АКШнын президенти Барак Обама жана Улуу Британиянын премьер-министри экөө жосунсуз жорук жасашты. Алар Түштүк Африканын мурдагы президенти Нельсон Манделаны акыркы сапарга узатуу зыйнатынын алдындагы кылыгы менен коомчулуктун талкуусунда калышты.
90дон ашык өлкөнүн башчылары, расмий өкүлдөрү жана жалпысынан 200 миңдей адам чогулган Мандела менен коштошуу иш-чарасында аты аталган эки лидер күлкүсүн тыя албай, чөнтөк телефон менен сүрөткө түшүп жатышты. Обаманын жубайы Мишель Обама жанындагылардын мындай адамгерчиликсиздигине нааразы болгондой түр көрсөтүп отурганын сүрөттөн көрүүгө болот. Бул сүрөт Даниянын премьер-министри Хелле Торнинг-Шмитт тарабынан тартылып алынган.