КОЙ (21.03-20.04)
Аптанын алгачкы жарымында жаныңыздагы адамдар ишиңизге жолтоо болушат. Мындай абал сизди тең салмактан чыгаруусу мүмкүн. Бейшембиде достор менен өзгөчө жаңылыкты талкуулооңуз ыктымал. Ишембиде бир кезде сиз жакшылык кылган адам ишиңизди бүтүрүп берип кубантат. Жекшембиде жол жүрүү коопсуздугун сактабасаңыз, жаракатка кабылууңуз мүмкүн.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жума күнгө чейин кандай ишти баштасаңыз да, жакшы жыйынтыкка ээ болосуз. Үйдөгүлөргө кам көргөндөн тышкары буга чейин моюн жар бербеген майда иштерди да бүтүрөсүз. Шейшембиде жашооңузду жеңилдетүү максатында тиричилик буюмун сатып алууңуз ыктымал. Жума күнү сак болуңуз, кырсык тоорушу мүмкүн.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада кандайдыр бир иш, чечимдерден улам адилеттикти талашып, тагдырыңызга таарынасыз. Шаршембиде айткан сөзүңүз өзүңүзгө каршы колдонулуп калбашы үчүн ашыкча сүйлөбөңүз. Бейшембиде туугандар жашооңузга кийлигишип, сунуштарын айтышат. Ишембиде келечекте кереги тийчү адамдар менен таанышууңуз күтүлүүдө.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Башкалардын ой-пикирин укпай, шашылыш чечим чыгаруу керексиз чырды жаратарын эске алуу керек. Таарынышкан адамыңыз жарашууга кол созот. Дүйшөмбүдө түшкөн сунуштун аки-чүкүсүн билбей туруп макул болбоңуз. Шаршембиде акчага байланышкан маселе оңунан чечилет. Жекшембиде эски тааныштар босогоңузду атташат.
АРСТАН (23.07-23.08)
Сиздин аракетиңиз аптада өзүн актайт. Чөйрөдөгүлөргө жакшы маанай тартуулап, акчалуу да болосуз. Шаршембиде пландаган жакка барбай, сүйүктүү адамдарыңызга убакыт бөлүү талап кылынат. Жума күнү чала тааныштардын акыл-кеңешин уксаңыз, сызга отуруп каласыз дешет жылдыздар. Ишембиде гардеробду жаңыртуу, стилди өзгөртүү маселеси чыгат.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Апта сизге көп майда убаракерчилик тартуулайт. Ден соолугуңуздун да начарлашы күтүлүүдө. Андыктан баштаган ишти аягына чейин сапаттуу бүтүрүүгө жетишиңиз. Шаршембиде жакындарыңызга калп айта көрбөңүз, болбосо ал бат эле билинип, оңтойсуз абалда каласыз. Ишемби, жекшембиде оор жумуштардан качып, акчаны туура бөлүштүрүү кажет.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Апта башында жакындарыңыз менен сиздин ортоңузду түшүнбөөчүлүк аралайт. Кырдаал оорлоп кетпеши үчүн көтөрүмдүү болуңуз. Шаршембиде үй-жайды иретке келтирүү, бузулган буюмдарды оңдотуу иштери чыгат. Жума күнкү жолугушуу жакшы таасир калтырат. Жекшембиде олжонун ээси болуп калууңуз мүмкүн.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Бирөөлөр үчүн иштөө да, айткан сөзүңүз менен ишиңиздин тууралыгын тастыктоо да талап кылынат. Сүйүктүүңүздүн ишенимдүүлүгүн текшерип көрүүдөн баш тартыңыз, болбосо андан кол жууп каласыз. Бейшембиде кайсы бир ишиңиз үчүн таанышыңыз сый көрсөтөт. Ишембиде күтүлбөгөн чыгашалар чыгышы ыктымал.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Энергияңыздын азайганынан улам өз алдынча чечим кабыл алууда кыйналасыз. Андыктан оор маселени чечүүнү, чоң нерсени сатып алууну кийинкиге жылдырыңыз. Бейшембиде жакшы көргөн адамыңыз жагымдуу мүнөттөрдү тартуулайт. Ишембиде касташкан адамдар менен чогуу болуп калбоо үчүн чакырган жерден баш тартыңыз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Өткөн жашооңузга кайрылып, каталарды кетирбөөгө аракет кыласыз. Шаршембиге чейин керектүү иштерди бүтүрүп, чөйрөдөгүлөр менен жакшылап сырдашууга да жетишесиз. Бейшембиде жетекчилик тапшырган ишти убагында, анан туура бүтүрбөсөңүз, жеме угасыз. Жума күнү белек менен бирөөнүн көңүлүн алууңуз мүмкүн. Жекшемби жаңылык тартуулайт.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Бирге иштешкендердин жана жакындардын алдында өзүңүздү карыздар сезип, аларга кол кабыш кылууга тырышасыз. Дүйшөмбүдө жеке жашооңузду достор менен талкуулап, шаршембиде карьерадан кантип өсүү керектигин айкын сезесиз. Жума күнкү жолугушуу, сатып алуу сиз күткөндөй жакшы жыйынтык бербейт.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада сизге бир нече адам жардам сурап кайрылат. Аларга акча, кеңеш берип гана тим болбостон, кол кабыш кылууңуз да күтүлөт. Шейшембиде жамаат менен шашылыш ишти бүтүрөсүз. Жума күнү кайсы бир иш үчүн бирге иштешкендерди айыптоодон мурун күнөөнү өзүңүздөн издеңиз. Жекшемби – алыш-бериштерди такташуу күнү.