СЕН МЕНИ ИЗДЕ... ТАП...

Узак жолдо учу, түбү карарган,
Каргыш тийгир, кадам сайын жаңы адам.
Оо, мен сени тааный албайм, сен мени,
Изде, тааны, көп ичинен, жан аргам.

Тааны дагы сурай көрбө атымды,
Аяй көрбө аарчылбаган жашымды.
Деңиз жыттуу шамалды ырда сен мага,
Аралды ырда, жайын, кышын жашылдуу.

Сага чейин жашыл арал, деңизсиз,
Азы арзыды, көбү мени жеңишти.
Атым сурап, аарчыгандар көз жашым,
Кайра мага көз жаш болуп беришти.

Узак жолдо учу, түбү карарган,
Каргыш тийгир, кадам сайын жаңы адам.
Оо, мен сени тааный албайм, сен мени,
Изде, тааны, сен мени тап, жан аргам.

ЭНЕМ АЙКАНГА
Билем, эне, мен мезгилдин сыныгы,
Баскан жолун, башат тегин унуткан.
Кыйын мага адам болуу чыныгы,
Аял болуу андан кыйын, куруп кал…

Тилегиң, ай, байлык, бала, көшөгө,
Өмүрлүк жар ичпеген да, чекпеген…
Күткөнүбүз үчүн, балким, экөөлөп,
Бүгүн, эне, мен бакытты жек көрөм…

Сурабачы, неге, кантип, кандай деп,
Өмүрүмдүн сен түшүнбөс бул жагын.
Ансыз деле каталарым канды жеп,
Ооруга оору, ойго ой кошот, муңга муң.

Биз мезгилди бирге жашап жатабыз,
Эки башка дүйнө менен, ой менен.
Жарыктыгым, сенин батаң катасыз,
Мен чамасы жаңылганды оң көрөм.
Мен чамасы жаңылганды оң көрөм…

Нарсулуу Гургубаева

ЖАЛГЫЗДЫК
Сен мейли, алыс болгун, дил тумарым,
Көз жетип, кол жетпеген мунарыктай.
Жашоодо жашайм башка адам болуп,
А дилим сени менен жүрөт кыйбай…

Жаныңда жалбарамын карегиңе,
Чачыңды сылайт ысык алаканым.
Туямын энтиккениң кулак түптөн,
Угамын жүрөгүңдүн туйлаганын…

Кучагың алсыратып, калтыратып,
Унутам өлүм барын, арман барын.
Жумулат муң түнөгөн каректерим,
Төгүлөт далым ылдый кундуз чачым.

Дилимди мемиреткен коңур үнүң,
Добушу кеч күздөгү каркыранын…
Шыбырың көл шоокуму, а колдоруң,
А бирок мунун баары кыял, жаным,
Мен муну туйган кезде ыйлап алдым…

ТИЛЕК
Бир арман бар, күндөрдү коштоп жүргөн.
Бир сезим бар, жан дүйнөм жоктоп жүргөн.
Бир адам бар, эх, сизге жетмек кайда,
Бар болгону көздөрү окшоп жүргөн.

Бир үмүт бар, эртеңге жолум улар,
Үмүт жолдо ураган сүйүү сарай.
Кайрыла кет, жолоочум, кайрыла кет,
Эски уранды жалгыздап ыйлап турар.

Бир куса бар, дилимди эзип жүргөн,
Ыйык жан, сиз, алыста сезип жүргөн.
Убалына, падышам, калдык, калдык,
Бир сүйүүнүн дербиштей кезип жүргөн…

Айжаркын Эргешова
Асия Алиева
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
jaina
2014-01-13 09:10:59
Сен мени изде... тап... Жакшы ыр экен, абдан жакты.
+1
Suluwka_1992
2014-01-13 12:26:55
Ээхххх...кандай гана соонун ырлар! Менин ичимдеги нерселерди жазып коюшкан сыяктуу!!!
+1
Uulkan2288
2014-01-14 18:40:41
Нарсулуу эженин талантына шек жок. Эң мыкты саптар.
+1
Uulkan2288
2014-01-14 18:41:56
нарсулуу эженин ырларын жөнөкөй жана адам түшүнгөн сөздөр, ошол эле чурда ар бир сабында алтын бар.
+1
sportik
2014-01-15 13:10:25
достор мен да журоктон чыккан ырларды ыр суйуучулорго тартуулагым келет. кандай тартуулашты билбейм. жардам бергилечи
0
admin_superstan
2014-01-15 14:12:40
sportik, Саламатсызбы! Биздин порталдын "Суперстан" аттуу форумунда атайын "Адабият жана поэзия" аттуу бөлүм бар. Ошол жакка да калтырсаңыз болот:
http://www.super.kg/superstan/index.php?showforum=66
-1
aqua-94mema
2014-01-16 15:45:12
жакшы ырлар экен ....талантына тааазим,,
+1
№ 584, 10-январь-16-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан