МУЗЕЙДЕН СҮРӨТ УУРДАЛЫП, ТАБЫЛА ЭЛЕК

Баш калаабызда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинен орус сүрөтчүсү Иван Айвазовскийдин «Крымдагы деңиз пейзажы» аттуу картинасы уурдалды. Адатта мындай окуяларды чет элдик тасмалардан гана көрүп же детективдерден окуп жүрсөк, бул ирет бизде да катталып отурат. Уурдалган картинанын баасы канча экени так белгисиз. Бирок айрымдардын айтымында, картина 40 миңден 1,5 миллион долларга чейин бааланышы мүмкүн.

Сүрөттү кылмышкерлер ушул имараттан уурдашкан.

«БУГА ЧЕЙИН СҮРӨТ УУРДОО ФАКТЫСЫ КАТТАЛГАН ЭМЕС»
27-декабрь күнү түштөн кийин укук коргоо органдарына музейдин жетекчилиги тарабынан сүрөт уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул боюнча Бишкек ШИИББинин жана Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери иш алып барып, учурда иликтөө иштери жүрүп жаткан учур.
Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын кызматкери ОЛЖОБАЙ КАЗАБАЕВ окуя тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
– Картина 2013-жылдын 26-декабрында уурдалган. Ошол күнү музейдин кызматкерлери жумуш убактысынан кийин жаңы жылга карата кече уюштуруп, майрамдашкан. Бизге эртеси, 27-декабрда маалымат келип түштү. Картинанын бетиндеги айнегин жана сыртын калтырып, сүрөттү уурдап кетишкен экен. Буга чейин Бишкек шаарында мындай факт катталган эмес. Учурда сүрөт уурдалгандыгын маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка таратып жатабыз. Мындай иш-аракет кылмышкерлердин сүрөттү сатып жибергенге болгон мүмкүнчүлүгүн оорлотот.


СҮРӨТ УЧУРУНДА 10 МИҢ РУБЛГА БААЛАНГАН
Орус сүрөтчүсү Иван Айвазовскийдин чыгармачылыгына кайрылууну туура таптык. Ал 1817-жылы Украинанын Феодосия шаарында төрөлгөн. Сүрөтчүгө атак алып келген эмгектерди жаратууга анын туулган жери чоң түрткү берген. Феодосия Крымдын түштүк-чыгыш тарабында жайгашып, Кара деңиздин жээгиндеги кооз шаарлардын бири болгон. Айвазовский Петербург шаарындагы Сүрөт академиясында билим алып, көптөгөн эмгектерди күйөрмандарына тартуулаган. Атайын тапшырмалар менен Италия, Франция, Англия жана башка көптөгөн өлкөлөрдү кыдырып шедеврлерди жараткан. Анын тарткан эмгектеринин дээрлик бардыгы деңиз жашоосуна, кыйроого учураган кемелерге, тынч жана толкундуу деңиз көрүнүштөрүнө байланыштуу болгон. Мунун негизинде өз заманындагы көптөгөн живопись сынчыларынын талкуусуна алынып, искусствонун чоң агымдарын өзгөрүүгө учуратып, жаңычылдык алып келген. Сүрөткер 1900-жылы 83 жашында дүйнөдөн кайткан.
Анын эң кымбат эмгеги – «Константинополь жана Босфордун көрүнүшү» картинасы 2012-жылы аукциондо 5,3 миллион долларга сатылган. Ал эми «Крымдагы деңиз пейзажы» деп аталган картинасы 1955-жылы СССРдин Маданият министрлиги тарабынан Кыргыз
ССРинин Маданият министрлигине берилип, Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейине коюлган. Бул үчүн Кыргыз
ССРинин Маданият министрлиги 10 миң рубль төлөп берген.

«Крымдагы деңиз пейзажы». 1866-жыл.

«ВИДЕОКӨЗӨМӨЛ БАРДЫК ЗАЛГА ОРНОТУЛГАН ЭМЕС»
Маселе боюнча музейдин экспонаттарды сактоо бөлүмүнүн башчысы АЙГҮЛ МАМБЕТКАЗИЕВАга кезигип, кызыккан бир нече сурообузга жооп алдык:
– Белгилүү орус сүрөтчүсү Иван Айвазовскийдин «Крымдагы деңиз пейзажы» 1866-жылы тартылган. Ошондон бери сакталып келген бул картина биздин музейге 1955-жылы ошол кездеги 10 миң рублга бааланып, Москвадагы Третьяков галереясынан алынып келинген. Сүрөттүн учурдагы баасын эсептей турган атайын адистер Кыргызстанда жок. Буга чейин сүрөт мамлекеттин материалдык байлыгы болгондуктан аукционго коюлган эмес жана сатууга да уруксат жок. Ошондуктан анын баасын мынча деп так айтуу кыйын. Бирок искусствону түшүнгөн адамдар, эксперттер аны бир топ эле кымбат баага баалай турганын айтышууда. Маалымат булактарына тараган ар кайсы суммадагы баанын баарын туура деп айтууга болбойт.
Эмгек анча деле чоң эмес, узуну 47, туурасы 53,5 сантиметр. Ал жыгачтан жасалган рамкага салынып, бетине айнек капталып экинчи кабаттагы орус көркөм сүрөт залында илинип турчу. 26-декабрь күнү музейдин кызматкерлери жаңы жылдык чакан майрамдык кече уюштуруп, ал биринчи кабатта болгон. Адаттагыдай эле иш күнү болгондуктан, көрүүчүлөрдү кадимкидей кабыл алып жатканбыз. Күндүзгү саат 3төн өткөндө экинчи кабатка чыгып, залдарды кыдырганымда сүрөт бар болчу. 16:00дө акыркы көрүүчүлөрдү музейден узатып жиберип кечени уюштурууга киришкенбиз. Башка маалымат булактарында түнкү саат 12ден кийин деле майрамдык отуруш уланган деген кабар тарап кетиптир. Кечки 9:15те отурушубуз аяктап, кароолчуну калтырып чыгып кеткенбиз.
Музейде жума күнү дайыма санитардык кароо, тазалоо иштери жүргүзүлөт. 27-декабрь ошол учурга туш келгендиктен, кароолдогу кызматкер ал жакты ачып берүү үчүн кирип, картинанын ордунда жок экенин байкап, жетекчиликке билдирген. Андан соң биз Маданият министрлигине, укук коргоо кызматкерлерине кабарладык.
Качан уурдалган, кандай жол менен алып чыгып кетишкен, кылмышка шектүүлөрдүн саны канча болгонун учурда тиешелүү органдар иликтеп жатышат. Тилекке каршы, биздин бардык эле залдарыбызда видеокөзөмөл жок. Негизги фойелер жана залдар видеокөзөмөл менен жабдылса да, алардын архивге жазып калуу функциялары жок. Окуяга абдан кайгырып, жоголгон сүрөткө ичибиз ачышып жатат. Мындай шедевр биздин маданий байлыктарыбыздын эң баалууларынын бири болчу. Иван Айвазовскийдин башка чоң, көлөмдүү эмгектери Москвадагы Третьяков галереясында көп. Ал эми бизде жалгыз гана «Крымдагы деңиз пейзажы» аттуу сүрөтү бар эле.
Коомчулуктан өтүнөрүм, картина тууралуу көргөн-билгениңиздерди кабарлап койсоңуздар. Укук коргоо кызматкерлери анонимдүүлүккө кепилдик бар экенин айтып жатышат.

ШАРТ ЖОКПУ ЖЕ ШАЛААКЫЛЫКПЫ?
1955-жылдан бери мамлекеттин маданий менчиги болуп келген Айвазовскийдин эмгегине таандык сүрөттүн учурда тиешелүү документтери, инвентарь катары катталган номери жана ээнсиреп бош калган жыгач кабы менен айнеги гана калган. Көптөгөн баалуулуктар сакталган жайга техниканын өнүккөн маалында көзөмөлдү күчөтүп коюуга шарт жокпу же шалаакылыкпы деген ойго кептелесиң.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жаткандыктан, музейдин экинчи кабатындагы орус көркөм сүрөт залы жабык.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Миллион долларлык картина изделүүдө
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
aitowa11
2014-01-13 18:14:47
Кандай ушу баалуу буюм турган жерде видео жок
0
RACh
2014-01-14 15:37:01
Бул жон гана шалаакылык, биз кыргыздар качан гана жоголгондо видеокамера коебуз да.
0
nsk-mk
2014-01-17 18:28:24
"видеокамера" эмне ууруну кармап калабы? ал уурдап кеткенин корот
0
№ 584, 10-январь-16-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан