ЖАҢЫ ЖЫЛДЫН СИМВОЛУНА АЙЛАНГАН ҮЧ КААРМАН

Жаңы жылдын «визиттик карточкасы» болгон бул тасманы ар бирибиз көрсөк керек. Ким болбосун бир эмес, жүз жолу да көрүүдөн тажабаган «Тагдырдын тамашасы же жеңил парыңыз менен!» фильминин бир түндө легендага айланган үч каарманы дагы деле популярдуу.

АТАКТУУЛУГУ ЖАШООСУНА ТОСКООЛ БОЛГОН АНДРЕЙ
Толук аты-жөнү – Андрей Мягков
Туулган жылы, күнү – 1938-жыл, 8-июль
Тартылган тасмалары – «Тагдырдын тамашасы же жеңил парыңыз менен!» (Евгений), «Кызматтагы сүйүү» (Анатолий Новосельцев), «Гараж» (Семён Хвостов) жана башкалар
Сыйлыктары – РФнын Эмгек сиңирген артисти (1976), Лукашиндин ролу үчүн СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы (1977), РФнын Эл артисти (1986) жана башка жогорку сыйлыктарга татыган

Тасмада бири-бирине куп жарашкан Барбара менен Андрейди жашоодо да ысык мамилелери бар деп шекшигендер болгон. Актёр мындай кепти четке кагып, «Брыльскага мен кызыккан да эмесмин, менин жүрөгүм бир гана айымга, жубайыма арналган» деп айтчу. Жубайы актриса Анастасия Вознесенская анын актёрдук карьерасына жол ачып берген. Анастасияны театрга жумушка чакырышканда «жолдошум менен гана барам» деген шарт койгон экен. Бирок театрга кабыл алынганы менен, Мягковдун иши жүрүшпөй, баш айланткан атак-даңкты 10 жыл күтүүгө туура келет. Актёр күткөн саат 1976-жылы 1-январда тасма экранга чыкканда каккан. Фильм элге көрсөтүлөрү менен Андрейдин атагы алыска тарап, жылдызга айланат. «Тасмадан кийин эл катары көчөдөн баш көтөрүп баса албай калдым. Атактуулугум менин кең-кесири жашашыма абдан тоскоол болду» дегени бар.
Ал тасмада чоркок, көңүлү бош, ичимдикке жакын мырзанын ролун жаратса, жашоодо анын карама-каршысы. Спирт ичимдиктерине көңүл кош, мончого барганды жактырбайт.  
Актёр жубайына 1964-жылы баш кошуп, 50 жылдан бери жашоонун ысык-суугун бирге татып келишет. Ортолорунда бала жок болсо да, сүйүүлөрү мурункудай күчтүү бойдон. Акыркы кезде легендарлуу актёр детектив жазуу менен алектенет. «Аялыма кызыктуу адабий китеп жетишпегенинен детектив жаздым» деген Мягков эмгектеринин баарын жубайы Анастасияга арноодон тажабайт.

АТАКТАН АЙТЫП, БАКЫТТАН АЙТПАГАН БАРБАРА
Толук аты-жөнү – Барбара Брыльска
Туулган жылы, күнү – 1941-жыл, 5-июнь
Тартылган тасмалары – «Тагдырдын тамашасы же жеңил парыңыз менен!», «Тагдырдын тамашасы. Уландысы» (Надежда) жана башкалар
Сыйлыктары – СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы (1977), Польшанын Кайра жаралуу ордени (1985), «Сулуулук иконасы» (2008) жана башкалар

Ажарлуу, эмоционалдуу Барбара Брыльска СССР киносуна 1975-жылы 1-январда келип, ошону менен советтик болуп кала берди. Тасма жарыкка чыккандан кийин 31 жыл бою актриса тасмадагы имиджин өзгөрткөн эмес. «Мен 70тей тасмага тартылдым. Бирок бири да «Тагдырдын тамашасы» тасмасындай атак бере алган эмес. Анын мыктылыгынан бир түндө баары мени сүйүп калышты» деп айтып келет актриса. Алгач Надянын ролуна Советтер Союзундагы менмин деген сулуулар, алардын арасында ырчы Людмила Гурченко да талапкер болушкан. Орус тасмасы аркылуу атактуу болуп чыга келген актрисаны мекендештери жактырбай, жадакалса ага көпкө чейин роль бербей коюшканы айтылат.
«Сулуу айымдарды бактысынан кем кылып коёт» деген кеп ырас белем, актрисанын жолу сүйүү жаатында ийгиликсиз болгон. Тасмада тагдырдын тамашасы менен анын үйүнө келип калган Женяны алгач жек көрүп, кетиргенче шашат. Бирок сүйлөшө келгенде анын жакшы адам экенине көзү жетип, аягында ортолорунда сүйүү жаралат. Чыныгы турмушта актриса башкача. «Мен Польшанын эң келишимдүү мырзаларын тандачумун. Өзүмдү келишимсиз жигит менен элестете албайм» деген Барбара мырзалардын сырткы келбетине көп маани берчү. Ошон үчүндүр, 5 жолу чоң сүйүүгө кабылса да, эч кимиси ал каалаган бакытты тартуулай алышкан эмес.
Жашоодо үч жолу турмуш курган. Экинчи никесинен бир уул, бир кыздуу болгон. Кызы 21 жашында жол кырсыгынан каза табат. Бул кырсык актриса үчүн чоң сокку болуп, 3 жыл ыйлап-сыктап, дары менен жашап калган. Тагдырдын сыноосун акыры жеңип, учурда болгон күчүн, сүйүүсүн жалгыз уулуна арнап келет.

«МОСФИЛЬМДИН» ДИРЕКТОРУН ТИЗЕЛЕТКЕН ЮРА
Толук аты-жөнү – Юрий Яковлев
Туулган жылы, күнү – 1928-жыл, 25-апрель
Каза болгон датасы – 2013-жыл, 30-ноябрь
Тартылган тасмалары – «Иван Васильевич кесибин өзгөртөт» (падыша Иван Грозный), «Тагдырдын тамашасы же жеңил парыңыз менен!», «Тагдыр тамашасы. Уландысы» (Ипполит) жана башкалар
Сыйлыктары – СССРдин Эл артисти (1976), СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1979), Ленин ордени (1988), РФнын Мамлекеттик ордени (1995) жана башкалар

Легендарлуу актёр Юрий Яковлевди алгач ВГИКке (Бүткүл союздук кинематография институту) «киного жарабайсың» деп албай коюшкан. Актёр болуу тилеги күч жигит Щукин атындагы театралдык училищеге тапшырат. Ал жактан 1-курста актёрдук чеберчиликти «2» деген баага аяктагандыгына байланыштуу окуудан айдалмакчы болуп, мугалиминин «бул жигитти оңдойм» деген кепилдиги менен калат. Андан соң Вахтанг атындагы Академиялык театрда окуган. Алгач Ипполиттин ролун Олег Басилашвили ойномок. Ага атайын формалар тигилип бүткөндө атасы каза таап, анын ордуна актёр издеп калышат. «Барсам Иван Пырьев (ред. «Мосфильмдин» директору) тизелеп келип, «Өтүнөм, Рязановго тартылчы?!» деп суранды». Ошентип, Пырьевдин тизелеп өтүнгөнү бекер болбой, Яковлев легендага айланган Ипполиттин образын жаратып берген. 
Тасмада Юрий Яковлев өтө кызганчаак, сүйүүгө туруктуу мырзанын ролун ойносо, жашоодо, тескерисинче, айымдарга жакын болгонун айтышат кесиптештери. Студент кезинде Кира Мочульская аттуу бийкечке үйлөнөт. Ошол эле учурда кесиптеши Екатерина Райкина менен мамиле куруп, көңүлдөшү кош бойлуу болуп калат. Жубайы мындай чыккынчылыкты кечире албай, күйөөсүнөн кетүүгө аргасыз болот. Ал эми Юрий Екатеринага баш кошуп, бир жыл дегенде аны менен да ажырашып тынат. Үчүнчү жубайы Ирина Сергеева менен артист 45 жыл чогуу жашаган. Ал акылмандуулук кылып, күйөөсүнүн «сүйүү азгырыктарына» көз жумуп койчу дешет.
Легендарлуу актёр 2013-жылы 30-ноябрда 85 жашында көпкө созулган дарттын айынан ооруканада каза тапты.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Diana92kg
2014-01-06 11:25:33
Юрий Яковлев аябай мыкты актер болчу!! жактан жери жайлуу болсун
0
uluk1982
2014-01-06 11:40:48
Бул кино "Сказка для взрослых", Аракты,сигаретти реклама кылган кино... Режиссеру да орус эмес
0
№ 583, 3-январь-9-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан