БАКЫТ БУКАЕВДИН ӨЛҮМҮНӨ ШЕКТҮҮЛӨРДҮН ЭКИНЧИСИ КАРМАЛДЫ

Үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрында белгилүү шоумен, журналист жана тамада Бакыт Букаев киши колдуу болуп каза тапкан эле. Бир нече күндөн кийин анын өлүмүнө шектүү катары Улан Худайбердиев деген адам колго түшкөн. 10-декабрда Бишкек ШИИББи окуяга катыштыгы бар деп шектелген экинчи адамдын колго түшкөндүгүн кабарлады.

«МЕН ӨЛТҮРГӨН ЭМЕСМИН...»
Бакыт Букаевдин өлүмүнө тийиштиги бар деп шектелгендердин экинчиси, 33 жаштагы ЭЛДИЯР АБДИБАИТОВ төмөндөгүдөй көрсөтмө берүүдө:
– Мен Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Сеңир айылынан болом. Ал күнү Улан деген бала экөөбүз жолугуп калдык. Анан ал мага «жүрү бир жерге барабыз» деп калды. Ал айткан дарекке барган соң Улан үйгө кирип кетти. Мен эшикте күтүп калгам. Уланбек кирип телефон, анан ноутбук көтөрүп чыкты. Мен ал адамды өлтүргөн эмесмин. Кийин Уланбек кир деп чакырганынан кирсем, тиги киши өлүп жатыптыр.

КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ КИШИ АБАКТАН КАНТИП ЧЫККАН?
Элдияр Абдибаитов 2010-жылы да адам өлтүрүү фактысы менен кармалып, Өзгөн райондук соту тарабынан 8 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми 2011-жылы Чүй облусундагы жатак абактардын бирине которулган. Учурда берилген мөөнөттү абакта эмне себептен толук өтөбөстөн эркиндикте жүргөндүгү такталууда. «Элдияр Абдибаитов берген көрсөтмө менен мурда кармалган шектүү Уланбек Худайбердиевдин көрсөтмөсүндө бир топ дал келбестиктер бар. Бул иштер тергөөнүн жүрүшүндө дагы такталат»,- дейт
Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов.

СОТ БҮТКӨН СОҢ БАРДЫГЫ АЙТЫЛАТ
Чоң резонанс жараткан БАКЫТ БУКАЕВДИН өлүмү коомчулукка дагы деле ачыкталбай, сыр боюнча калып жатат дегендер да жок эмес.
– Кылмышка шектүүлөрдү чекесинен колго түшүрүп, тергөө амалдарын жүргүзүп жатабыз. Тергөө бүткөн соң ишти сот карайт. Элге күнөөлүүлөр булар же окуянын себеби мындай болгон деген маалыматтарды соттун чечими менен гана таратууга укугубуз бар. Себеби Бакыт Букаев аты таанымал адам. Анын өзүнө жана жакындарына гана байланыштуу жеке жашоосун коомчулукка жарыялоо шарт эмес. Бул жерде адамдын моралдык укугу тууралуу да кеп болуп жатат,- деген оюн Бишкек ШИИББинин тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Эрнис Үркүнов билдирди.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Б.Букаевдин өлүмү боюнча айтпай турган да нерселер бар"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
eliza89
2013-12-16 17:44:50
Ким олтуртсо,ким олтурсо да оз жазаларын эртерээк алышысын!
0
Gul.08
2013-12-17 00:00:51
Эмнеге адам олтургондорго атууга буйрук жок экен а ....?-буларга окшогондорду атыш керек.
-2
shiko
2013-12-17 03:56:36
Ким кандай ойлоду билбейм, ырчы Микаельдин олуму да табышмак бойдон калды, Букаевдин олуму да табышмак
+3
kg90.2012
2013-12-17 20:20:27
булар эмнеге олтурушот.озунун эле айланасындагылар эле олтурсо керек.уруп мойнуна алдырыштыда.коркуп суйлоп ататго
+3
mairam170792
2013-12-18 01:45:49
акчалуу адам олтургон менин оюмча анпн калп эле экоону элдин оозун жабыш учун тергоо деп убакыт откозуп журушот да!букаевдин олуму бир ноутбук телефончолук эмес бул жерде башка нерсе бар.......!
+4
Rostov-on-Don
2013-12-18 02:42:45
Тем более мындай адамдар менен Бакыт байке байланыш кылбаса керек кебетелери эле подозрительный го...
+2
abusait
2013-12-19 08:55:09
айтылбай турган нерселер бар деп жатышат ко. эмне экенин тушунуп турам.бирок официалдуу жыйынтыкты куто туралы . сабырдуу бололу. бкыттын жаткан жери жайлуу болсун.
0
nazhiev80
2013-12-23 00:33:35
айтылбай турган нерсени менда билип турам бирок муну айтышпайт ,ошондой болушу толук мумкун.
0
femida
2013-12-30 02:14:16
Айтылбай турган нерселер бар дегени кызык болуп жатат
0
admin_superstan
2014-01-02 14:15:43
sabmolder2,
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазуугы тыюу салынат.
5 күнгө БАНга!
0
Luna22
2014-05-20 09:32:43
admin_superstan, бул экоо олтургонго окшобойт олтургон болушсада..... Бакыт Букаевди олтурткон адам башка!!!!!!!!
0
№ 580, 13-декабрь-19-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан