Таланттуу актриса мекенин жылына эки-үч жолу гана көрөрүн айтып өттү. Балпайган чоң эне, чехтердин келини Айтурган Темирова менен маектешип, анын адамгерчилигин, ачыктыгын, сөз көрөңгөсүнүн байлыгын бааладым.
– Жылкы жылынын кирип келерине аз күн калды. Жаңы жылды Кыргызстанда, уулуңуздун, кызыңыздын жанында тоссоңуз болбойбу?
– Чехияда жүргөнүмө 15 жыл болду. Ал жактагылар Жаңы жыл тосушпайт экен, Рождествону белгилейбиз. Албетте, уул-келиним, кыз-күйөө менен тоссом жакшы болмок. Бирок тиги жакта жолдошум күтөт да. Жаңы жылды кандай тоссоң, жыл бою ошондой болосуң дешет го, ырым кармаган адам катары жолдошум Павел менен тосууну чечкем.
– Cыйлыгыңыз кут болсун! Казактар сыйлык бербесе, бизге деле келмек эмес болушуңуз керек, ээ?
– Ооба, бул жакка келүү планымда жок болчу. Казак туугандар мага сюрприз кылышты. «Снайперлер» тасмасындагы Алия Молдагулованын ролу үчүн «Достук» орденин тапшырышарын 4 күн калганда айтышты.
– Ал ролго сизди ким сунуштады эле?
– «Бөрү зындан» тасмасынын сценарийи казактардыкы. Тартуу иши Болот Шамшиевге берилген. Казакстанда көрсөтүлгөндө аябай жакшы кабыл алышып, эл дуу болду. Ошол учурда «Снайперлер» тасмасынын сценарийи жазылып, башкы ролду кимге беришти билбей турушкан экен. Борбордук комитеттин маданият бөлүмүнөн Шамшиевге «Снайперлерди» тартуу сунушу түшкөн. Ал «согуш туурасында кино тартып көргөн эмесмин» деп макул болбой койгон. Анан Борбордук комитетке айттырып жатып араң көндүрүшкөн. Ошентип, мен согуш учурунда Ленинград блокадасында баатырдык менен курман болгон Алия Молдагулова деген казак снайпер кыздын ролун ойногом.
Ал кыз турмушта чын эле мага окшош болуптур. Тартылган соң «Эмнеге биздин сыймыгыбызды кыргыз кызы ойнойт, режиссёру да, оператору да кыргыз...» дешип казактар баалабай келишкен эле. Акыры мыкты фильм болгонун моюнга алышты.
– Жакшы. Эже, Чехияда Рождествону кандай тососуздар?
– Жолдошумдун бир кызы, бир уулу, энеси бар. Алар, карындашы, иниси аялы менен келишет. Ар бир үйдө хлебушка деген улуттук тамак жасалат. Нандын үстүнө кооздоп колбаса, жумуртка сыяктуу ар нерсе коёбуз. Кандай жасаш керек экенин мага Павел үйрөтүп койгон. Анан бири-бирибизге белек беребиз. Кимге эмне керек деп ойлосом, аны коробкага салып, сыртына аттарын жазып коём. Алар бизге белек алып келишет.
– Жолдошуңуздун балдары сизди эже дешеби, алар эмне менен алектенишет?
– Жок, атымдан айтышат. Кайненеме «сиз» деп кайрылсам, «жок, мени Людмила де» дейт. Уулу Кембриджде докторлугун жактап жатат, кызы студент.
– Мекениңизге келгенде төркүнүңүзгө барып учурашып турасызбы?
– Ата-энемдин көзү өтүп кеткен. Сиңдим, иним Бишкекте турушат.
– Бала чагыңызга токтоло кетсеңиз, кантип актрисалыкка кадам таштагансыз?
– Атам аскер адамы болгондуктан, Кытайдын Кулжа деген шаарына барып жашап, ошол жакта төрөлгөм. Мен мектепке кирерде Фрунзеге көчүп келгенбиз. Кыргызча да, орусча да түшүнбөйм, жалаң кытайча сүйлөйм. Тил билбегендиктен, мени бир жыл мектепке албай коюшкан. Экинчи жылы комиссия түзүлүп, менден экзамен алышты. Бир кыргыз киши атымды сураса, мен түшүнбөй эле Айтурган деп койгом. «Мына жооп берди, кыргызча түшүнөт турбайбы» деп кыргыз мектеп-интернатына беришти. Жарым жылга жетпей кыргызча үйрөнүп, жалаң «5ке» окуп калгам. Мугалимдер начар окугандарды «карачы Айтурганды, кыргызча билбей келип, жалаң «5ке» окуйт» деп урушушчу.
Жогорку класс болуп калганда Болот Шамшиев баштаган кино тартуучу топ «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» тасмасына кыз издеп биздин мектепке келишкен. Эжейлерибиз «кыз издеп эмне кыласыңар, Айтурган эле ойнойт» деп мени сунушташкан. Майрамдарда дайыма «Беш ыргайды» ырдап-бийлечү элем да. Наталья Аринбасарова, дагы бир балерина үчөөбүздү кинопробадан өткөрүшүп, комиссия мени тандап алган.
– Кызыңыз Сүйүүтай менен уулуңуз Чыңгызды эл жакшы тааныйт. Ал эми күйөө балаңыз менен келиниңиз туурасында айтып берсеңиз...
– Күйөө балам Бакыт көлдүк, абдан жакшы адам, жеке ишкер. Кызым жакшы күйөөгө туш болду. Үч эркек неберем бар. Улуусу 2-курсту аяктап, чет өлкөгө окууга кеткени турат. Уулум Чыңгыздын үйлөнгөнүнө 3 жыл болду. Келиним Айнура ак көңүл, назик, үйүнө карамдуу. Мени неберелүү кылган.
– Кандай чоң энесиз?
– Аябай жаман чоң энемин. Неберелеримди эркелетчү учурда, таене болгондо Чехияга кетип калдым. Неберелерим менен эркелешип, интернет аркылуу сүйлөшкөнүм менен, ичимден аябай уялам. Мен алардын ар бир кадамына сүйүнүп, жандарында болушум керек эле. Бирок жакшы кайненемин. Мен убагында көргүлүктү кайненемден жакшы эле көргөм. Бир жагынан ал кишиге ыраазымын, андан көп нерсени үйрөндүм. Ал киши медицина илимдеринин доктору болчу. Балким, чын эле менден кеткен чыгар, анткени ал убакта өзүм жаш болчумун. «Мен келиним менен эч качан чогуу жашабайм, мага малайдын кереги жок» деп илгери эле айткам. Эң башкысы, баламды сыйласын, жакасын кирдетпесин, курсагын ач койбосун дечүмүн. Балдарым бактылуу болсо болду. Балдарымды сагынып, интернеттен эркелетип жатканымды көргөн жолдошум «өзүң бул жакта болгонуң менен, жан дүйнөң Кыргызстанда» дей берет. Мен «чоң энеге үйлөнүп жатканыңды билгенсиң да» деп каткырам.
Жолдошум кыргыздын салтын жакшы билет, Кыргызстанда геолог болуп он жылдай иштеген. Азыр деле Европада геолог болуп иштейт. Экөөбүз үйлөнгөндөн кийин деле Бишкекте үч айлап, жарым жылдап иштеп кетчү.
– Канча тил билесиз?
– Кытайчаны кичинемде эле мээмден алып салышты. Орус, кыргыз, чех, англис тилдерин билем.
– Чехиянын суусуна, абасына көндүңүзбү?
– Эгер мен 18 жашымда турмушка чыксам, балким, көнүп кетмекмин. 40 жаштын тегерегинде ошол жактык боло албайт экенсиң. Ал жакта достор, тааныштар бар, бул жерге караганда бардык жагынан өнүккөн мамлекет, бирок өзүмдүн үйүмдөмүн деп сезе албайм. Бул жактын транспорттору эски, жолдору жаман, кир болсо да сагынып келем. Чехияга кетким келип эмес, үйгө барайын деп кетем.
– Пенсияга чыктыңыз беле?
– Чыга элекмин, жакындап калды. Театрга барайын деп, бирок кайра айныдым. Анын үстүнө мага күндө иштеген жумуштун кереги жок. Күйөөм геолог болгондуктан, кайсы жакка барса да мени жанына ала жүрөт. Финансы жагынан да муктаждык жок. Үйдө жөн отурбай, кыргыз режиссёрлору тартса деп үч сценарий жаза келдим.
– Тартуу үчүн Болот Шамшиевге беришиңиз мүмкүнбү?
– Муну ойлобоптурмун.
– Ал киши менен жакшы эле мамиледесизби?
– Биз урушуп-талашпай, түшүнүшүп эле, цивилизациялуу адамдардай ажырашканбыз. Балдарыбыз чакырса, ал өзүнүн, мен өзүмдүн үй-бүлөм менен келем.
– Ар бир өлкөдө бай, кедей бар. Силер Чехияда кайсы катмарга киресиңер?
– Күйөөм айткандай, биз ачка эмеспиз, кийимибиз бүтүн, үстүбүздө чатырыбыз бар. Акча топтойлу деп да жулунбайбыз, анткени бизге азыр эч нерсенин кереги жок. Жаш ортолоп калганда жер кыдырып эс алганга акчабыз жетсе болду дейбиз. Биз өтө бай эмес, кедей да эмес, орто жашагандарга киребиз.
– Ырчы болом деп жүрбөдүңүз беле?
– Мекенимди сагынып бук болуп ыйлай бергенимде жолдошум «ырдап чык, мага ырдаганың жагат» деген. Кыргызстанга келип музыкасын жаздырып кеткем, үнүн Чехиядан кошуп, бир жыйнак чыгаргам. Ошону менен ырдагым келбей калды.
– Кыргызстанга көчүп келүү оюңузда барбы?
– Мен бир гана нерсени билем, качандыр бир кезде сөөгүм сөзсүз Кыргызстанга коюлат. Бул менин акыркы каалоом.
– Пластикалык дарыгерлердин кызматынан пайдаланасызбы?
– Пластикалык операция жасаткандар бири-бирине окшош, билинип турат. Андай нерсеге жологон эмесмин. Мен актрисамын, эртең мага таененин ролун берсе кантип ойнойм, тартылган бетим менен? Таененин же жаш кыздын ролун ойной албай отурсам уят эмеспи. Бетиңди жылмалап алганың менен, картаң экениң көзүңдөн билинип турат.
– Маегиңизге рахмат!
Сүйүн Кулматова
star@super.kg