«ЖОЛДОШУМДУН ЧЕЧКИНСИЗДИГИ ТУРМУШУМДУ БУЗДУ»

«Күчтүү адамдарга сыноо көп берилет дешет. Бирок ашыкча сыноодон сынып каламбы деп коркуп турам» деген Самара тагдыр таржымалын айта баштады...

«ЖОЛДОШУМА ЭМЕС, КАЙНЕНЕМЕ ЖАГЫП ҮЙЛӨНГӨНБҮЗ»
– 19 жашымда кайненем мени көрүп калып, «жакшы келин болчудайсың, кагылайын. Балам менен таанышчы» деп отуруп үйгө куда түшүп барышкан. Уулу Адыл менен тааныштырып, ата-энелерибиз сүйлөшүп, 2 жумадан кийин эле үйлөнтүп коюшту. Жолдошум түшүнүктүү, иштеген иши, үстүндө үйү бар. Мени дароо кесибим боюнча мектепке жумушка киргизип койду. Алгач жашообуз ойдогудай өтүп жатты. Ата-энемдин «кайын журтуңду сыйла, кечиримдүү, кичи пейил бол. Эми башкага бүлө болдуң. Алардын сырын ачпай, сырттан сынабай, үлгүлүү келин бол» дегени кулагыма куюлуп калган экен, кайындарымдын кареги менен тең айланып жүрдүм.
Уулдуу болдук. Турмуш дайыма түз болбойт тура... Жолдошумдун айлыгы менен гана жашоо шаарда кыйынчылык жаратты. Уулумду 1 жашка чыккандан кийин апама каратып, тигүүчү болуп жумушка орноштум. Адыл насыяга акча да алган, кыскасы, турмуштун арабасын кошо тартып, далай кыйынчылыктарды баштан өткөрдүк. Төрөттүк өргүүм бүтүп, кайрадан мектепке жумушка чыктым.

«БАРА-БАРА ЖАЛДАНМА ЖУМУШЧУГА АЙЛАНДЫМ»
– 2012-жылы кыздуу болдук, кубанычыбызда чек жок. Жолдошум экөөбүздүн турмушубуз жакшырып, мамилебиз ысыганы менен, кайындарым жактан түшүнүксүз кийлигишүүлөр башталды. «Кантсе да ата-эне, жакшы болсун дешет да» деген жакшы оюм менен башымды ийип, кыңк этпейм.
Баягы кыз мезгилдеги ачык-айрым мүнөзүмдөн дайын жок, өтө эле жалтак болуп кеттим. Мен Адылдын аялы эмес, анын бир туугандарына, ата-энесине күң болуп келгендеймин. Үй-бүлөмдөгү шайыр маанай, жылуу мамиле суугандан сууй берди. Өзүмдү актабайм, менде да күнөө бардыр... 
Убакыт өтө берди. Башкасы калып, кайним башкарып кирди. Отургузуп алып акыл-насаатын айтып:
Менин айтканым менен болушуң керек,- дегенде кайним менен айтыша кеттим. Кайненем баласына болушуп, кечирим суратты... Адылга буулугуп ыйласам, баарын көрүп туруп үн катпай койду. Аны иниси менен урушсун дебейм, бирок мени сооротуп койсо көңүлүм жылый түшмөк да. Кайненемдин: – Көп болсо төркүнүңө кетерсиң, айылда келиндер таяк жесе да кечинде кетип, эртең менен келип тирилигин кыла берет,- дегени сөөгүмө жетти. Мындай уруштун аягы тыйылбас болду.

«ЖОЛДОШУМДУН ӨЗ ОЮН АЙТА АЛБАГАНЫ ЖАНГА БАТТЫ»
– Бир күнү үйдө дагы чоң чыр чыкты. Себеби мен өзгөрүп кетиптирмин. Кайындарым, жолдошум кошулуп түнт болуп кеткеним үчүн жемелешти. Урушарга шылтоо калбаганда кайненем:
– Сен бирөөнү таап алгансың, ошондуктан бизди теңиңе албай калдың,- дебеспи. «Аягы суюк кайнене келининен шек санайт» дегендин дал өзү болду. Бүлөм деп тапканымдын баарын ташыган, «атаке», «апаке» деп сыйлаган адамдардын кылган иши ушул болду. Түн ичинде барар жерим жок, арданганымдан эки баламды ээрчитип үйдөн чыгып кеттим. Балдарымдын атасы, таянар тоом үн катпады. Адам ушунчалык да чечкинсиз болобу? Мени ойлобосо эки наристени ойлобойбу? Баары бир үмүттөнүп турдум. «Эч кимге керегибиз жок болсо да, Адылга керекпиз, ал бизди сөзсүз алып калат» деген үмүтүмдү таш капты. Бир топ убакыттан кийин кайындарым артымдан айылга келишип, алып кетишмей болушту.
Бирок баары бир өзүң күнөөлүүсүң,- дегендери дале кулагымда жаңырат.

«КАЙРЫЛЫП КЕЛ ДЕЙТ»
– Эми Адыл тынчымды алып СМС жазууда, «Апам күндө өзүн жемелейт, кечир бизди. Кайра кайрыл. Эми баарын өзүм чечем, башка менен сендей жашай албайм» деп. Бир туруп «балдарымдын атасы, мага сөзү гана тийбесе, колу тийген жок го, кайтып барайын» дейм. Бирок кайненемдин, кайнатамдын мага айткан сөздөрү, Адылдын чечкинсиздиги жүрөгүмдү муздай кылып койду. Кайра ошол туңгуюкка түшкүм келген жок... Эмне үчүн, кайсы жамандыгым үчүн? Түшүнбөй калдым. Мына-мына диссертациямды жактайм деп отурганда:
Билимдүү болуп кеттиңби? Эмнени кыйратып жибермек элең?- дешип тыюу салып коюшту.
Силерге бул катты жазып жатып, көз жашым дарыядай акты. Жолдошумдун чечкинсиздигинен 2 балам атасыз калды. Менин жылуу уям бузулду. Өкүнүчтүүсү, азыр мындай өз оюн ачык айта албаган эркектер толтура. Алардын баары же апасынын же жубайынын айтканынан чыкпай калышкан.
Жаш кыздарга айтар элем, турмуш жолуна аттанардан мурда ата-эненин гана чечими эмес, өз каалооңор да абдан маанилүү экенин ойлогула.

Самара, Нарын.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (78)
gugus
2014-01-17 12:16:49
Кайненен кааласа башка келин алаберсин . Куйоон эчнерсе деп айталбаса...анда башкасы мененда жашап корсун. Коросун ал меннда дал ошондой жашоо корот ..кайнен аныда бир ааз убакыт отуп кыйнай баштайт. ал келинда кетет.
0
gugus
2014-01-17 12:21:04
бирок куйоон сени суйсо жашайм десе, анда суйлошуп балдарын корсотуп турабер. акыры куйоон алдынарга келет. баары жакшы болот коп сыгылба. Кайненен тили жаман болсо , ошол тилине жараша кылбапсын. айтпай белен... "озунуз мага келип сурангансыз, мен же ата-энем сизге зордуктап Берген жок сизге" деп тилине жараша айтышын керек
0
tengara
2014-01-18 03:37:09
Жогоруда айтылган кээ бир комментариилерге кошулам.балдард атасыз калтырба.болунуп жашасанар абдан жакшы болот.кийин окуносун барбай койгонуна.менинда башыман откон кара кужурлук семья дагы эле кекиртекте турат.эстесееем кайненени , ат башылык кайнежени тимелечи тимеле ...силердинда кызынар кайнене кайнежелуу болот дейтелем.аман элэ бол Капкара кужур
+1
faha
2014-01-18 16:37:46
Kapa bolbonuz, birok bul oto chon problemma emes. Uy-buloodo bolo turgan kadimki ele korunush. Menin oyumcha bul - kuyoonuzdun chechkinsizdigi emes, sizdin sabyrsyzdygynyz. Ozunuz oylonuz, kuyoonuz chechkinduu bolgondo emne, 9 ay kursagynda kotorgon apasyna, bir kursakta jatyp chykkan bir tuugandaryna karshy chykmak bele? Ozunuz torogon, tarbiyalagan balanyz chonoygondo chechkinduu bolup ayalynyn sozun suylop sizge konul burbasa jakshyby? Kaytaar duyno deyt,kanday mamile kylsanyz, oshonu korosuz
0
misha00
2014-01-18 17:20:04
Кайненен жаман болсо куйоон чечкиндуу эмес депсин,мен куйоон чечкиндуу экен деп ойлойм кайненен эч убакта баласын неберелерин бактысыз болсун дебейт мен куноону сага койдум кеттинби кет болбосо эртен эрте менен барып эч нерсе корбогондой барып турмушун башта эч кимиси эчнерсе дебейт сага
0
Neizvestnaya
2014-01-18 23:20:47
Misha00 сен ошентип озундуу чечкиндуу ойлобо ортодо балдар калдыго жетим огой ата ата эмес билсен! Унчукпасан азыр адамдар тобоно чыгып алат. Автор жашаганга аракет кыл е акылын болсо!
0
kuzya90
2014-01-19 10:35:32
Misha tynsynba4y
0
kamila77
2014-01-26 15:10:47
Бул жашоо,сыноо чыдаш керек,чечкиндуу,чыдамкай болсонуз жениш сиздики.Балдар атасы менен чонойгону жакшы!!!
0
afina.aman
2014-01-28 18:19:32
Эмне кереги уй булонун сырын элге жаря кылып,казан аяк кагышат уй булоодо уруш болбой койбойт,анан кайненем анти кайним минти деп уйго келип алып жаря кылыш жакшы емес.
0
bek-----boston
2014-01-29 13:32:53
afina.aman. Туура айтат,жарыя кылыш жакшы емес.Аял заты кызыксынар силерге,на все 100 болуп калса сразу. Чечкиндуу эмес деп балдарындын атасын айтып атканын туура эмес.Сенин созунду угуп балдарында атасын урматтоо,сыйлоо деген жоголот. Атасын урматтап сыйлабаган бала,энесин да сыйлабайт.
Алла берген эс-акыл бар,акылына таянып иш кыл буйурса баары жакшы болот
-2
nursyi
2014-02-03 12:21:50
Менин башымдан откон турмушка бир аз окшоп кетет экен...Ортодогу бала учун,ажырашкан жолдошум м-н "байланыш"бар,бирок,канча убакыт,"Тагдырлар" отсо деле,"Суйлошконубузду,жардамымды-Апам билбесин",деп турат.Бул жашоодо сеникиндей чечкинсиздер толтура.
0
kombat
2014-02-11 15:06:44
Балдардын атасы да кантсе да,кайра кайрылып турмуш кура бергиле.
+1
tilek-x
2014-03-07 19:29:24
капаланбан кудайымбарго.окобуздун тагдырыбыз окшош экен.эн танкалушту жери менинда кайненем сен бирону таап алгансын деген.менинда жолдошум чечкинсиз.азыркы убакта менинда турмушум кыл устундо турат.арыз мунумду кимге айтам кимден барып кенеш сурайм.билбей калдым
-1
Nuri1988Elim2010
2018-06-12 15:06:42
Куноо озунуздо!Тилди тартыш керек,оз ата-энениздей мамиле кылуу керек эле!Азыркы келиндер талтандап кетет!Сабыр деген нерсе жок.Куйоон жакшы болгондон кийин кайнене кайнени,кайнатаны сыйын ордуна койсонуз эле болду эле
0
SweetLady
2018-06-12 16:43:18
Балдарынды атасыз тарбиялаганын туура эмес. Балдарга ата да эне да керек. Жакшысы кайра кайт деп жаткан болсо шарт кой болунуп жашасак гана кайтам деп. Болбосо кайра эле ошол мурунку абалына келесин. Пускай кайнин уйлонуп ата-энесин ошол карасын силердин турмушунарга киришкенди коюп.
0
№ 584, 10-январь-16-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан