Айрым адамдар кылмыш кылууну кесип кылып, аны улам оор баскычка жогорулатып алышат бейм. Төмөндөгү окуяда мурда мал уурулук менен соттолгон эки адам эми үй тоноп, анысы аз келгенсип адам өлтүрүүгө барышкан.
«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮЛӨР МУРДА ДА СОТТОЛУШКАН»
2013-жылдын 25-ноябрь күнү Чүй облусуна караштуу Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө каракчылык болгону тууралуу маалымат түшкөн. Окуя боюнча Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын кызматкери АЙБЕК АРЗИМАТОВ буларды билдирди:– Түнкү саат экилер чамасында бет капчан эки адам Сокулук айылындагы үйлөрдүн бирине кирип, 48 жаштагы Алтынбек аттуу үй ээсин темир менен башка чаап өлтүрүшкөн. Аялын муунтуп, эсинен тангыча ур-токмокко алышкан. Анан үйдөн 103 миң сом өлчөмүндөгү акчаны алып из жашырып кетишкен. Окуядан бир канча убакыт өткөндө үй ээсинин аялы эсине келип, кошуналарына жардам сурап кайрылганда алар милицияга кабар беришкен.
Окуя боюнча иликтөө тобу иш алып барып, бул кылмышка шектелип 2 адам колго түшүрүлүп, кылмыштарын моюндарына алышты. Алар 1967-жылы туулган М.Бактыбек жана анын жээни, 1991-жылы туулган К.Азат аттуу жарандар. Экөө тең мурда мал уурдаганы үчүн соттолушкан. Учурда кылмышка шектелип кармалгандардын үстүнөн КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча иш козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
«КОРКУТУП КОЁЛУ ДЕП ЭЛЕ КИРГЕНБИЗ»
Оор кылмыштын уюштуруучусу катары шектелип жаткан М.БАКТЫБЕК кылган ишине өкүнүп, төмөндөгүдөй көрсөтмө берүүдө: – Кылмышты мастык менен кылып алдык. Үй ээси Алтынбек менен мурда пикир келишпестиктер болуп, араздашып жүргөм. Ал күнү Алтынбектин үйүнө уурулук кылуу максатында эмес, коркутуп коёлу деп барганбыз. Андай окуя болуп кетерин билген жокмун.
Алтынбек биздин киргенибизди сезип калып каршылык көрсөттү. Колубузда арматура бар болчу. Эсин оодарып коёюн деп аны менен 3-4 жолу чапкам. Караңгыда кайсы жерине тийгенин деле билген эмесмин. Жээним берген көрсөтмө жөнүндө эч нерсе айта албайм. Биз эч кандай акча алган эмеспиз, мен акча көргөн эмесмин.
АЛДЫН АЛА ДАЯРДАНЫШКАНБЫ?
«Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат» дегендей, Бактыбек алган акчасын моюнуна албай жаткан учуру. Ал эми ошол эле кылмышты бирге кылган деп шектелген жээни АЗАТ өз көрсөтмөсүндө акча алышканын билдирүүдө. – Таякем жүрү дегенинен эле баргам. Караңгы үйгө кирдик, алгач таякем сырттагы электр эсептегичтен жарыкты өчүргөн. Ал үйдө бир эже менен бир киши бар экен. Караңгыда көрбөй колумдагы фонарикти күйгүзүп алган элем. Үй ээси жарыкты көрүп мени көздөй келе жатканда колумдагы чүпүрөк оролгон темир менен бир чаптым да, коркуп кетип сыртка чуркап чыктым. Таякем кыйкырып чакырганынан кайра кирсем, ал аялды муунтуп жатыптыр. Жерде жаткан үй ээсин кайра чап дегенде дагы 2-3 жолу чаап жибердим. Кайсы жерине урдум билбейм, себеби караңгы болчу, башка тийди окшойт. Анан акчаны алдык. Суммасы канча экенин билбейм, бирок Бактыбек таякем мага 37 миң сомун бөлүп берген. Темирлерди таякемден алгам, чүпүрөк байлап дайындап койгон экен.
Кылмышты бирге кылган таяке-жээндин көрсөтмөлөрү ушундай эки башка чыгууда. Бактыбек «акча алган эмеспиз» деп танса, ал эми жээни 37 миң сомду таякеси бөлүп бергенин айтып жатат. Ошондой эле темирлердин башына чүпүрөктөрдү байлап, үйгө светти өчүрүп киришкени алардын бул кылмышка алдын ала даярданышканын көрсөтүп тургандай.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg