Өткөн орду – Спорт Ордосу
Башталышы – 19:10 (2-январь, 40 мүнөт кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 100 пайызы
Алып баруучулар – Абды Кадырматов, Кубик Калыков, Борончу Кудайбергенов, Рыспек Жантөрөев жана Назира Бердигулова
Мыкты номер – «Балык» (Борончу Кудайбергенов, Кубик Калыков жана Кабыл Бөрүбаевдин аткаруусунда)
Билет баасы – 300-700 сом
Постсоветтик өлкөлөрдө Жаңы жылды «Тагдырдын тамашасы же жеңил парыңыз менен!» тасмасы менен тосуу салтка айланган. Кыргызстанда акыркы жылдары жаңы жылдын биринчи күндөрүндө Бек Борбиевдин концертине баруу да өзүнчө салтка айлана баштады. Ошол салтты бузбай, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, «Заманыбыздын супер ырчысы» Бек Борбиев 1-2-январь күндөрү Спорт Ордосунда концерт берди. Салтты бузбай мен да бардым. Майрамга байланыштуу болсо керек, келген көрүүчүлөрдүн арасынан айылдан келген ата-апаларды көп кезиктирдим. Айылдын аксакалдары калдая баскан караанынан эле билинет эмеспи.
Сахнанын жасалгасы мени тээ 90-жылдарга жетеледи. Кагаздан жасалган балаты, кагаздан кесилип алынган кардын бүртүктөрү, шарлар...
Бектин сахналаш достору Борончу, Кубик Калыков жана Абды Кадырматов чыгып, «кубанабыз баарыбыз, Жаңы жылда дайыма...» деп кулакка жат болуп калган ырды аткарышып, жагымдуу маанайда концертти башташты.
Көп ырлар ырдалды, куудулдар тамашалуу окуяларын, анекдотторду жаадырышты, каткырып күлгөн, эригип уйку келген учурлар да болду. Көрүүчүлөрдү классикага айланган «Кабылдын ити Гуля» тууралуу тамаша күлкүгө бөлөдү. Бул ирет аны «Балык» деп атап, Кубик Калыков, Борончу Кудайбергенов менен Кабыл Бөрүбаев аткарышты. Бул тамаша кыргыз сатирасынын кайталангыс жылдызы Манас Бердибековду эске салды.
Буга чейин ырчынын көп концертине күбө болгом. Ошолордун ичинен жакшы даярдалбаганы ушул концерт болду деген ойго кептелдим. Эл майрамдык маанайы менен кошо 700дөй сомун коротуп Бек Борбиевдин авазын, анын жанга жагымдуу ырларын укканы келген. Тилекке каршы, биздин каарман «мен да ырдайын» деп суранып келгендерден сахна бошой калганда эле чыгып жаткандай элес калтырды. Мен тааныган да, тааныбаган да ырчылар, ошондой эле элге жылмаюу тартуулайм деп келген куудулдардын баары бирден-экиден ырдашты. Кеченин негизги каарманын күтө берип чарчаган эл кезектеги чыккан ырчыны уккусу келбей, «Бек! Бек чыксын!» деп кыйкырып жатышты.
Көрүүчүлөрдүн нервин сынаган дагы бир жагдай, концерт ортолоп калганда чыга келип, ойду-тоону сүйлөгөн Назира Бердигулова болду. Алгач бул сулуу «Бек Борбиевдей байкелеринин колдоосунда «Маданияттын мыкты кызматкери» деген атакка жеткенин» айтып мактанып өттү. Бир аздан соң ал «үшүп кеттим, шапалактарыңыздарды укпай жатам» деп оозду ачырды. Таластык эмеспи, казак тилинин таасири бар да деп өзүмдү жооткотуп отургам. Сахнага шашпай басып кайра чыккан ал «мен үшүп кеттим, колду катуу чапылдатыңыздар» дей баштады. «Кол чап» дегенди эптеп айта албаган кыз кайдан «Маданияттын мыкты кызматкери» болот?» деп жанымда отурган аял сүйлөнүп кирди.
Эгер Бек аккордеонун көтөрө чыгып жалпыбыздын сүйүктүү ырларыбызды, отуруштардын гимнине айланган хиттерин аткарып бербегенде, билбейм, Спорт Ордосуна толо келген элдин капасы кандай болмок. Көрүүчүлөрдүн бүркөлгөн кабагын Бектин жандуу үн менен аккордеондун коштоосунда аткарып берген ырлары жазып кетти.
Толик сынчы