Баш калаабыздын эң ири «Табылга» соода борбору жалпы бишкектиктерди бул жолу 3-кабатына чакырат. Бул кабаттан сиз үйүңүздүн көркүн аччу пардалардан баштап, жумшак эмеректердин түрүн таба аласыз. Балдар жана чоңдор уктоочу керебеттер, жергиликтүү жана КМШ өлкөлөрүнөн чыгарылган диван-креслолор, ашкана гарнитурлары, баары сиздин үй шартыңыздын ыңгайлуу түзүлүшүнө көмөктөшмөкчү. Андыктан шашылыңыз, «Табылга» соода түйүнүнүн эшиги сиз үчүн дайыма ачык!
«БИЗДЕ БАРДЫК ШАРТТАР БАР»
«Табылга» соода түйүнүнүн 3-кабатында жумшак эмеректерди сатуучу МЭЭРИМ ЖУМАНОВАны кепке тарттык:
– Бул соода түйүндө иштеп жатканыңызга канча убакыт болду?
– Бул жакта 3 жылдан бери соода кылам. Бизге администрация бардык шарттарды түзүп берген, ичи жылуу, жамаат мыкты, айтор, баары бизге ылайыктуу.
– Кардарлар көбүнчө эмеректердин баасына карашабы же сапатынабы?
– Акыркы учурда көбү сапатына карап калышты. Бирок бизде сатылып жаткан эмеректер өтө кымбат деле эмес. Көпчүлүгү өзүбүздөн жасалат, ал эми Украина, Беларустан келген шкаф, керебет, гарнитурлар, албетте, биздикине караганда кымбатыраак бааланат.
– Кардарларга башка дагы кандай өзгөчө кызматтарды көрсөтө аласыздар?
– 3-кабатта сатылып жаткан бардык үй эмеректерин банктан насыяга алса да болот. Албетте, кардарга керектүү суммадагы буюм же эмеректи таап бергенге аракет кылабыз.