Кээ бирөөлөр жылкыны жакшы көрсө, башкалары ит, мышык дегенде үзүлүп түшүшөт. Айрымдары экзотикалык жаныбарларды кароодон ырахат алышат. Мына ошол экзотиканы да, сулуулукту да, жөнөкөйлүктү да бир убакта өзүнө камтыган аквариумду үйүңүзгө койгуңуз келсе, төмөнкүлөрдү билип алыңыз.
Балыктарды жайгаштырууда суунун көлөмү эске алынат. 1 сантиметр балыкка 1 литр суу жетиштүү. Аквариум балыктары жырткыч (цихлид, сом, жылан баш жана башкалар) жана жөнөкөй (гуппи, меченосец жана ушул сыяктуулар) деп экиге бөлүнөт. Жөнөкөй балыктар жырткычтар менен чогуу жашай алышпайт. Анткени жырткыч балыктар жөнөкөй балыктарды жеп коюшат.
Өсүмдүк. Аквариумдун ичине криптокорин, элодея, валлиснерия (бийиктиги 1-1,5 метрге жетет), мох деген атайын чөптөр салынат. Башкаларды балыктар жеп коюшу ыктымал.
Жарык берүү. Лампаны түн ичинде өчүрүп коюу керек. Анткени балыктар караңгыда укташат.
Суусу. Сууну кирдешине карата жумасына 1 же 2 ирет алмаштыруу керек. Канчалык балык көп болсо, ошончолук суу тез кирдейт. Эски суунун төрттөн бир бөлүгүн калтыруу шарт. Аквариумдун ичинде аэратор же фильтр (сууну соруп алып губкадан өткөрүү жолу менен тазалоочу жабдык) болушу керек.
Баалары. Аквариумдун идишинин Бишкек шаары боюнча баасы 300 сомдон 46 000 сомго чейин. Алар сапаты жана көлөмү менен айырмаланышат. Ал эми ичине салынуучу балыктар жана чөптөр түрүнө жараша бааланат.
Жеми. 1 күндө 1-2 жолу гана берген оң. Ар бир балыктын өзүнүн жеми сатылат. Бирок бир аквариумда бир нече түр балык жашаса, баарын бирдей эле тамак менен багууга болот. Андан тышкары жайкысын чалкан, каакым жана башка дары чөптөрдү кургатып алып витамин катары берип турган жакшы.
Жарык берүү. Лампаны түн ичинде өчүрүп коюу керек. Анткени балыктар караңгыда укташат.
Температурасы. Температураны белгилүү өлчөмдө сактап туруу үчүн градусник болуусу шарт. Сууну 20-28 градустун ортосундагы жылуулукта кармоо керек. Андан тышкары ар бир балыктын өзүнүн өзгөчөлүгү да каралат. Мисалы, сом, алтын балык суукка чыдамдуу болсо, дискус 26 градустан төмөн температурада өлүп калат. Андыктан ар бир аквариумда градусник болушу зарыл.
Көбөйүшү. Жалпысынан икра чачкандар жана тирүү туугандар деп экиге бөлүнөт. Тирүү туугандардын айрымдары ай сайын же 40 күндө бир туушу мүмкүн. Бир балык эң аз дегенде 15, эң көбү 200дөн ашык тууй алат. Ал эми икра чачкандар 18-62 күндө бир чачышы ыктымал. Чабактарды өзүнчө бөлүп да, энеси менен чогуу да чоңойтууга болот.
Кыртышы. Кесек кум, майда таш же шагылдан кыртыш төшөлөт. Кызыл гранит жана кыштын сыныктары сунушталбайт. Биринчи функциясы кооздук үчүн болсо, экинчиси майда балыктарга чоңдорунан сактаныш үчүн коргон да болот.
Идиши. Аквариум идиши формасы жана көлөмүнө карата айырмаланат. Андан тышкары айнектен же органикалык айнектен (желим) жасалышы мүмкүн. Көлөмү ичинде жашай турган балыктын санына жана кооздоочу нерселердин өлчөмүнө карата тандалат.
КЫТАЙ ИМПЕРАТОРУНУН ЭРМЕГИ
«Аquarium» – (aqua– суу) латын тилинен «сугаруу» деген маанини билдирет. Расмий түрдө ал 1841-жылы англиялык окумуштуу Н.Вард тарабынан ойлонуп табылган. Бирок ага чейин эле 1369-жылы Кытай императору Хунъу кооздук үчүн балыктарды кармагандыгы жана ал үчүн атайын фарфор идиштерди жасаткандыгы тууралуу маалыматтар бар. Бул иш менен алектенүү аквариумистика деп аталат.
КЫЗЫКТУУ
БАЛЫК ДАРТКА ДАБА БОЛОТ
Бала кезинен жаныбарларга жакын болгонун айткан каарманыбыз «Кыргызстандагы алгачкы кыргыз аквариумист мен болдум окшойт» дейт. Анда кеп учугун сүрөтчү-скульптор жана балык сүйүүчү Балтабай Абдылдаев улантсын:– Кичине кезимде көлчүктөн кармап келген балыктарды дагарага салып бакчумун. 1987-жылы окууну аяктап борборго келип калдым. Ошондон тарта бүгүнкү күнгө чейин балык кармайм. Бул иш менин хоббим жана кесибим деле болуп калды көрүнөт. Табигаттын кооздугун ким гана жакшы көрбөсүн? Карап отуруп капалыктан да арыласың. Балыктардын жардамы менен стресс, психикалык оорулардан арылууга болот. Акыркы жылдары балыктарым өтө көбөйүп кеткендиктен, сатыкка да чыгара баштадым. Андан тышкары жылына 150дөн ашык кишиге балыктын чабактарын суу менен кошо ичирип, сарыктан дарылап келатам.
АДИСТЕН КЕҢЕШ
Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg