ЭМКИ МУФТИЙ ЫПЛАСТЫК МЕНЕН ИШИН БАШТАЙБЫ?

Рахматулла ажы Эгембердиев 7-январь күнү муфтийликтен кетүүнү эп көрдү. Буга жаңы жылдын алдында ажынын төшөк мамилеси жашыруун тартылган видеонун интернетке тарап кеткени себеп болду. Рахматулла ажы аталган тасмадагы адам өзү, жанындагы келин никелүү аялы экенин танган жок.
«Мамлекет башчынын атына жамынып алгандар ушундай ишке барышты. Алар Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Икрам Илмиянов, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Абдулатиф Жумабаев менен президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Орозбек Молдалиев. Алардын ичинен биринчи фигура болгон А.Жумабаев мен муфтий болгонума чейин эле ажылыкка чоң кызыкчылыгы бар экенин айткан»,- деп билдирди Рахматулла ажы Эгембердиев. Өз учурунда А.Жумабаев көп күттүрбөй жообун таратып, «Рахматулла Эгембердиевдин мени айыптоосу далилсиз, эгер ал таптаза болсо, мени «интернетке порнотасма таратты» деп айыптагандан көрө нике күбөлүгүн көрсөтсүн» деп чыкты.
Эки тараптуу тартышып жаткандар да, алардын талашын күзөтүп тургандар дагы муфтиятта ажылык зыяратка жана башка иштерге байланыштуу чоң суммада акча айланарын айтышууда. Алсак, президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Орозбек Молдалиев «муфтиятта 5-6 миллион доллар көмүскө акча бар» десе, экс-муфтий Рахматулла ажы «ажылык зыяраттан бир жылда 9 миллион доллардын тегерегинде акча чогулат, 500 000 доллардын тегерегинде муфтиятка пайда калат» деп көрсөтүүдө.
Бир нече жылдан бери Кыргызстандын муфтиятынын айланасында чырлар токтобой келет. Мураталы ажы Жумановдун уурдалышы жана күтүүсүз өлүмү, Чубак ажынын муфтийликтен кетиши жана Рахматулла ажынын төшөк мамилесин жашыруун тартып, интернетке жайылтуу... Бул окуялар акыры келип муфтияттагы ири өлчөмдөгү акчага барып такалары, ага ээлик кылуу, бул тармакта бийликке жетүүнүн аракети экени айдан ачык көрүнүп турат.
Аталган порнотасма чыккандан тартып бүткүл Кыргызстан, айрыкча мусулмандар «Чын эле аялыбы же молдокенин сол жакка басканыбы?» деген аягы жок кызуу талкууга түшүп, бир жагдайды унутта калтырышты. Ажынын жеке жашоосуна кийлигишип, анын төшөк мамилесин жашыруун тасмага тартып, интернетке жайылтып, акыры аны муфтийликтен кетирип тынгандар кимдер? Акча үчүн, бийлик үчүн мынчалык ыплас кадамга баргандар кимдер? Жаңы шайлана турган муфтий жана анын тегерегиндегилерби? Тилекке каршы, бул окуя Рахматулла ажыдан соң муфтийликке келе турган адамга «акча үчүн ыплас жорукка баруудан кайра тартпайт» деген баа берип койду. Кыргызстанда күрөштүн, атаандашын катардан чыгаруунун ушундай ыплас жолу өнүгө баштаганы абдан кейитет.
Эльвира Караева
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (28)
İplas jol menen kelgen,iplas ishterdi jasayt!
Ээээээ бийликтин элге жардамы эч убакта тийбейт тийбеген дагы качан карасан акча учун бирин бирин чукуп зоокур болуп кетишкен.Жумабаев уялбайбы ушундай иштерге баруудан.негизи ажылык сапарга барууга атайын кыргызстанга жылына акысыз жолдомо берилет экен аны уялбай сатышат.Чубакажы Рахматтуллаажы ак так иштегени бийлике жакпай оздоруно окшогондорду койгонго болгон кучун сарпташууда.
азыр мода окшойт порно тартып интернетке киргизип койгон.баарында эле тошок жааты бар да.обьязательно элге корсотуш керекпи.башка жол менен кетирсе болмок.уят кылбай.
биздин чондорубуз порно корсотуп эми молдолорубузга отту.онугуп кеттик окшойт тез эле
Молдо деле ысык жан да.Анча-мынча барса баргандыр жакка.Акчаны коруп Пайгамбар жолдон чыгыптыр дейт.Озу 3 ААА дегенден этият болбосо болбойт.Аял Акча Арак дегендер адамды бузат.
эми озубуздун уйго жатаарда болмону толук карап жатып калабыз го?? ким билет ким эмне коюп кеткенин.
mersedes2013 да тура айтасын биздин чондор тескери жагынан тез онугот окунучтууу...бет деген калбады буларда...молдосу баш болуп презденти каш болуп...
Ким таратса да жеткен пас адам экен,бул нерсени баардык эле аял мн куйоонун ортосундагы болуп келген жа боло бере турган мамиле экендигин эч ким тана албайт да. Аял мн эри ошол ишти кылбаганда эмнени кылмак эле тообо, же бул тасманы тараткан акмак андай кылбайт бекен же аныкы кыймылдабайт бекен, как будто ачылыш жасагандай кылып.Мен тан калбадым мисалы ар кимдин укугу бар,муфтий болсо эле тошок мамилесин кылбаш керек бекен :)
Moldonyn aitkanun kul jasaganun kulba degen soz bar kurguzda. Emi oshol elge ylgy bolchy adamdu antip abuiiurin achpai ele koiso bolmok. Toshok masele ar bir adamdun bashunda bar. Paigambarubuz dele janulgan da. Buroonyn aiubun achup elge jaiultyy chon kynoo. Prosto bez slov. Not respect.
Онгосу уят болсо да ушу муфтият уят болбой эле койсо болмок, ким кылса да ошо муфтияттын ичиндегилер кылса керек, болбосо чоочун адамдын фигурасы бул жаатта эч мамимелеси жок да. Ыйман деп коюп порно тасма жайылтып журушот уят. Ушунчалык уят болгондон коро муфтиятты жаап салыш керек.
Allahtyn aldynda baarybyz kunoolubuz!Baarybyzdy Allahym kechirsin bilip bilbey kunoolordu kylabyz,any myny aitabyz akyikatyn Allahtan bashka echkim bilbeit,kanday bolbosun Allahka jaga turgan ish bolbodu,baarybyzga ynsap yimanybyzga istikoomat bersin,emi otkon ishke Salavat,Allahym emi Maksat ajyga ynsap kuch kubat ishterine iygilik bersin, daiyma den soolugu chyn bolsun! Islam dinine kyzmat kylyp musulmandardyn bashyn biriktirip oto turgandardan kylsyn! Amiiiiiiin..
Кимдир бироону куноолош кыйын! Азыр биздин жашоодо эч кимге ишенип болбойт. Аллах Таала ар бир адамдын журогуно ыйман берсе, Кыргыздар онолот белек? ким билет. Бул жумуш тууралу Жаратканга гана маалым, бирок шок болдум.
ыйман берсин адамдарга палитика бул дагы