ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (6-январдан 12-январга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Дүйшөмбү – сиз үчүн кооптуу күн. Эл көп топтолгон жерде жана караңгыда баспаңыз. Аптада күтүлбөгөн жаңылык да угасыз. Шейшембиде милдетиңизди так аткарбасаңыз, иштен кетүү коркунучу чыгат. Шаршембиде кокустан кездешүү стресстин себеби болуп калат. Жума күнү соттук иштер, талаш маселелер оңой чечилет. Ишембиде үй буюмдарын жаңыртасыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Дүйшөмбүдө жаман кабар угасыз же бирөөлөрдүн терс таасири тиет. Андыктан күн чечкинсиздик, күмөн саноо менен коштолот. Шейшембиде материалдык көйгөй жаралат. Ал буга чейинки ийгиликсиз сатып алууга байланыштуу болот. Жума күнү сүйүктүүңүз жан дүйнөсүн ачып, сырын төгөт. Жекшембиде таанышыңыздын терс жоругу жиниңизге тиет.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Шейшембиде майда кокустуктар чыгат. Аптада эс алуу максатында жакшы көргөн адамыңызга чогуу убакыт өткөрүүнү сунуштайсыз. Шаршембиде жаңы нерселерди үйрөнүү кубаныч алып келет. Жума күнү досуңуздун көңүлү үчүн чогуу бир жакка барууңуз ыктымал. Жекшембидеги нервдик чыңалууну жараткан абал өнөкөт ооруларды козгошу мүмкүн.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Дүйшөмбүдө үйдөгүлөр менен кер-мур айтышуу күтүлөт. Залалы эртеңки күнгө да тийип, оюңуз чаржайыт болот. Бирөөлөргө шынарлашуу, чогуу бир жакка баруу сүйүктүүңүздүн көңүлүн кирдетерин эске алып, шаршембиде азгырыкка берилбеңиз. Бейшемби киреше алып келет. Жекшемби үйүңүзгө жакындарыңызды толтуруп, кубантат.

АРСТАН (23.07-23.08)
Дүйшөмбү – агрессия, одонолук менен коштолчу күн. Чыккан чырлар сиздин пайдаңызга чечилбейт. Шейшембидеги иштер жакшы жыйынтык тартуулайт. Коңшулар менен баарлашып, бир маселени чечүү да күтүлүүдө. Бейшембиде артында өкүнбөө үчүн ашыкча ишенүүчүлүк менен марттыктан качыңыз. Ишемби – жолугушуулардан жолдуу күн.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Шейшембиде материалдык абалыңыздын оңолушуна жакындарыңыз жардамдашат. Шаршембиде кокустукка кабылган досуңуз үчүн күйпөлөктөөгө туура келет. Бейшембиде туура эмес жасаган ишиңизди чукуп чыгышат. Ишембиде сизди жүрөктөн чыккан сырдашуу күтөт. Чоң нерсени сатып алуудан мурун жети өлчөп, бир кесиңиз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Дүйшөмбү – жаңы маалыматтарга ээ болуу күнү. Шейшембиде бойдоктор эски же жаңы сүйүүнү тандоо маселесине туш келишет. Ички туюмга таянуу керек. Шаршемби активдүү эс алууну саматып, план түзүүңүз мүмкүн. Жума күнү акча жаатында ыңгайсыз абалга туш келесиз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Дүйшөмбүдө жакындар менен тил табышпай, досуңуздукунан түнөк табууңуз ыктымал. Шейшемби майда чыгашаларга алып келет. Бейшембиде түнт тартып бараткан сизге сезим жылуулугу көбүрөөк керектигин сезген ашыгыңыз мээримге бөлөйт. Жума күнү жетекчилик менен эмгек келишимин кайра карап чыгууга аргасыз болосуз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптанын башы ийгиликтерге умтулууга, көңүл ачууга түртөт. Концертке же кечеге барууңуз мүмкүн. Шаршембиден тарта жашооңузга аздан өзгөрүүлөр кире баштайт. Даяр болуңуз. Бейшемби – майда ийгиликтерден жолдуу күн. Жетекчилик да мактайт. Жума күнү баарын ачык, бетке айтып салуудан карманыңыз, бул алдыдагы планды ишке ашырууда тоскоол болот.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Тагдыр каржылык абалыңызды оңдоого мүмкүнчүлүк берип, романтикалык көңүл ачууга да жол ачат. Акча иштетип пайданы көбүрөөк табууга болот. Маселенин баарын бир убакта чечүүгө аракеттенбей, эң керектүүлөрүнөн баштаңыз. Апта аягында балдардын көйгөйү убаракерчилик тартуулайт.

Суу куяр (21.01-19.02)
Дүйшөмбү – азгыруу, сыноо, алдоо күнү. Күмөн саноого алдырбай, жөнү жок тынчсызданууга жетпеңиз. Шейшембиде колдон келбейт деген бир буюмдарды өз колуңуз менен жасап, шаршембиде сүйүүдө жаңы сезимдерге туш келесиз. Ишембиде улуу муун менен тил табышуу кыйынга турат. Жекшембиде балдар үчүн көп акча коротосуз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Шейшембиде жеке жашоодо жагымсыз окуя болуп өтүшү мүмкүн. Сын жана какшык сөздөр абалды оорлоторун эске алып, ойлонуп сүйлөө кажет. Шаршембидеги жаңы таанышуулар достукка өсүп жетет. Бейшембиде жат ичинде өз, өз ичинде жат болуу дегенди баштан өткөрүүңүз мүмкүн. Жаңы ишке сунуш түшөт. Ишемби – майда-чүйдөгө акча коротуучу күн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 583, 3-январь-9-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан