Жыйынтыкталып жаткан жыл бир катар резонанстуу окуялар менен коштолду. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушу, «Кумтөр» кенине байланыштуу митингдер айрым чиновниктерди кызматсыз калтырды.
ЖЫЛДЫН ЧЕК АРАДАГЫ ЧЫРЛАРЫ
ЖЫЛДЫН РЕЗОНАНСТУУ ОТСТАВКАЛАРЫ
Быйылкы жылы жаңы муундагы саясатчы экенин көрсөтүү менен кызматын таштап кетүүгө батынгандардын алгачкысы социалдык өнүктүрүү боюнча министр Кылычбек Султанов болду. Ушул жылдын 12-апрелинде социалдык блоктун куратору, вице-премьер Камила Талиева жыйын өткөрүп, карамагындагы министрлерди жана алардын орун басарларын сынга алып, өз жоопкерчилигин аларга түртө салуунун амалын кылган эле.
Апрель айында кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн эрте түрмөдөн бошоп, өлкөдөн тез арада чыгып кетүүсүн иликтөө боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Болот Шер баштаган комиссия түзүлдү. Анын мүчөсү Жоомарт Сапарбаев 17-апрелде «Батукаев чет өлкөгө учуп кеткен учакты Шамиль Атахановдун уулу Данияр Атаханов жетектеген компания тейлеген» деп айтып чыкты. Ушул эле күнү кызматтан убактылуу четтеп туруу боюнча арыз жазган вице-премьер 13-май күнү кайра кызматына кайтып келди.
2-декабрь күнү Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловго Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Башкы көзөмөл органы тараткан маалымат боюнча, 2011-жылдын 3-октябрында Иса Өмүркулов жетектеп турган Бишкек мэриясы тарабынан «Дайыр Асанов атындагы «Жеңиш» сейил багынын чек арасын бекитүү жөнүндө» токтом чыгарылып, ага ылайык, сейил бактын аянты 14,22 гектарга (анын ичинде жеке адамдардын убактылуу колдонуусуна 3,0144 гектары бөлүнүп берилген) кичирейип кеткен. Жыйынтыгында сейил бакка тиешелүү жер тилкесинин бир бөлүгү жалпы зонадан мыйзамсыз чыгарылган. ЖЫЛДЫН СОТТУК ПРОЦЕССТЕРИ
«Мыйзамдагы ууру» макамы бар Азиз Батукаевди 9-апрелде Нарын шаардык соту Улуттук гематология борборунун кызматкерлери койгон «курч лейкоз» диагнозуна таянып мөөнөтүнөн мурда бошотту. Бул окуя өлкөнү бир топ чууга салды.
Бул жылы соттук чечимдердин арасында актоолор да болуп жатты. Эске салсак, 2012-жылы 3-октябрда «Кумтөр» кенин улутташтыруу максатында тынч митинг өткөрүлүп, андагы аракеттери үчүн «мамлекеттик бийликти басып алууну көздөдү» деп Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов абакка алынган эле. Биринчи Май райондук соту 29-мартта Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду 1 жыл 6 айга, Талант Мамытовду 1 жылга кескени менен, 17-июнда апелляциялык арызды кароодо Бишкек шаардык сотунун судьялары айыпталуучуларды сот залынан бошотту. Бул актоону көп узабай Жогорку Сот жокко чыгарды. Акыркы инстанциядагы соттук чечим 6-августта угузулуп, анда Биринчи Май райондук соттун өкүмү күчүндө калтырылды. Ошентип, үч депутат 20-августта БШК тарабынан мандатынан ажыратылды.
Былтыр жыл аягында «Манас» аэропортунан кармалган кримчөйрөнүн дагы бир чоң «кити» Камчы Көлбаевге кылмыш иши козголгон эле. Ага «адам уурдоо», «бийликтин өкүлдөрүнө кысым көрсөтүү», «мыйзамсыз баңгизат сактоо» сыяктуу бир нече оор беренелер боюнча айып тагылып жаткан. Соттук отурумга чыкыя, стилдүү кийинип келип жаткан Көлбаевди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 18-октябрда 5 жыл 6 айга эркинен ажыратты. Чечимге макул болбогон прокуратура шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган эле, 24-декабрда экинчи инстанциядагы сот Көлбаевдин жазасын дагы 2 жыл 6 айга кыскартып, 3 жылга эркинен ажыратты.
Жыл башынан бери айтылып келе жаткан имиш чынга айланып, Жогорку Кеңештин депутаты, экс-спикер Ахматбек Келдибековго «коррупция» жана «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, 20-ноябрда камакка алынды. Аны колдоп Бишкекте, Ошто, Алайда бир катар чоң митингдер өттү. Бишкектин Октябрь райондук соту депутатты 19-январга чейин УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарды. (Уландысы кийинки санда)
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg