Ар бирибиз кезектеги жаңы жылга өткөндө артка кылчайып карап, жыл ичинде жасалган иштерге баа беребиз. «Супер-Инфо» гезити да 2013-жылы жүргүзгөн ишинин жыйынтыгын чыгарып турган кези. Кубануу менен айта турган жаңылыктар, иштерибиз көп болду. Алардын эң башкысы, «Супер-Инфо» 2014-жылга Кыргызстандагы гезит, басылмалар арасында рекорд коюу менен өттү. Алсак, биздин нуска 120 000ден ашты!
Жүзөгө ашкан жакшы иштерин Кыргызстандын калкына жарыя кылууда, бизнесин өнүктүрүүдө, ийгиликтери менен кубанычтарын бөлүшүүдө биздин гезитти тандаган өнөктөштөргө, кадырман окурмандарыбызга көрсөткөн ишеними үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Сиздер менен иштешүүгө, жагымдуу жаңылыктар менен кубантууга дайым даярбыз.