Биз социалдык тармакта

ЖОМОКТУН КААРМАНДАРЫНА АЙЛАНГАНДА...

Бала кез кандай сонун?! Мультфильм болобу, жомокпу, ошол дүйнөгө кирип, кыялында ар ким өзү жактырган каарманына айланып алат. Биз жылдыздардын балалыктагы кыялдарына аз да болсо кайрылып, өткөн күндөрүн эске салдык.

Алиман Дүйшөналиева:«МЕНИ ДА ХАНЗААДА СҮЙСӨ ДЕП КЫЯЛДАНЧУМУН»
– Кичинекей кезимде «Күлчү кыз» мультфильмин («Золушка») көргөндөн тажачу эмесмин. Апам дайым «эгер сен менин, атаңдын, агаңдын сөзүн уксаң, күлчү кыздай болуп өсөсүң» дей берчү. Күлчү кыздан таасирленип, үйдү аябай таза кармаганга үйрөндүм. Анын тагдырына абдан суктанар элем, «кийин мен да ушундай ханзаадага туш болсом, мени ханзаада жакшы көрсө» деп. Ал эми күлчү кызга кордук көрсөткөн өгөй эне менен кыздарын жек көрчүмүн. Чоңойгондо билбедимби, ал жөн гана образ экенин. Балакайларга ушундай тарбиялык мааниси бар мультфильмдерди көп көрсөтсө, акыл-эстүү болуп чоңоюшат.

Данияр Эрматов:«КАРЫШКЫРГА БООРУМ ООРУЙ БЕРЧҮ»
– «Сениби, шашпа!» мультфильминде карышкыр кечке коёндун артынан кууп жете албай жүрө берет эмеспи. Ошону көрүп «жетип алса болмок» деп карышкырга боорум ооручу. Ал маалда жетсе жеп коёт дегенди түшүнгөн эмес элем да (күлүп). Коёнго бир туруп жиним да келет, «Карматып койсо эмне болот?..» деп. Ал кезде азыркыдай DVD деген жок, сыналгыдан балдар үчүн берүүлөрдөн көрчүбүз. Аны да кечке күткөнүбүз менен, мультфильмди 5 мүнөт эле берип коюшат эле. «Көп берсе болбойбу» деп жиним келчү. Азыр коёндун кийимин кийгенде анын абалын түшүндүм. Ким эле бирөөгө жем болгусу келсин. Коён туура эле кылчу экен качып кетип (күлүп).

Элиза Орозова:«СУУПЕРИ БОЛУП КАЛСАМ АПАМ УРУШПАЙТ ДЕП...»
– Мультфильмдердеги каармандардан Суупериге (Русалкага) аябай суктанчумун. Ал жашаган кооз сарайды көрүп, «мен да ошондой жерде жашасам, бир-эки күн Суупериге айланып калсам» деп кыялдана берер элем. Кичинекей кезибизде көлдүн жээгинде кечке жүрөбүз да. Апаларыбыз урушуп, болбой калганда чыбык менен сабап үйгө алып кирчү. Ошондо «мен азыр Суупери болуп калганда эч ким урушпайт болчу, кечке көлдө жүрө бермекмин» деп ыйлап калар элем.
Адам баласы кичине кезинен кандай жомок менен өссө, ал анын аң-сезимине чоң таасир берет экен. Суупери өзүнүн тегерегинен эмес, кургактагы жигитти жактырып калат эмеспи. Мен да ага окшоп түгөйүмдү чыгармачыл чөйрөдөн эмес, башка жактан келет деп күтө берем.

Айгерим Расул кызы:«БАРБИ – СУЛУУЛУКТУН ЭТАЛОНУ»
– Эсимде, биринчи жолу апам мага Барби куурчагын 5 жашымда сатып берген. Ал кезде апам Москвада соода кылчу. Бир жолкусунда мени ала барып, атайын оюнчуктар сатылчу чоң дүкөндөн Барби куурчагын алып берген. Ал куурчакты ойноп жүрүп, анын чач жасалгасы, макияжы, кийген кийимдери мен үчүн сулуулуктун эталонуна айланган. «Чоңойгондо мен да Барбиге окшош сулуу, фигурам келишкен болсо...» деп кыялдана берчүмүн.
Өзүм 5-класска чейин куурчак ойнодум. Азыр деле кээде сиңдим ойноп жатканда кантип кошулуп кеткенимди билбей калам. Сүрөтүмдү интернеттеги жеке баракчама жүктөсөм «кыргызская Барби» деген пикирлерин жазышпадыбы, жагымдуу болду.

Лира Урманбетова:«ӨЗҮМДҮ ЖАСМИНГЕ ОКШОШТУРАМ»
– Мен «Аладдин» мультфильми популярдуу болгон кезден бери Жасминди жактырам. Ал чыныгы чыгыш ханбийкеси. Өзү хандын кызы болсо да, жөнөкөй жигитти сүйөт. Аларда мыйзам боюнча хандын кызы ханзаадага гана турмушка чыгышы керек эмеспи. Бирок Жасмин сүйгөнүнөн баш тартпай, Аладдин экөө көптөгөн кыйынчылыктарды бирге жеңишет. Өзүмдү ага салыштыра берем. Анткени мен деле Жасминдей адамдардын материалдык байлыгына эмес, ички дүйнөсүнө маани берем. Байлык бүгүн бар да, эртең жок нерсе. Мультфильмдеги Жин 3 тилекти орундатат эмеспи. Мен ойлочумун, эгер мага ошондой мүмкүнчүлүк берилсе, Жасминге айланмакмын деп.

Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Айгерим Расул кызы кыргыздын Барбисиби?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (58)
miniusha
2014-01-06 10:46:33
)))барби
0
Nur_meerim
2014-01-06 11:33:48
Ооба Айгерим алдаган жок.. Барбиден отуп кокурогун жарымын корсотуп тушкон суроттору фейсбукта толтура. Эркектер шилекейлерин агызып, барби деген созу да бар.
-1
Alai_kyzy
2014-01-06 17:48:49
Nur_meerim, kokurogunun jarymyn emes,baaryn ele chygaryp alat. Erkekter jakwy oi m.n kyzygywpait. Tek jaman oi m.n gana. Kyzdardyn chynygy juzun koruw uchun, betindegi wkaklefkany juuduruw kerek. Aigerim uwundai jagynan bolso da taanylgysy kelet. Al ataktuu emes, al taanymal)))
0
Brat_Kuba
2014-01-06 11:56:12
Кыйратыпсынар.
0
shazi
2014-01-06 12:06:16
Лира-Жасмин,Айгерим-Барбииии пай пай кыйынсынар го ээ???
0
Mukan89
2014-01-06 12:41:12
Daniyardyn maegi jakty da maga
0
zara-919
2014-01-06 12:56:57
Mukan89,
мага да Даниярдын маеги жакты.
0
Diana92kg
2014-01-06 15:12:34
хехех мен да "Сениби шашпа" мультигинде карышкырна боорум оручу.
0
aiza11.3
2014-01-06 15:28:47
Эээ эмнеге биздин даже жылдыздарыбыздын жылдызы жок??? Кореянка японка актрисалардын козу бутук болсо да Аябай сулуу болушат го
-2
lazygirl
2014-01-06 16:08:46
Данияр Эрматовго жарашып калыптыр го коёндун кийими))
0
№ 583, 3-январь-9-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан