ТАГДЫР ОЮНУ-3

(Башталышы өткөн сандарда)

Данек бул окуяны уккусу деле келген жок. Мындан ары ал Илимбектин окуясын тургай өзүн көргүсү келбеген абалда эле. Бирок сөз бергенден кийин укканга аргасыз болду. Илимбек көзүн жумуп, ошол окуяларды азыр көрүп жаткандай берилүү менен айта баштады.
– Менин алдымда бир топ максаттар, бийик тилектер бар эле. Мен дагы сен сыяктуу бактылуу болгум келчү. Бирок тагдырым мага жалгыздыкты жазып коюптур. Айшаны биринчи курста, кайсы бир студенттик балда кезиктирдим. Назик, конуп турган көпөлөктөй көркөм кыз эле. Көздөрү ушунчалык таза жана ишеним менен карачу. Көп жыл өтүп, сен кабинетиме кирип келгениңде мен кайрадан Айшаны көргөндөй болдум. Көп жылдан бери тымтырс болуп үн катпай калган жүрөгүм биринчи жолу дирилдеди. Ишенчээк, баёо жүзүң менен караганыңда алдымда эбак каза болгон Айша тирилип келип өтүнүп жаткандай болду. Жүрөгүм тыбырчылап «таптым, таптым» деп жатты. Менин биринчи жаңылыштыгым ушунда эле.
– Сиз мен тууралуу эмес, Айша тууралуу айтып баштагансыз,- деди аста гана Данек.
– Кечир, сөзүмдү башка жакка буруп жиберипмин. Ошентип, мен Айша аттуу кыз менен «оорудум» да калдым. Бассам, жатсам, турсам да Айша! Акыры бардык күчүмдү, акылымды, куулугумду салып жатып ага жакындай баштадым. Мурун башын чулгуй басып кетчү кыз кийин мага ылым санап, кээде сабактарын чогуу даярдап калчу болду. Бирок баары бир жүрөк түпкүрүнөн мен деген ысык сезимди көрө албадым. Ошентсе да үмүтүмдү үзгөн жокмун.
– Илим, сен өтө таланттуу, мыкты жигитсиң. Көп кыздар сени жакшы көрүшөт. Эмнеге сен аларга көңүл бурбайсың?- деп калчу Айша.
– Мүмкүн, менин бактым болчу кыз жанымда отургандыр...
– Жоок, мен сага татыктуу эмесмин. Анын үстүнө...
Айша бир нерсени айткысы келди, бирок мен сөзүнүн аягына чыгарбай аны колдон ала сөздү башкага бурдум. Кээде адам өзүнө жакпаган чындыкты таптакыр уккусу келбейт экен. Асыресе эркектер ушундай болот көрүнөт. Мен да Айша ачылып бир нерсе деп бара жатканда дайыма сөз төркүнүн башкага буруп жиберчү элем. Бечара же мени аядыбы, же күткөн адамына ишеним артпадыбы, так кесе башканы сүйөрүн мага айта албады. Жашап кете алабыз, тигини унутат деген ой менде күчтүү эле. Бирок чыныгы сүйүү таптакыр унутулбасын кийин мен өз башыман өткөндө гана билдим.
– Айша, менин жарым болгонго макулсуңбу? Мен сенсиз жашай албайм...
Бир күнү так кесе ушинтип айттым. Ал көзүн бакырайта тиктеп алып, башын чайкай берди.
– Эмнеге?
– Сен өзүң деле билесиң го, мени кыйнап сурай бербечи. Сен менин эң жакын адамымсың, Илим. Сен менин досумсуң, бир тууганымсың, бирок мен баары бир аны унута албайм.
– Ал баары бир сага кайрылып келбейт!- деп бакырып жибердим.
– Ким айтат? Кимдин былжыраганын угуп жүрөсүң?- деди ал өңүнөн кете кубарып.
– Кыз жандуу акмак экен аның, баары айтып жүрүшөт. Ал сага кайрылып келбейт! Кечээ биздин курстун балдар-кыздары айтты. Аны деген...
Айша кулагын жаба калды. Сүйүктүү адамыңа жанына баткан катуу сөз айтыш оор экенин билгеним менен, катуу айттым. Айша менден мындай катуу сөздү күтпөсө керек, эки колу менен бетин басып ыйлап жиберди. Бир топко өксүп ыйлады. Же кетип кала албай, же жанында отура албай мен кыйпычыктап басып жүрө бердим. Бир кезде жашын сүртүп ордунан турду да, мага жакын келди.
– Жүрү кеттик,- деди ал улутуна.
– Таарынып калдыңбы?- дедим колдорун кармалап.
– Жок, сен болгону чындыкты айттың. Мен өзүм күнөөлүүмүн. Илим, сен кандай катуу айтсаң да, кандай болсо да мен андан баш тарта албайм. Баары бир мага кайрылып келчүдөй сезилет. Ал жеңил ойлуу болгону менен, түпкүрүндө мени сүйөрүн билбей жатат. Мен ошол күнү, ал мага кайрылып келген күнү эркин болбой каламбы деп корком. Мен аны чын эле жакшы көрөм.
– Анда кемпир болгончо күт!
Бурк эте силкинип кетип калдым. Жаным катуу жабыркады, намысым андан кыйнап, эмне кыларымды билбей жүрдүм. Чындыгында, мен Айшадай адамды жолуктурбадым. Кишиге бир жамандыгы жок, жаркылдаган жан эле. Экөөбүз жанагыдай урушуп кеткенибиз менен, бир жума өтпөй кайра табышып алдык.
– Илим, сенсиз күндөр өтпөй калды, экинчи урушпайлычы,- деп жаркылдады ал.
Мен да андан баш тартып басып кете албайт элем, кайрадан аркандын эки учундай сүйрөлүп жүрө бердик. Айшанын жүрөгүн эзген жигит музыкант эле. Ошол кезде жылдызы жанып, теңирин тааныбай турган неме Айшанын сезими менен тек гана ойноп жүргөнүн билчүмүн. Кээде муунтуп өлтүрүп салып, мына эмесе деп басып кетким келчү. Ошентип, студенттик жылдар өтүп бара жатты. Айша деген «оорум» басылмак тургай кайрадан күчөдү. Эми аны таптакыр бура бастырбай ээрчип алганга өттүм. Ушундай күндөрдүн биринде мен ага айтпай ала качып кеткенге белсендим. Айша эч кандай деле каршылык көрсөткөн жок. Бир гана өңү бопбоз болуп, жоолукту мыкчый кармап башына салдырбай туруп алды. – Кой, кызым, мени сыйла, жаман жерге бүлө болгон жоксуң,- деген апамды жаш толгон көздөрү менен карап туруп башын чайкай берди да, аргасыз мыкчып турган жоолукту колунан бошотту. Ошентип, мен көксөгөн тилегиме жеттим.
– Сиз баарына күч менен жетем деп ойлойсуз,- деди Данек көз жашын аарчый.
– Сен ыйлап жатасыңбы? Кечирип кой, балким, башка жолу улунтармын...
– Жок, уланта бериңиз...
Илимбек оор күрсүнүп алып, андан ары сөзүн улады.
– Менин аздыр-көптүр бактылуу күндөрүм башталды. Айша мен күткөндөн да мыкты жубай болду. Кайната-кайненеси да өз кызындай жакшы көрүшчү. Бир аз убакыт өткөндө заманбап үлпөт тоюбузду белгилемек элек. Канчалык Айша каршы чыккан сайын мен тойду өткөрөбүз деп туруп алдым. Ошол күн таптакыр эсимден кетпейт. Таң эрте туруп, апакай көйнөгүн боюна ченеп жаткан Айша бактылуу жылмая берди.
– Илим, сага сюрпризим бар. Бирок той бүткөндөн кийин айтам.
– Айтчы азыр эле...
– Жок, анда сюрприз болбой калат, той бүткөндөн кийин айтам...
Боорума кысып өпкүлөп алып сыртка чыгып кеттим. Биздин тоюбуз болгон күн эң бактылуу да, каргашалуу да күн болду. Шаарыбыздагы чакан кафелердин биринде тоюбуз өз нугунда өтүп жаткан. Бир кезде куттуктоолорду кабыл алып жатып Айшанын өңү бозоруп, ырчылар ырдап жаткан жакты тиктеп калганын байкадым. Мен да көз жиберип алып, каным дүргүй түштү. Айшаны кусалуу тиктеп баягы музыканты турган экен. Муштумдарым түйүлө, каным башыма тээп чыкты. Өз тоюм экенин унутуп, барып өз колум менен муунтуп өлтүргүм келди.
– Ырчы Мукай өзү суранып Илимбектин тоюна ырдап берем деп келиптир!- деп жаткан тамаданын сөзүн кулагым араң чалды.
Музыка кетти! Жетпей калган сүйүү тууралуу муңкана ырдап жаткан ырчыны бир өлүп, бир тирилип тиктеп турдум.
Ал болсо Айшадан көзүн албайт! Кызганыч алкымымды бууп, өзүмдү араң токтотуп турдум. Кубанган урук-тууган, ата-энеден гана ыйбаа кылып өзүмдү кармадым. Көз кыйыгым менен Айшаны тиктесем, анын көздөрүнөн жаш сарыгып турган экен! Ошол көз жаш баарын жууп кетти...     
 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
Nice0101
2013-12-23 15:05:54
Maga bargan saiyn az jazylganday sezilip atat...
Ilimbektin jasagan iwteri jakpaytat!
0
eliza89
2013-12-23 18:05:27
Данек бул окуяны уккусу келбесе,мен окугум деле келген жок.Илимбек озунун кызыкчылыгын эле ойлогон адам экен.
0
Beka90
2013-12-23 20:02:04
Ушул кадимки телевизордого кунумдук сериал болуп калса ээ! Жыргайт элекооо.
0
shanushka
2013-12-23 20:44:41
emne myncha kyska jazdyzdar???
0
zeta
2013-12-23 21:13:44
Адам озуно жакпаган
0
Begai_kg
2013-12-23 21:39:19
ууууууууууффффф
0
tynar92kg
2013-12-23 23:30:43
Кутуш керек кайрадан
0
Ханбийке
2013-12-24 00:41:09
выыыыый кызганып эми Айшаны оз колу менен олтурот окшойт(((((((
0
Ulanbek1992
2013-12-24 01:16:02
Мен бир да комент жазбай аягына чыгарайын дедим эле бул чыгарманы, бирок болбоду... Чындыгында аз жазыпсынар, бирок ушул жагына да рахмат)) Илим жонундо айта турган болсом, туура кылбай жатат, Данектен умутун узуп, унутуп кетиш керек.. Эркек менен аялдын ортосун да туугандык жакындыктан башка жакындык болушу АНЧА эле болушу мумкун эмес та) себеби жакын болсо Ар дайым Данекти ойлой берет, коргусу келет, суйлошкусу келет ... N келет. мен ошентип ойлойм.
0
Kg.baby
2013-12-24 01:16:03
Супер "тагдыр оюну" чыгармасынын биринчи серияларын кайдан тапсам болот? Архивди карасам Аскат олгондон кийинкилери жазылыптыр. Ага чейинки серияларын кантип тапсам болот?
0
admin_media
2013-12-24 11:16:03
Kg.baby,
Саламатсызбы! Чыгарманын баардык бөлүгү жогору жакта көрсөтүлүп турат. http://www.super.kg/article/?article=6971 бул биринчи бөлүгү.
0
madagaskar
2013-12-24 05:14:39
эхх кызгануу сезимин адам баласына эмнеге жаратты экен? Аял кишиге эле берип койсо болмок кызганыч сезимин.Биз эркектер кызгануудан олтуруп коюудан да кайтпайбыз...
0
Perishtem
2013-12-24 08:54:55
Журогум ооруп кетти...
0
HADICHA94
2013-12-25 18:52:51
Илимбек историясын Чубактын кунундай чойбой,эки ооз соз менен ушул сериасында эле айтып бутуруп койсо болмок.эмки сериасында опять Илимбек жонундо(((.Автор-бизге Данек менен Аскаттын бактылуу суйуусун жазынызчыыы
0
Ali_kremil91
2013-12-27 14:15:20
super info jomok bolup ketugo tezdetkilechi aiagyna chygalychy batyraak
0
Ylykbek1990
2013-12-28 12:05:34
мага аябай жагат маанилуу чыгарма бир дагы санын калтырбай окуп келем
0
№ 581, 20-декабрь-26-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан