Премьер-министрдин буйругу менен 20-декабрь күнү Жаза аткаруу кызматын жетектеп келген Зарылбек Рысалиев кызматынан алынды. Рысалиев бул боюнча комментарий бере элек.
2010-2012-жылдар аралыгында ички иштер министри болуп турган Рысалиев Апрель окуясындагы талап-тоноочулук фактылары боюнча Жогорку Кеңештин айрым депутаттарын айыптап чыккан болчу. Бирок бул иштин аягы дайынсыз бойдон калган. Анын кызматтан алынуусуна кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу, Бишкектеги №1-СИЗОдо ачкачылык акциясынын орун алышы себеп болушу ыктымал. Батукаевди абактан алып чыккан унаалардын биринде Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев кримтөбөлдү аэропортко чейин коштоп барган. Рысалиев муну «жолдо бирөө-жарым атып койбосун деп кайтарып бардык» деп түшүндүргөн болчу.
Эльвира Караева
politika@super.kg