Тойлордо Гүлзат Байзакованын үнү көп жаңырат. Ырчы айым келин келсе да, кыз узаса да улуттук кийим менен көпчүлүктүн жакшылыгына күбө болууну адатка айлантып алгандай. Жагымдуу маегибиз көпкө созулду.
«АТ МЕНЕН ЖАРЫШКАН ТООЛУК КЫЗМЫН»
– Мен Тоң районундагы Көл-Төр айылында туулгам. Айылыбыз тоолордун арасында эле. Андыктан кыз-эркек дебей малга жакынбыз. Айылыбыз карандай суук жана дайыма шамал аркырайт. Кыздары өтө бышык, олбурлуу, беттери кыпкызыл келебиз.
Мен он бир туугандын төртүнчүсүмүн. Эжелерим мектепти аяктап борборго кетишип, үйдөгү түйшүктүн баары менин моюнумда калган. Тырышып мектепте жакшы окудум, үйгө келип чоң энемди, 9 айлык инимди карайм. Атка жайдак деле минип алып чаптырам, мал кайтарам. Жайкысын малга тоют даярдап, чалгы менен чөп чабам. Аттар менен жарышып тоодон айылга чуркап келчүмүн. Классыбызда 6 эркек, 12 кыз окуганбыз. Балдардын бирөөсү тентек кылса, көптүк кылып мектептин артына алып барып сабап салабыз десең. Анан волейболду аябай жакшы ойночумун. Биздин мектептин окуучулары волейбол боюнча райондон да алдыңкы орундарга жетишкен. Кийин институтта волейбол ойногондо мен берген топту балдар алчу эмес. Күчтүүмүн да, «Гүлзаттын тобунан колубуз ооруп калат» деп күлүшчү.
Мектепти аяктаган соң Искусство институтуна тапшырайын деп кечигип калыптырмын, анан Опера-балет театрынын алдындагы эки жылдык студияга тапшыргам. Жумабек Алиев деген агайым бар эле, окуудан сырткары да көп нерсени үйрөттү. Үйдөгүлөр «көчөдөн түкүрбө, өзүңдү мындай алып жүр» деп айтышпаса деле керек, ушул агайыбыз айылдан келгендерди адам кылды десем болот. Эсимде, асфальттан тажап, көк шиберди, топуракты сагынып ыйлагам. Айылда ээн-эркин чөптө ойноп жүргөн жаным аябай буулуккам. Шаарга келгенде бетим кызыл болгондуктан, бир агайыбыз мени «апорт» деп эркелетчү. Эки өрүп жүргөн узун чачымды кырктым, оюмда шаардык болуп калдым. Кыркканым аз келгенсип, тармалдатып салгам. Тармалдатып туруп коё бергенде укмуш болуп эле калды, мындан улам окууга баргандан уялып жүргөн күндөрүм да болгон.
«ЭЖЕЙИМДИН УЯЛТКАНЫ ЭЧ ЭСИМДЕН КЕТПЕЙТ»
– 1983-жылдан Опера-балеттин студиясында 2 жыл окуп, 85-жылы институтка тапшырдым. Раматылык Апаз Жайнаков экөөбүз бир группада окуганбыз. Кыздардын баары жакшы көрүп, «Апаз байке» деп артынан чуркап эле жүрүшчү. Ал эмнегедир үй-бүлөлүү экенин айткан эмес. Бир күнү сабактан калгандыгы жөнүндө маалымдама алып келди. Мен староста болгондуктан, «Гүлзат, муну көрдүңбү, эми көрбөйсүң» деп маалымдаманы булгалады. Көрсө, баласы ооруп келбей калыптыр. Ошентип, Баткенде үй-бүлөсү бар экенин 2-курста билгенбиз. Ошол кезде «Кыргыз жери», «Өрүк зарга кетели» деген ырлары чыккан.
Апаз байке менен жолдошум Ишен дос эле. Ишен менен Опера-балеттин студиясында окуп жүргөндө таанышкам. Биздин студияда ремонт болуп, филармонияда окуп калдык. Ал филармониянын студиясында окуйт экен. Мугалимим «комуз үйрөн, комуз менен ырдасаң үнүңө куп жарашат» деп Ишенди мага агай кылып берди. Операдагылар «комуз кармаба, сен опера ырчысысың» деп урушат. Ишен мага комуз үйрөтүп жатса агай экен деп ойлогом, көрсө, мага окшогон эле студент экен. Кийин институтта да курсташ болуп калбадыкпы. Ошентип, ортобузда жылуулук пайда болду. Кожакматова деген эжейибиз бар эле, Ишен экөөбүздүн кыз-жигит экенибизди билип калыптыр. Бир күнү «баарыңар бошсуңар, Гүлзат, калыңыз» деди. «Гүлзат, мен билем, сиз Календаров менен сүйлөшүп жүрөт окшойсуз, сүйлөшпөңүз деп айта албайм, окууңузду улантыңыз» деди. Уялганымды айтпа, азыр да эсимден кетпейт. Ал кезде окуу жайдын студенттери башка окуу жайдын студенттери менен достошуу мода болчу. Биздин кыздар Айыл чарба институтунун жигиттери менен дос элек. Чогулуп чай ичебиз, киного барабыз. Ишен ошолордон кызгана эле берчү.
«15 ЖЫЛ АРТИСТТЕРДИН КИЙИМИН КАЙТАРДЫМ»
– Институтту бүтүп Опера-балеттин хорунда иштеп калдым. «Камбаркан» ансамблинин жетекчиси Чалагыз Исабаев «Гүлзат, сен ырдашың керек, топко кел, акырындык менен ырчы кылып алам. Азырынча орун жок, костюмер болуп иштеп тур» деп филармонияга чакырган. Тез эле Чакен (ред. Чалагыз Исабаев) агайдын көзү өтүп кетти. Ырчы болом деген мен 15 жыл костюмер болуп иштедим. Жолдошум күндө урушат «сенин жашың өтүп кетмей болду, ырда» деп.
Союз ураганда 2-3 жумушта иштей баштадым. Чүй университетинде ашпозчу болом, кайра филармонияга чуркайм. Бир күнү Чүй университетинин ректору Султан Мамбеткалиев агай чакырып «дипломуң бар турбайбы, окуу жайда топ ачып, иш алып баргыла» деди. Бактым ушул топтон ачылып, 36 жашымда «Жалжалым», «Чагылган» деген ырларды ырдап чыккам.
Балдарыбыз кайда барбайлы биз менен чогуу жүрүшкөн, анын пайдасы – азыр экөө тең музыкант. Балдарым туурасында айтсам, улуусу Камбар, атын Чалагыз агай менен Самара Токтакунова коюшкан. Консерваториянын композитор бөлүмүндө 5-курста окуйт. Кичүүсү Эмил М.Күрөңкеев атындагы училищени бүтүп, Улуттук консерваториянын виолончель бөлүмүндө 1-курста окуйт. Үй-бүлөлүк ансамбль да болуп жүрөбүз. Жеке концертим болгондо балдарым өздөрүнүн ырларын аткарышат.
КЫЗГАНЫЧ...
– Меники элеби же кыргыздын бардык жигиттери ушундайбы, жолдошум жаш кезде кызганчаак болчу. Азыр картайды дедиби, кызганбай калды. Кызганычтан кол көтөргөн да учур көп болгон. Бирок өтө катуу кеткен жокпуз. Катуу кетсек эки башка жолго түшмөкпүз да.
КАЙНЕНЕ...
– Менден жакшы кайнене чыгат деп ойлойм. Мүнөзүм катуу эмес. Кызым жок болгондуктан, эки келинимди тең кызымдай көрсөм керек. Эки балам үйлөнсө, эки уулдуу, анан эки кыздуу болом деп жүрөм.
ДЕПУТАТ...
– Өзүбүздүн эле чыгармачыл чөйрөдө жүргөндөрдүн «Гүлзат мындай акча таппайт болчу, депутат жардам берет» дегенин уккам. Депутаттардын баары менен жакшымын, баарынын жакшылыгына барып, келиндерин кийирип бергем. Депутат айымдар менен да жакшымын. Депутаттан алтын топтом алганымды да сөз кылышыптыр. Алтын топтомду депутаттан эмес, анын келинчегинен алгам.
«ДИЛ КАЙРЫК»...
– Айбек Карымов менен «Дил кайрыкты» ырдап чыкканда жолдошумдун классташтары телефон чалып, «жыргаптырсың, аялыңды Айбек менен жетелештирип» деп мага каршы көкүтүшкөн. Айбек менен жетелешкенимди бир жыл өзүм көргөн эмесмин. Анткени жолдошум «көрбөйсүң» деп үйдөгү сыналгыны жыйнап койгон. Башка жерден көрөйүн деп жан талашкан да жокмун. «Ош базардан» ырымдын жаңырганын угуп сүйүнүп койчумун. Ошентип, Айбек Карымов менен жетелешем деп балээге калгам. Жадакалса кошунанын балдары да «эже, Карымов менен жетелешкениңизде байкем эч нерсе деген жокпу?» деп сурашкан. Ишен Айбекти үйгө чакырып, бизге кеңешин берип, клиптин тартылышына өзү чуркаган. Эл аны кайдан билсин, «Айбек менен жетелешти» деп шумдук эле кабыл алышты.
ТОЙ...
– Кээ бир ырчылар «мен тойдун ырчысы эмесмин» деп интервью беришет. Мен буга кошулбайм. Чындап келсе айылдагы чабанды, базарда отурган соодагерди, студенттерди да той багып жатат. Эмнеге дегенде, чабандын малы өтөт, соодагердин товары өтөт, студенттер тойдо официант болуп иштейт дегендей. Той берген адам деле күйбөйт. Анткени «алгандын бергени бар» дегендей, катышы бар да ошончо. Аксуубай Атабаев кандай гана сонун ырларды жаздырган. Акчасы жоктугунан концерт бере албай, жадакалса үйү жок жүрүп өтүп кетти. Бирок ал кишинин ырын ырдап тойго барып жаткандар, Кудайга шүгүр, алдында машинасы, үстүндө үйү бар.
«ДОСТОР» ТОБУ...
– Жаңы эле «Достор» тобундагы кыздар менен майрамдап келдим. Кыздардын баары Жаңы жылда иштедик. Ар бир кыздын чыгармачылыктан сырткары жумуштары бар. Бири айыл өкмөттө иштесе, экинчиси Жогорку Кеңеште. Ортобузда атаандаштык жок. Топтогу кыздар менен чогуу жүргөнүбүзгө 10 жыл болду, көрүшпөй калсак сагынышып кетебиз.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg