Ильяз Абдыразаков Спорт Ордосунда эки күн концерт берди. Ал эми Мирбек Атабековдун июнь айындагы концерти үч күнгө созулган эле. Аншлаг менен өткөн концерттерден соң көпчүлүк “булар баштык-баштык акча иштеп табат” деп ойлошот экен. Чын эле ошондойбу? Бул суроого жоопту айтылуу продюсерлерден алдык.
Рысбек Жабиров, продюсер, 7 жылдан бери концерттерди уюштуруп келет:
«Ырчыларды азыр тойлор багып калды»
– Филармония, Кыргыз драма театры оңдоп-түзөлгөн соң ижара акысы кымбаттап, “Россия” кинотеатры болсо сатылып кетти. Эми бизге болгону Спорт Ордосу калды. Дагы жакшы, алар ижара акысын өтө көтөрүп жиберишкен жок. Ошон үчүн дагы шарты начар, орундуктарынын тарпы кеткенине карабай, бизге концерт коюуга уруксат берип жаткандары үчүн Спорт Ордосунун жетекчилигине ыраазыбыз.
– Концертке кетүүчү чыгымдар көп десеңер, анда ырчылар пайда табышабы деген ой келет экен...
– Мурун артчу. Бүгүнкү күндө ырчылар концерттен түшкөн акча менен байый алышпайт. Азыр чынын айтсам, аларды ар түркүн тойлор, корпоративдик кечелер багып жатат. Концертти алар ырчы катары атын чыгаруу, мындайча айтканда, имидж, рейтинг үчүн беришет.
– Айрым продюсерлерден “Рысбек Жабиров бардык майрам күндөрдү ээлеп алган. Бизге Спорт Ордосун бербейт” деп нааразы болгондорун угуп калабыз. Чын эле ошондойбу?
– Эми кандай десем. Ооба, бир топ жылдан бери 14-февраль, 8-март күндөрү Спорт Ордосунда концерттерди уюштуруп келем. Бир ирет Спорт Ордосуна демөөрчү катары ири суммада акча бергем. Спорт Ордосунун жетекчилиги ошол ишимди унутпайт көрүнөт.
– Концерттен эң көп пайданы качан тапкансыз? Сыр болбосо суммасын айтпайсызбы?
– Мындан 2-3 жыл мурун жакшы тапчубуз. Анткени ижара акысы, дегеле бардык кызмат көрсөтүүлөр азыркыдан эки эсе арзан болчу. Бир ирет концерттен 1 миллион 100 000 сом таза пайда түшкөн. Бирок 200 000 сомго күйгөн учурларым да болгон.
Канат Култаев, продюсер, 3 жылдан бери концерттерди уюштуруп келет:
«Билеттердин кымбатташына биздин тиешебиз жок»
– Канат, билеттер өтпөй калса сатуучулар кайтарып беришеби?
– Башка уюштуруучуларды билбейм, бирок мен билеттердин көпчүлүгүн алдын-ала сатып жиберем. Концерттерибиз укмуш аншлаг менен өтсө да, кассада сатылбаган билеттер калат. Спорт Ордосунда иштегендер көз боёмочулук кылышат көрүнөт. Залга кирүүчү эшиктерге сакчы койгон күндө деле кайдан-жайдан кирип кетишет. Кассадагы билеттер сатылып бүтө электе залдын ичи толуп калган учурлар болот. Анан да “300 сомдук билетти 500-600гө чыгарып жиберишти” деп эл бизге кээде кыжырданат. Бирок бул көрүнүшкө биздин тиешебиз жок. Анткени билеттерди биз өз баасында өткөрөбүз. Билет сатуучулар бизге тиешелүү акчаны санап берген соң үстүнө канча акча кошуп сатышат, өздөрүнүн иши.
Динара Эсенгулова, продюсер, 10 жылдан бери концерттерди уюштуруп келет:
«Бири-бирибизге бут тоспогонго аракет кылабыз»
– “Продюсерлер кимден кийин ким концерт берерин макулдашып алышат” дешет, ошол чынбы?
– Ооба, продюсерлер биригип сүйлөшүп алганбыз. Калп айтпасам 2006-жылы 1-июлда болсо керек эле. Өз ара атаандаш болсок да “эки концерттин ортосунда жок дегенде 10 күн аралык болуш керек. Бири-бирибизге бут тосмой жок” деп сүйлөшкөнбүз. Ошондон тарта ал келишимди бузбаганга аракет кылып келе жатабыз.
Самала, 14 жылдан бери билет сатып иштейт:
«Билеттерге болгону 50-100 сом кошобуз»
– Самала, концерт уюштуруучуларга силерди көп учурда банкир болот дешет. Чынбы?
– Концерт коём деген ырчыда дайыма эле даяр акча боло бербейт да. Анан бизге кайрылышат. Биз 20 000-30 000 акча чыгарып берип, кийин билет түрүндө кайтарып алабыз.
Эгер концертке эл көп келе турганын билсек, билеттерди сатып алабыз. Болбосо өткөрүп берүү үчүн алып, өтпөгөнүн кайтарып беребиз. Көп жылдан бери иштегендиктен ар бирибизде 100-200дөн ашык дайымкы кардарлар бар. Эгер жакшы концерт болсо аларга чалып, “жакшы орундардан билеттер бар” деп чакырабыз. Ошентип, концертке элдин көп келишине биз да салым кошобуз.
Майя, 13 жылдан бери билет сатып иштейт:
«Мирбек Атабековдун концертинен коркпойбуз»
– Кимдин концерттеринде банкрот болом деп коркпой билеттерди алдын-ала сатып алышыңар мүмкүн?
– Мирбек Атабековдун, Султан Садыралиевдин, Ильяз Абдыразаковдун концерттерине эл көп келет. Ошон үчүн чочулабай эле билеттерди сатып алып коёбуз.
– Анан каалаган бааны кошуп сатасыңар?
– Жок. Элдин келишине карайбыз да. Эл көп келген учурда 50 сомдон 100 сомго чейин кошуп сатышыбыз мүмкүн. Мен билгенден бир гана жолу Урмат Усенов менен Нелянын үйлөнүү тоюндагы концертте 300 сомдук билеттер 800 сомго чыкты. Анткени залга 2000дей эл батса, 500дөй адам тышта калып, “канчага болсо да билет таап бер” дегендер болгон.
Телерадио, гезиттерге берилүүчү жарнамалар:
Аялдамалардагы щиттердин ижара акысы 10 күнгө 1800 сомдон
(Борбор калаадагы көрүнүктүү жерлерге 15-20 даана илишет)
Ар бир иштин көпчүлүккө көрүнбөгөн кыйынчылыктары бар. Бүгүн биз ырчылардын, концерт уюштуруучулардын түйшүгүнүн бир үзүмүн көрсөттүк. Ал эми айтылбай калганы канча? Ошентсе да эл алдында кабак бүркөбөй, күйөрмандарына жакшы маанай тартуулаганга аракет кылып келе жаткан ырчыларга ыраазычылык билдирели.
Шаиста Шатманова
star@super.kg