Орусия «Манас» жана «Ош» аэропортторун иштетүүнү сурады. Бул тууралуу 17-декабрда кыргыз-орус өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Анын айтымында, эл аралык «Манас» аэропортундагы Транзиттик жүк ташуу борбору 2014-жылы июль айында ишин токтоткондон кийин Орусиянын авиакомпаниялары менен активдүү кызматташтык башталат. Кыргызстан «Манас» аэропортунун базасында эл аралык жүргүнчү жана жүк ташуучу авиахабды түзүүгө ниеттенип жаткандыгы да айтылды. Орусиялык «Новапорт» ишканасы аталган аэропортторду узак мөөнөттүү ишенимдүү башкарууга берүүнү сунуштаган. Ага ылайык, орусиялык компания аэропорттордун учуу-конуу тилкелерин, терминалдарын өнүктүрүү жана логистикалык борбор куруу милдетин алат. Комиссиянын жыйынында эки өлкөнүн өкмөттөрүнө бул багыттагы келишимди иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg