ЖАШ ЫРЧЫНЫ АТЫП КЕТИШИП, БИР КӨЗҮНӨН АЙРЫЛДЫ

Ырчылыкка жаңы гана кадам таштап, «өсөйүн, элиме жакшы ырларды тартуулайын» деген 18 жаштагы ырчы бир көзүнөн ажырап калды. Республикалык «Алтын үн» фестивалынын баш байгесин жеңип алган Темирлан Мукашов 31-декабрдан 1-январга караган түнү сол көзүнө травматикалык тапанчадан ок жеген. Окуянын чоо-жайын иликтеп көрдүк.

«КӨЗҮМДӨН АЙРЫЛГАНЫМА КӨПКӨ ЧЕЙИН ИШЕНЕ АЛБАДЫМ»
Темирлан Мукашов Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын 2-курсунун студенти. 27-декабрда «Алтын үн» сынагынын баш байгесин жеңип алып кубанычы коюнуна батпай турган чакта кокусунан бейтааныш адамдардын колунан майып болуп отурат. ТЕМИРЛАН окуяны төмөнкүчө эскерет:
– 31-декабрда достор болуп чогулалы, майрамдайлы деп Байтик баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Акман-Ордо» чайканасына бардык. Он чакты бала элек, ырдап, жакшы эле майрамдап жатканбыз. Бир убакта досторумдун жарымы сыртка чыгып, өздөрүнчө ызы-чуу болуп калышыптыр. Ага чейин башка столдо отурган жигиттер досторума тийишип, «биз кыйынбыз» дешип тапанчаларын да көргөзүшкөн экен.
Мен да сыртка чыктым. Бирөөдөн эмне болгонун сурасам, «Сага эмне болду?!» деп келип эле мени бетке муштады да, тизеси менен тээп кирди. Ары жактан экинчиси чуркап келип мени муунта баштады. Качыш керек экенин түшүнүп кафени көздөй бет алганда экинчи кол салган кызыл галстукчаны ок чыгарды. Көзүм караңгылап, өзүмдү жаман сезе баштадым, аңгыча болбой көзүмдөн кан ага берди, көрсө, ошондо эле көзүмдөн ажыраптырмын. Тепкичтен көтөрүлө бергенде шайым ооп, жыгылып калдым. Кафенин ичиндеги досторум мени ооруканага алып жөнөштү. Тиги балдар качып кетишиптир.
Бул 1-январда болжол менен түнкү саат үчтөрдө болду. Таңкы саат алтыда операция жасалды. Өзүм көзүмдөн айрылганымды билгеним менен, көпкө чейин ишене албадым. Соо көзүмдү колум менен жаап, «азыр көрүп калат болушум керек» дей бердим. Тилекке каршы, андай болгон жок. Азыр бир көз менен көрүп жатам, бирок күч келет окшойт, тез эле чарчап калууда. Эки көзгө көнгөн адамга кыйын экен. Досторумдун айтуусуна караганда, ал жерде эки ок атылган. Бирөө эч кимге тийген эмес. Мен буга чейин ал балдарды көргөн эмесмин. Мени аткан кызыл галстукчанды азыр көрсөм тааныйм.

«ЖАКЫН АРАДА ЖАСАЛМА КӨЗ САЛАБЫЗ»
Темирланга операция жасалган Улуттук госпиталдын микрохирургия бөлүмүнүн башчысы БАКТЫГҮЛ МАМЫТОВА буларга токтолду:
– Темирлан бизге таңкы бештерде келип түшкөн. Аны нөөмөттө турган дарыгерибиз Яна Ким кабыл алып, болгон аракетин көргөн. Бирок өкүнүчтүүсү, бейтаптын көзүн сактап кала алган эмес. Сол көзү окуя болгон учурда эле агып түшүп калган. Бактыга жараша, ок сөөккө жеткен эмес. Эгер сөөктү бычыратып кетсе, мындан да оор болмок. Жакын арада жасалма көз салуу боюнча иштеп жатабыз.


«БИР НЕРСЕ БОЛОРУН СЕЗГЕМ, БИРОК...»
Кандай гана окуя болбосун, ар түрдүү версиялар айтылат эмеспи. Бул окуяны айрымдар «Алтын үн» фестивалына байланыштырып, «көрө албагандар кылышты» деп божомолдошууда. Бирок апасы ЧЫНАРА ОСМОНАЛИЕВА мындай ойго кошулбайт.
– Эне бир нерсени алдын ала туят, сезет деген чын. Жүрөгүм элеп-желеп болуп, жаным жай албай жаткан. Мындай карбаластоо окуя болорго үч-төрт күн калганда эле башталган. Бир нерсе болорун сезгем, бирок баламды сактай албадым.
Темирлан эки кыздан кийинки жалгыз уул. Кыздарым турмуш куруп кетишкен. Күйөө балдарым токтоо, ичпеген, чекпеген жакшы балдар. Уулум Темирлан да ыр-чыры жок бала.
Бир жерге тура албай, жүрөгүм опколжуй бергендиктен, «абайлагылачы, көчөгө чыкпагыла, кырсык болуп кетпесин» деп коруп эле жаткам. Жаңы жылды тоскондон кийин баламды кетиргим келген жок. Өзү деле баргысы келбей турган, бирок достору кайра-кайра телефон чала беришти. Ак көңүл балам аларды кыя албай жөнөп калган.
Бизге окуя туурасында дароо эч ким кабарлаган жок. Уулум өзү дагы, достору дагы коркуп мага эч нерсе айтышкан эмес. Саат таңкы алтыларда, операция жасаар алдында гана бизге угузушту. Айрымдардын «Алтын үн» фестивалына байланыштырган божомолдору туура эмес болуп калат го.

«МЕН ТЕМИРЛАНДЫ ЭМЕС, АЛ МЕНИ СООРОТУП ЖАТАТ»
Темирланды бармактайынан багып өстүргөн, азыр да күнү-түнү жанында карап жаткан чоң апасы ЭРКИНГҮЛ БОРМОКОВА:
– Темирланды кичинекей кезинен баккам. 8-классында ырчы болом деп Бишкектеги музыкалык окуу жайга тапшырган. Айылдагы майрамдар Темирлансыз өтчү эмес, аябай жакшы ырдайт. Окуяны уккан айылдагылар тынчсызданып, тынымсыз телефон чалып жатышат. Тагдырга баш ийгенден башка аргабыз жок да. Баламдын башы аман калганына сүйүнүп отурам. Темирландын абалы азыр жакшы. Мени кайгырбасын деп кайра ар кайсыны айтып көңүлүмдү көтөрүп, сооротуп жатат. Кылмышкерлер кармалып өз жазасын алышса, көксөөбүз сууйт эле.


«БИЗ ЭЧ НЕРСЕ КӨРГӨН ЖОКПУЗ»
«Акман-Ордо» чайканасынын кызматкерлери менен жолугуп, болгон окуянын чоо-жайын билүүнү көздөгөн элек. Бирок алардан алгылыктуу деле жооп ала алган жокпуз. Атын атагысы келбеген айым буларды айтты:
– Биз сыртта эмне болгонун көргөн жокпуз. Эс алуучулар чайкананын ичинде жакшы майрамдап жатышкан. Бир убакта бир жигиттин бети-башы кан болуп кирип келгенин көрдүк. Анан чогуу жүргөн достору тез эле ооруканага алып кетишти.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮЛӨРДҮН ӨЗДҮГҮ ТАКТАЛДЫ»
Ал эми окуя тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси БАКЫТ СЕЙИТОВ төмөнкүлөрдү билдирди:
– Окуя 1-январда саат түнкү үчтөр чамасында болгон. Темирлан Мукашов достору менен 31-декабрда саат кечки ондон баштап кафеде отурушуп, Жаңы жылды ошол жерден тосушкан. Эки топтун ортосунда мушташ чыгып, Темирланга травматикалык тапанчадан ок атылган.
Бизге кабар «102» кызматы аркылуу саат таңкы 3:39да келип түшкөн. Учурда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка, өмүргө коркунуч келтирүү) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат. Кылмышка шектүүлөрдүн өздүгү такталды, бир-эки күндүн ичинде кармалат деп турабыз.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жаш ырчыны атып кетишкен адамдар табыла элек
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (34)
kizburak.81
2014-01-14 21:25:56
Кудайым сактаптыр Темирланды бироонун жалгыз баласы экен эртерек жакшы болуп калсын.
0
hakker
2014-01-14 21:48:40
Озу балдарды колдон келишинче кочого азыраак чыгаруу керек саяк журсон таяк жейсин дейт же коп баскан бут чок басат деген эскилер.Азыр Совет кезиндегидей эмес жарадар кылмактан олтуруп кетуулору да мумкун.Без наказанность порождает преступление.Атып кеткендер сотко берчусун берип чыгып кетишет го чындык жок да бизде.Тапанча которуп жургондоруно караганда алар да жонокой адамдын балдары эмес го.Иним алар созсуз жазасын алышат бул дуйнодобу же аркы дуйнодобу
0
mirrow
2014-01-14 23:49:22
Kudai aaai...jurogum uwunchalyk oorudu...
0
Bekulas
2014-01-15 12:34:44
Ээ мусулман бир туугандар дин менен жашасаныздар ушуга окшогон ызы-чуулар болмок эмес.
+1
studentka_9011
2014-01-15 15:20:54
Alla ozu saktasyn,tuura aitasyz Bekulas
0
nikolik
2014-01-15 17:55:00
Тапанча менен атып койгон эрдик эмес, эркекчилик дагы эмес!Кыргыздын уулдары бири бирибизге урмат сый менен карабай калдык.Маданият ото томон болуп калды.Онор адамдарын сыйлоо деген жок. Жигиттер эркек бололучу.Ар кимибиз эл учун турган эр журок бололучу.Алсыздардан кучубузду чыгарбай!!
+1
nikolik
2014-01-15 17:58:52
Болунбойлучу, кызыл шым кийип кыздарды туурабай эркек деген атка татыктуу бололучу.Бардык мусулман туугандар спорт менен алектенели, мусулман баласы уй булосун ата мекенин коргоо учун кучтуу болушу керек.
+3
roza92
2014-01-15 22:57:50
Din boiun4a ilimi barlarqa jany jyl mairam emes kuran karimdi okuqandar bilet
0
aiba91kg
2014-01-15 23:15:23
Бири биринди атып эмне кыласынар чет олкодо караанынарга зар болосунао
0
bebi1991
2014-01-16 00:04:36
Башка каш салса болбойбу? тем боли ырчы болсо келечиги алдыда экен
0
Akil8484
2014-01-16 13:56:42
Өмүр өтөт караңгы түн таң менен
Өнөрлүүгө өзгөчө бир шаң менен
Өмүрлөшүм замандашым бар болсун,
Өтөт өмүр өчүп жанган шам менен.

Жаратканым мүр берет пендесине,
Жаралган жаш кайтып кайра келбешине.
Жарчы болуп келгеним жок бул жашоого,
Жалган жашты таразалап теёдешинде.
0
Aku1977
2014-01-17 19:47:10
ДАГЫ КУДАЙ сактаптыр башынан айрылса эмне болот эле?!
0
tengara
2014-01-18 04:23:23
Батыраак сакайып кет Темирлан
Аман бол бар бол.
0
Akmatov1990
2014-01-18 10:33:27
бир бирибизди коро албастан канчалаган азаматтар олуп кетти. Эми таланттуу азаматтарга кол сала башташыптырда.
0
zamira8576
2014-01-18 23:23:27
Мумкун озунон да кеткендир,аны бир кудай билет.Азыр бир козуно бир козун душман.Мумкун душмандары бардыр,Кудайым баарыбызга ыйман берсин.
+1
№ 584, 10-январь-16-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан