Төшөктөш шериктер көндүм нерседен тажап, жаңы нерсеге умтулуп келери анык. Мындай кыйынчылыкта «Камасутра» сиздерге жардамга келет.
Бул илим тууралуу кыскача...
“Камасутра” дегенде эле көз алдыга төшөк ыкмаларынын түрлөрү жазылган байыркы индиялык китеп тартылат. IV кылымда жашаган Ватьсяна аттуу индиялык философ бул эротикалык китептин негиздөөчүсү. Ал өзүнүн китебинде адамдарды жыныстык мамиледе да маданияттуу, билимдүү болууга үйрөткүсү келген. Демек, «Камасутра» сексуалдык ыкмалардан сырткары, чыныгы сүйүүнүн жаралуусуна, аны түбөлүк сактап калууга жардам берүүчү китеп болуп саналат.
“Камасутрада” канча ыкма бар?
Маалыматтарга караганда, баштапкы классикалык “Камасутрада” 64 ыкма болгон. Учурда “Гомосексуалдар үчүн Камасутра”, “Айдоочулар үчүн Камасутра, “Кеңсе кызматкерлери үчүн Камасутра” жана башка бөлүмдөр менен толукталган.
«Камасутраны» эмне үчүн үйрөнүү керек?
Төшөктө түрдүү ыкмаларды колдоно билүү, түгөйлөрдүн ортосундагы мамилени бекемдейт. Өзгөчө бир нече жыл никеде турган жубайлар үчүн өтө пайдалуу. Анткени төшөктөгү ар бир жаңы ыкма түгөйлөрдөгү сезимди кайра жандандырып, унутулгус мүнөттөрдү тартуулайт.
Өзгөчөлүгү
Индиялыктар “бактылуу нике төшөк катнашынан көз каранды” дешкен. Статистикалык маалыматтар боюнча карап көрсөк, ажырашуулардын 88 пайызы төшөктөгү төп келишпестиктен келип чыгат. Ал эми түгөйлөрдүн төшөктө бири-бирин түшүнүүсү бактылуу нике менен аяктайт.
Сексте аял менен эркектин жыныстык органдарынын чоң-кичинеси да ролго ээ. Тактап айтканда, “алигинин”, клитордун, эмчектин, дененин арыктыгы жана толуктугу да кандайдыр бир деңгээлде төшөккө таасирин тийгизбей койбойт. Жыныстык органдар да ар бир адамда ар кандай формада болот. Өлчөмүнө жараша да аталыштарга ээ. Мисалы, эркектердин “алигисинин” узун, кичинесине карата: “Коён”, “өгүз”, айгыр” жана башка, аялдардыкы «алигисинин»тереңине жараша: “Аркар”, “уй”, “жылкы” сыяктуу жаныбарлар менен салыштырылып аталган.
Белекке бериңиз
«Камасутрадагы» ар кандай ыкманы чагылдырган эротикалык сүрөттөрдү барактап отуруп эле дене-башыңыз чыңалып, дүүлүгүп чыгууңуз мүмкүн. Эң башкысы, бул китеп сиздин сүйүктүү адамыңыз үчүн да керемет белек болуп бергенге жарайт.
Өзүңүзгө жаккан ыкманы тандап алыңыз
Изилдөөлөргө караганда, эркектер аялдын жыныс кынына, алигисин канчалык терең киргизген сайын болуп көрбөгөндөй рахатка малынып, айымын да бактылуу кылат. Андыктан “Камасутрадагы” 5 ыкма тууралуу кыскача.
• Айым чалкалап жатат да, буттарын өйдө көтөрөт. Эркек тизелеп отуруп, айымдын эки бутунун ортосуна кирип, төшөк оюнун баштайт.
• Айым дене-башын бош коюп, чалкасынан жатат. Ал эми эркек анын үстүнө салмагын таштабагыдай болуп узунунан жатат да, кумарга бата баштайт. Айым эки бутун кыймылдатуу менен, шеригинин “алигисин” “алигиси” менен кысып, кайра бошотуп турганга аракеттениши керек.
• Эркек чалкасынан жатат. Айым анын үстүнө чыгып, кошулуу үчүн эки колу менен жерди таянып, артты көздөй чалкалайт. Бул ыкмада айым көбүрөөк кыймылдоосу кажет.
• Эркек бир бутун бүгүп, экинчи бутун сунуп отурат. Айым анын алдына отуруп, ийининен бекем кучактайт. Эми эркек колун артка таштап, жерге таянат. Эркек “алигисин” тереңирээк киргизүүгө аракет кылуусу зарыл.
• Айым төрт аяктап турат. Мында эркек “бейиш багына” артынан кирет. “Алигисин” аялдын жыныс кынына киргизгенден кийин аялдын эки бутун колу менен кармап көтөрөт. Ишти туруп алып жасайт. Мындай ыкманы колдонуу менен ашыкча салмактан арылууга да болот.
“Камасутра” эмнеси менен кооптуу?
Айрым төшөк ыкмалары физикалык жактан даяр адамдарга арналган. Маалыматтарга караганда, “Камасутрадагы” 40 ыкма гана төшөктө тажрыйбасы аз түгөйлөр үчүн арналган. Калган ыкмаларды физикалык жактан даяр эместер колдонсо, дене мүчөлөрүн жаракатка учуратуулары мүмкүн. Көбүнчө моюн, омуртка, жыныстык органдар дегендей. Андыктан өзүңүзгө ылайыктуусун тандап алыңыз.
Кызыктуу
• Бул классикалык трактат кылымдар бою талаш-тартуу жаратып келген. Британиялыктар Индияны багынтып алган маалда “Камасутранын” кеңири жайылышына каршы чыгышкан.
• 19-кылымда Ричард Бертон аттуу изилдөөчү жашыруун түрдө англис тилинде которуп чыккан. Мына ушул күндөн тарта китеп дүйнө жүзүнө маалым болуп, кеңири жайылган.
Астра Айдарова
erotika@super.kg