СПОРТ ДҮЙНӨСҮ 2013-ЖЫЛДА

2013-жылы бир караганда ири спорттук окуялар жоктой сезилди. Бул жылы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу же Олимпиада оюндары өтпөгөнү менен, Дүйнөлүк Жайкы Универсиада жана Дүйнөлүк уруш искусство оюндары өлкөбүз үчүн ийгиликтүү болду.

КЫРГЫЗСТАНДА
17-июнь
Волейбол боюнча командалар арасында «Салам-Алик» Кыргызстандын чемпиону болду.

5-17-июль
Бул аралыкта Татарстандын Казань шаарында өткөн Дүйнөлүк Жайкы Универсиадада Кыргызстан курама командасы командалык эсепте 26-орунду ээледи. Кыргызстандын спортчулары 2 алтын, 2 күмүш, 8 коло медаль алышты. Алтын медалдарды бел боо күрөшү боюнча балбандарыбыз Нурбек Кожобеков жана Нурбек Аканов багынтышты.

9-июль
Бокс боюнча Азия чемпиондугунда кыргызстандык Азат Усеналиев алтын медалга ээ болду.

16-август
Болгарияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда 59 килограммдык салмакта күрөшкөн спортчу Айсулуу Тыныбекова коло медаль утту.

10-15-сентябрь
Бул күндөрү Казакстандын Астана шаарында көк бөрү боюнча Азия чемпиондугунда 8 команда ат салышты. Өлкөбүздүн курама командасы финалдык беттеште казактарга утулуп, күмүш медаль тагынды.

18-26-октябрь
Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн Дүйнөлүк уруш искусство оюндарында Кыргызстан жалпы медалдык эсепте 1 алтын жана 5 коло медаль менен 32-орунду ээледи. Алтын медалды бел боо күрөшүндө Нурбек Аканов жеңсе, коло медалды кикбоксчулар Рашит Аманкулов менен Сталбек Дарканбаев, мушкерлер Бектур Отогонов менен Адилет Бекеев жана тайбоксчу Данияр Кашкараев утту. Ал эми мекендешибиз, кикбоксчу Валентина Шевченко бул мелдешке Перунун желеги астында чыгып, алтын медалды илип кетти.

28-октябрь
Оштун «Алай» командасы биринчи жолу футбол боюнча Кыргызстандын чемпиону болду.

16-ноябрь
Бокс боюнча эркектер жана аялдар арасында Кыргызстандын чемпиондугу аяктады. Жыйынтыгында 69 килограмм салмакка чейинкилер арасында чемпиондукту утуп алган өлкөбүздүн курама командасынын мүчөсү Эркин Болотбек уулу «Жылдын мыкты мушкери» деп табылды.

21-ноябрь
Кыргызстандык Анарбек Жамакеев тогуз коргоол боюнча Азия чемпиону аталды.

30-ноябрь–8-декабрь
Түркиянын Анталия шаарында 30-ноябрь–8-декабрь аралыгында болуп өткөн кикбокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда мекендешибиз Авазбек Аманбеков Дүйнө чемпиону наамына татыды.

2-декабрь
Аргентинанын Кордоба шаарында мекендешибиз Валентина Шевченко атаандашы аргентиналык Мария Руссону жеңип, тайбокстун WKL версиясы боюнча Дүйнө чемпиону аталды. Валентина Шевченко бул жеңиши менен тайбокстун түрдүү версиялары боюнча 15-ирет Дүйнө чемпиону болуп отурат.

6-декабрь
Украинанын Бровары шаарында «Украина атамандары» клубунун атынан чыккан мекендешибиз, мушкер Азат Усеналиев WSB версиясы боюнча алгачкы беттешин өткөрүп, аргентиналык Кристиан Эдуардо Родду жеңип алды.

ДҮЙНӨДӨ

ТЕННИС
26-27-январь
Беларустук Виктория Азаренко экинчи ирет удаасы менен теннис боюнча Австралиянын Ачык чемпиондугун утуп алды.
Ал эми сербиялык теннисчи Новак Жокович бул чемпиондукту үчүнчү ирет удаасы менен жеңди.

8-9-июнь
Серена Уильямс теннис боюнча аялдар арасында Франциянын чемпиондугунда жеңүүчү аталса, эркектер арасында испаниялык теннисчи Рафаэль Надаль чемпион болду.

9-сентябрь
Нью-Йорк шаарында теннис боюнча АКШнын Ачык чемпиондугу аяктап, жыйынтыгында мырзалар арасында Рафаэль Надаль, аялдар арасында Серена Уильямс жеңишти илип кетишти.

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ СПОРТЧУСУ – УСЕЙН БОЛТ
11-март
Рио-де-Жанейро шаарында «Спорттук Оскар» аталган «Laureus World Sports Awards» байгесин тапшыруу аземи болуп өттү. «Жылдын мыкты спортчусу» болуп ямайкалык жөө күлүк Усейн Болт аталса, «Жылдын мыкты спортчу айымы» наамына британиялык жеңил атлет Жессика Эннис татыды.

ВЕЛОСПОРТ
29-июнь–21-июль
Францияда эл аралык «Тур де Франс» веложарышынын юбилейлик 100-жарышы болуп өтүп, жыйынтыгында британиялык Крис Фрум алтын медаль тагынды.

ХОККЕЙ
3-19-май
Хоккей боюнча 77-дүйнөлүк чемпиондук Швециянын борбору Стокгольм шаарында өттү. Финалда үй ээлери Швейцария курама командасын жеңип, чемпион аталды.

АВТОЖАРЫШ
27-октябрь
Германиялык автожарышчы Себастьян Феттель автожарыштын «Формула-1» классы боюнча Дүйнө чемпиондугун утту. Ушуну менен ал төртүнчү ирет Дүйнө чемпиону аталып отурат.

ШАХМАТ
7-28-ноябрь
Бул күндөрү шахматтын ФИДЕ версиясы боюнча Дүйнө чемпиондугу өттү. Норвегиялык Магнус Карлсен мөөнөтүнөн мурда Дүйнө чемпиону болуп калды.

ФУТБОЛ
7-январь
Бул күнү «Барселонанын» форварды Лионель Месси мыкты футболчуларга берилүүчү «Алтын топ» байгесин илип кетти. Мунусу менен ал «Алтын топту» 4 жолу алган биринчи футболчу катары тарыхта калды. 

15-май
Лондондук «Челси» клубу лиссабондук «Бенфиканы» 2:1 эсебинде жеңип, Европа Лигасынын Кубогун утуп алды.

25-май
Мюнхендик «Бавария» Чемпиондор Лигасынын Кубогун бешинчи ирет жеңип отурат.

20-ноябрь
Лионель Месси «Алтын бутса» байгесин утуп, бул байгени үчүнчү жолу жеңген алгачкы футболчу болуп калды.

БОКС
14-сентябрь
WBА версиясындагы чемпион Флойд Мэйвезер WBC версиясы боюнча Дүйнө чемпиону Сауль Альварести жеңип, өзүнүн наамын гана сактап тим болбостон, WBC версиясы боюнча да чемпион болуп калды.

5-октябрь
Жылдын спорттук башкы окуясы катары оор салмактагы мушкерлер Владимир Кличко менен Александр Поветкиндин беттеши болду. Москва шаарында өткөн беттеште Кличко Поветкинди утуп, бокстун WBA super, IBF, WBO жана IBO версиялары боюнча чемпиондук титулдарын сактап калды.

23-ноябрь
1 жылда 2 жолу жеңилүү ызасын татып, бир жыл көмүскөдө жүргөн филиппиндик мушкер Мэнни Пакьяо рингге кайтып келип, америкалык мушкер Брэндон Риосту жеңип, WBО версиясы боюнча Дүйнө чемпионунун курун тагынды.

Нурбек Абдыкадыров,
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Nurik_9597
2014-01-16 00:55:30
Месси супер
0
№ 584, 10-январь-16-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан