Борбор калаабыз Бишкекке башчы болууга чамынып жаткан талапкерлер бар болчу. Айрыкча «Республика» партиясынын дымагы күч эле. Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясынан Кубанычбек Кулматов көрсөтүлүп, бул фракция менен кошо көпчүлүк коалициясын түзгөн «Ата Мекен» жана «Замандаш» фракциялары талапкер чыгарышпагандыктан, «Республиканын» лидери Өмүрбек Бабанов да Бишкек шаар башчылыгын колуна алуу максатынан баш тартты. Ал эми Ош шаарынан мэр болууга Мелис Мырзакматов менен Айтмамат Кадырбаев талапкер катары чыгышты. Мырзакматов азчылыкта калган оппозициялык фракциядан, Кадырбаев көпчүлүк коалициядан көрсөтүлдү.
КУЛМАТОВ БАШКАЛАРГА «ШАНС» КАЛТЫРБАДЫ
8-январь Бишкек шаарынын мэрлик кызматына бир гана талапкерди, КСДП тарабынан көрсөтүлгөн Кубанычбек Кулматовду каттоо менен аяктады. Фракция лидери Алмаз Кененбаев: «Жакшы башкаруучу болуп эсептелген жана күчтүү саясий колдоого ээ талапкерди тандап алдык»,- деди. Ошентип, Кубанычбек Кулматов шайлоого атаандашы жок аттанганы турат. Анткени Кулматовдун аты аталган соң Бишкек шаардык кеңешиндеги «Ата Мекен», «Замандаш» жана «Республика» фракциялары өз талапкерлерин алып чыкпай турган болушту. Эске салсак, Бишкек шаардык кеңеши КСДПнын 21, «Республиканын» 11, «Ата Мекендин» 7 жана «Замандаштын» 6 депутатынан турат. Шайлоо 30дан ашуун депутат катышкан шартта жарактуу болуп саналат. Талапкер мэр болуу үчүн 23төн көп добуш топтоосу керек.
Кубанычбек Кулматовго келсек, коомчулук аны 2010-жылы Апрель окуясынан кийин Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалганынан бери жакшы тааный баштады. Бул кызматты ээлеп турганда Жогорку Кеңештин айрым депутаттары «Кулматов Орусия Федерациясынын жарандыгын алган» деп чыгышкан. Бирок Федералдык миграциялык кызмат «К.Кулматов Орусиянын жарандыгын алган эмес» деп жооп кайтарган. Былтыр август айында өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп бекитилген. 50 жаштан ооп калган Кулматов Бишкекте төрөлүп-өскөн. Ак үй, Көк үйдөгүлөр арасында «өсө турган кадр» атыгып, атүгүл «күнү келсе, премьерлик менен президенттикке чейин барышы деле мүмкүн» деген жоромолдор айтылууда.
ОШ: КИМДИН БИЛЕГИ КҮЧТҮҮ?
5-январь күнү Ош шаардык кеңешинин жаңыдан түзүлгөн көпчүлүк коалициясынан Айтмамат Кадырбаевди мэрликке талапкер катары алып чыгышты. Тагыраагы, «Замандаштын» атынан тапталууда. Апрель окуясынан кийин Кадырбаевдин бакиевчил күчтөр менен кошо 13-майда Ош мамлекеттик администрациясын басып алууга катышканы белгилүү. Колдоосу күчтүүбү, ага каршы козголгон кылмыш иштеринен ак чыгып, 2012-жылы Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчисинин орун басарлыгына дайындалган.
Бул аралыкта экинчи талапкер Мелис Мырзакматовдун чөйрөсүндөгү ишенимдүү адамдары катардан чыгууда. Ош шаардык кеңешинин төрагасы болуп турган, «Улуттар биримдиги» партиясынын жүзү Таалайбек Сабиров Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болуп дайындалып, учурдагы бийлик менен тил табышып кетти. Көп өтпөй партиянын штаб башчысы, өзгөчө кырдаалдар боюнча экс-министр Жаныш Рүстөнбеков «Улуттар биримдигинин» саясий кеңешинен чыгуу тууралуу арыз жазды.
Мэрликке талапкер катары көрсөтүүгө шаардык кеңештеги коалиция, фракциялар жана өкмөт башчы укуктуу. Премьер Жантөрө Сатыбалдиев 8-январь күнү эки шаардын башчылыгына тең талапкер алып чыкпай турганын билдирди. Ошентип, Бишкек жана Ош шаарларына кимдер «кожоюн» болушары 15-январь күнү билинет, анткени шайлоо ушул күнгө белгиленген. Балким, Ошто шайлоо эки турга созулат. Себеби көпчүлүк коалиция менен оппозицияда калган «Улуттар биримдиги» менен Кыргызстандын Элдик-демократиялык партиясынын добуштарынын айырмасы жалгыз бирөө гана.
Эльвира Караева
politika@super.kg