мүмкүнчүлүгү бар.
Тандоо туру эки баскычтан турат. Кошумчалай кетчү нерсе, документ тапшырып жаткандар Кыргызстандын жараны болууга тийиш жана арыз берген учурда анын аймагында турушу, 11-класстын бүтүрүүчүсү же мектепти ийгиликтүү бүтүргөнүнө эки жылдан ашык эмес убакыт өткөн болуусу зарыл. Кабыл алынган студент окуунун башталышында академиянын толук программасына катыша ала тургандай болуп, башка университеттин студенти болбошу керек. Тандоодо өзгөчө ата-энеси жок же алардын бири жок болгон, социалдык абалы начар үй-бүлөлөрдүн уул-кыздары колдоого алынат. Бирок социалдык абалы чабал үй-бүлөлөргө көмөк болот дегенди чөнтөгү жука үйдүн баласын ала беришет деп түшүнбөө керек. ЖМАда студенттер негизги сабак катары англис тили, математика жана информатиканы тереңдетип окушат.
Алгачкы 70 бүтүрүүчүнүн 56сы бүгүнкү күндө кабыл алуу сынагынан жогорку балл алып, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен АУЦАда акысыз билим алышууда. Ал студенттердин окууда эле эмес, коомдук иш-чараларда активдүүлүгүн кубануу менен айткан ЖМАнын координатору Чолпон айым төмөнкүлөргө токтолду: «Балдарыбыз жакында эле Бишкекте өткөн «Ак илбирсти коргоо» дүйнөлүк форумунда флешмоб уюштурушту. Президенттик аппараттан аларга атайын сертификаттар берилди, бул биз үчүн да сыймык». Балдардын аракети менен түзүлгөн «Англис тилинде сүйлөшүү» клубу жумасына бир күн иштейт. Анда студенттер бир теманын алкагында маектешип, билимдерин тереңдетишүүдө. Мына, бүтүрүүчү, башың кайда оосо, ошол жакты көздөбөгөн, так багытың бар, өзүңө ишенген мыкты болсоң, бул жеңилдиктерден пайдаланып кал. Сен академияны бүтүрүп, бир эле АУЦАга эмес, башка окуу жайга да тапшырсаң болот.
Эгер сенин Бишкекке келип толук маалымат алууга шартың жок болсо, аймактардагы кеңселерге барсаң болот. Мисалы, Ош облустук китепканасынан, Баткен мамлекеттик университетинин Америка борборунан, Жалал-Абад мамлекеттик университетиндеги Америка ордосунан, Караколдогу ЦЭО билим берүү борборунан, Нарындагы облустук китепканадан жана Талас мамлекеттик университетиндеги Америка борборунан сени кызыктырган суроолоруңа жооп ал.
ЖМАнын стипендиясына азыртадан аракетиңди башта. Жаңы окуу жылына кабыл алуу 2014-жылдын 1-февралынан 30-апрелине чейин уланат. Заманбап билимге сугарылып, англис тилдүү, күчтүү жана баалуу адис болгуң келсе, ЖМАга кел! Ал сени жаркын жолго тарбиялайт!
Байланыш үчүн маалымат
Борбордук Азиядагы Америка университети, 710040 Кыргызстан.
Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү-205, 323-бөлмө.
Т.: + 996 (312) 66-10-89; Моб: 0554 55-09-39
Вебсайт: www.nga.auca.kg
E-mail: nga@mail.auca.kg