Клара Алибекова: «ЖАШТЫГЫМДАН ПАЙДАЛАНЫП КӨП ЫРЧЫЛАР КОЛДОНУШТУ»

Клара Алибекова деген ысым эстрада айдыңында жарк этип пайда болду. Аны алгач эл алдына алып чыккан айылдагы жөнөкөй агайы болсо, кийин көп ырчылардын талашына түшкөн. Бул жолу биз ырчынын кичинекей жылдыз болгонунан баштап бүгүнкү күнүнө чейинки жолуна сереп салгыбыз келди.

«АЛ КЕЗДЕ АКЧА ЭМНЕ ЭКЕНИН ТҮШҮНГӨН ЭМЕСМИН»
-Мен 3-класстан ар кандай ийримдерге катышып, ырдап-бийлеп баштагам. Ал кезде атайын эстрадалык ансамбль бар эле. Анын жетекчиси Айтбек Толубаев мени ансамблине чакырып калды. Бир күнү Тургуналы Нурматовдун «Кыргызымдын жигиттери» деген ырын сунуштады. Ушул ырдан тушоом кесилди десем болот, эл аябай жакшы кабыл алды. 7-классымда Айбек Карымовдун жаш таланттар үчүн жарыяланган сынагына катышып, баш байгени уткам. Андан кийин «Нур» тобунда ырдап калдым. Ошондон тарта Кыргызстанды кыдыра баштадык.
Ал кезде акча эмне экенин деле түшүнгөн эмесмин. Сахнага чыгып ырдап жатканыма эле бактылуу элем. Кийин көп ырчылар менен, алардын катарында Айчүрөк Иманалиева, Гүлшайыр Садыбакасова менен иштешип калдым. Азыр ойлонуп, эмне себептен «Нур» тобунан кеткенимди дале билбейм. Айчүрөк эже «мен мындай форма тиктирип берем, ыр жаздырып берем, чет өлкөгө алып барам» десе азгырылып кеттим көрүнөт. Жаштыгымдан улам мени көптөр пайдаланышканын азыр гана түшүнүп калдым.
7-классымда туулган жерим Көк-Жаңгактан Жалал-Абад шаарына келип окудум. Мектепке барсам да баары эле «Клара Алибекова келе жатат» деп жардана карап калышчу. Балдар тийишип, сүйүүсүн арнашат, кыздар болсо жигиттерин кызганышат. Айтор, укмуш эле болчу. Гастролго көп чыгып жүрүп сабактарыма жетишпей жаттым. Бирок мугалимдер талантымды баалап «бул ырчы кыз» деп жакшы эле көтөрмөлөштү.
Негизинен, чыгармачылыкта бактымды ачкан Айтбек Толубаев деп билем. Ал өтө кичи пейил, жөнөкөй адам болчу. Азыр көзү өтүп кетти. Ырчылар «бизге бербейсизби» деп мени сурашса, «силер кызымды азгырып жатасыңар» деп кадимкидей кызганчу.
Азыр ошол күндөрдү эстесем, башкалар 11-классты бүтүп үйүнөн кетсе, мен 5-классымда эле ата-энемдин коюнунан чыккан экем. Жаштыгымдын баары төрт дөңгөлөк үстүндө гастроль менен өттү. Бирок өткөн күндөрүмө өкүнбөйм, баары бир маңдайга жазган нерседен качып кутула албайбыз.

Айбек Карымов, ырчы:«ТЫТЫНЫП, «ӨӨП АЛАЛЫ» ДЕГЕНДЕР ДА БОЛГОН»
Ырчы Айбек Карымов бир кезде «Нур» аттуу топту жетектеп, анда Клара Алибекова ырдачу. Топто 3 жыл ырдап, Клара чыгып кетет. Айбек мырза анын жаштык кылып койгонун айтат.

-Кларанын бала кездеги популярдуулугуна азыркы жылдыздардын бири да жеткен жок. Клара биз менен үч жыл ырдады. Мен аны жылдыз кылдым деп айта албайм. Ал бизге бышкан кезде келди. Клараны Клара кылган Айтбек деген агайы. Мен өзүм деле ырдап калбадымбы, башкалардан деле көргөн жокмун, Кларанын угармандары укмуш көп болчу. Аны келет дегенде тээ тоонун башынан атчаны атчан, эшекчени эшекчен, жөөсү жөө, кемпир-чалдар бала-чакасын көтөрүп алып келишчү. Көп киши клубга батпай, концертти 2-3 сеанстан койгон күндөрүбүз болду.
«Клараны өлтүрүп кетиптир», «антип кетиптир-минтип кетиптир» деген ушактар чыкты. Андай популярдуулукту мен батыш жылдыздарына, мисалы, Майкл Жексонго салыштырмакмын. Тытынып, «ушул кызды бир өөп алайынчы» дегендер канча болду. Атайын бир баланы Клараны кайтартканга алганбыз. Өткөөл курак, ага кошумча «жылдыз» оорусу болуп, үнү да жакшы эмес жакка өзгөрүп кетти. Анын акчасына азгырылып, бирок андан ары өнүктүргөн киши болбоду. Чынын айтканда, азыр Клара 94-95-жылдардагы Клара Алибекова деген бренд менен чыгып келет. Мурункудай популярдуулукка жетиш үчүн кайра жаралыш керек болот деп ойлойм.

Орозбү Алибекова, апасы:«ЫРЧЫЛАРДЫН АРАСЫНДА КАТУУ ТАЛАШКА ТҮШТҮ»
Кичинекей кыздын кең келечеги ырчылар ортосунда талашка түшкөнүн көптөр айтышты. Эне өзгөчө жан болот эмеспи. Чырпыктай кызынын баш айланткан популярдуулугун эне жүрөгү кандай кабыл алды? Аны апасы төмөнкүдөй эскерет:
-Клара кичинесинде белине жоолуктарды ороп, кээде биз уктап жатсак үстүбүздү тебелеп бийлей берчү. Чоң атасы Артистка деп ат коюп койгон. Балдарымдын арасынан такыр башкача кыз болду. Ийримдерге катышып, эл көзүнө көрүнүп калганда Айтбек деген жигит «кызыңызды ырдатайын» деп үйгө келип жүрдү. Анда азыркыдай машина көп жок. Кар жааса ат менен келип, учкаштырып кетчү. Түндө кайтканда Клара уктап калган болот, көтөрүп келип жаткырып коюшат. Эртең менен турса эле коюну толо акча! Көрсө, тойдо ырдаганда акчаны коюнуна кыстара беришчү экен.
Бир күнү «Айланайын Айтбек, менин бүргөдөй кызымды каякка алып барып жатасың?» десем, «Эже, сиз түшүнбөйсүз да, биз сонун иштеп жатабыз. Элдин тосуп алганын айтыңыз» деп калган. Бир жолу концерт уюштурушкан экен, мени чакырып, алдыңкы катарга отургузушту. Концерт башталды. Бир маалда эле кызым чыгып ырдап жатат, эл шатырата кол чаап жатышты, кызымды көрүп ыйлай баштадым. Ошентип, тойлордон акчаны аябай көп таап келет. Болбосо койлорду тирүүлөй алып келишет да, экөө союп, бөлүшүп алышат. Эл да колдоп, сый үстүндө жүрүштү.
Кийин Айбек Карымовдун тобунда иштеп жаткан. Жалал-Абаддан көп кабаттуу үйдөн батир сатып алып, байкеси, жеңеси менен ошол жакта жашап калышты. Бир күнү мага чалышып «кызыңыз үч күндөн бери Айчүрөк менен кетем деп болбой жатат» дешти. Бардым, Клара мени укчудай эмес, бакырып-өкүрүп ыйлап, «барбасам 4-кабаттан боюмду таштап жиберем» деп такыр болбой койду. Аргасыздан жөнөттүк. «Жалал-Абаддан чыккан боюнча Бишкекке келгенге чейин концерт коюп, 100 миң сом акча түштү» деген Айчүрөктүн интервьюсун окуп калдым кийин. Бир күнү «Клараны Айчүрөк менен чет өлкөгө барат экен» деп угуп калдык. Кийин өзү эле кеткени белгилүү болду. Ошондо агасы келип Кларанын шартын көрүп, алып кетип калган. Айта берсең абдан көп, канчалаган ырчылар Кларанын атын колдонуп алып, артынан болбогон кептерди да айтышты. Ортодо ырдатпайлы десек, 2-3 күндө буулугуп, колуна эмне тийсе ыргытып талкалап, сахнага чыгып келгенден кийин эле жакшынакай болуп калчу.
Клара кичинесинде шумдук тарсылдаган кыз эле. Гастролдон келгенде түнкү саат 3төрдө «шишкебек жейм» деп кыйначу. Айбектер түн экенине карабай таап келип беришчү. Кийин гастролу көбөйүп, талашка түшүп кетти. Артисттер күн-түн дебей «бизге бергиле» деп келишет. Милициянын килейген кызматкерлери «шеф буюрду, кайдан болсо да ошол кызды таап, тойго алып келгиле деди» дешчү.
Чынында, аты катуу чыкты. Кызыма элдин көзү тийдиби, же артисттердин окуткан-чокутканы болдубу, же турмушу тайкы болгондон кийинби, айтор, ушундай жумшак болуп калды. Азыр чыгармачылыгын кайра уланталы деп Бишкекке көчүп келдик.

«6-класска чейин активдүү окуучулардын катарында элем. Ырдап жүрүп сабактан да четтеп кеттим».


Жаныбек Алыкулов, куудул:«КЛАРАНЫН АЙЫНАН ДОСУМ МЕНЕН МУШТАША КЕТКЕМ»
Клара Алибекова деген ысымдын калың элге таанылышына куудул, пародист Жаныбек Алыкулов, ырчы Абидин Темировдордун салымы чоң. Экөө биринчи жолу аны Бишкектеги чоң сахнага алып келишкен экен.
-1994-жылдары мен Жалал-Абад университетинде окутуучу болуп иштеп жаткам. Анда Клара Жалал-Абаддын жылдызы болуп, аты дүңгүрөгөн кез эле. Ушундай талант айылдык ырчы болуп кала бербесин, республикага чыгаралы деп Абидин Темиров экөөбүз Кларанын ата-энесине «борборго алып барып ырдаталы» деп сунуш киргиздик. Алгач ата-энеси каршы болушту. Анткени мага чейин деле көп белгилүү ырчылар көп нерсени айтып, жаш кызга баарын убада кылып, бирок аткарбай коюшкан экен. Эптеп ата-энесин көндүрүп, Клараны Бишкекке алып келдик.
Биринчи жолу ал Бишкекте чоң сахнада «Мыскыл жана тамаша» концертинде «Кыргызымдын жигиттери» ырын аткарып чыкты. Эми элдин кол чаап, жылуу кабыл алганын айтпа.
Ошентип, концерт бүткөндө студияга барып Клара тууралуу сюжет даярдап, кайра Жалал-Абадга учканга билетин колуна карматкам. Көп өтпөй облустук билим берүү башкармалыгынан чалып жатышпайбы, «Клара келген жок» деп. Көрсө, бул жакта ал Тургуналы Нурматов менен да ырдап калган экен. Ал киши жакын досум эле, Кларанын айынан аны менен мушташа кетип, досумдан айрылгам. Кийин Жалал-Абадга барсам, мен тууралуу «жаш кызды Бишкекке алып барып, ар кимдин колуна берип коюптур» деген сөздөр чыгып кетиптир. Унчуккан жокмун, убакыт өзү тараза дедим. Ал кезде чынында эле Клара чоң тамгалуу жылдыз болчу. Ушунчалык таланттуу, жылдыздуу кыз эле...

Тургуналы Нурматов, обончу:«КЛАРА ЫРЫМДЫН БАГЫН АЧТЫ»
Клара Алибекова «Кыргызымдын жигиттери» ырын аткарып эл-журтка аты чыкты. Бул ыр анын багын ачтыбы же Клара ырдын багын ачтыбы, бул суроого ырдын автору мындайча жооп берет:
-Бир жолу мага обончу Алтымыш Кадыров келип, «сиздин ырыңызды бир кыз аябай жакшы ырдап жатат» деп калды. Анда деле көп маани бербей, угуп көрөлү деп койгом. Көп өтпөй эле радиодон ырым жаңырып калды. Мотурайган бул кыздын жаңылап чыкканына абдан сүйүндүм, чынында. Ошондон тарта ырымдын кадыр-баркы да өстү. Клараны бир жаралган кыз экен дегем ошондо.
Кийин Көк-Жаңгакка гастролго барганда атайын ага кезигип, ыраазычылыгымды айттым. Менимче, ырдын багын Клара ачты, анткени ал башкаларды деле сонун аткарбадыбы.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Жаштыгымдан көп ырчылар пайдаланышкан экен" дейт Клара Алибекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (110)
Turadi
2014-01-17 14:15:56
Данияр Эрматов менен ырдап чыкканын коруп абдан кубандык. ийгилик сага.
+2
Tendik
2014-01-17 23:52:48
Чын эле чын эле унуттунбу, жаздагы жамгыр унун, суйууго куюго кусаланып, мен сени кутконумду. Кандай оригиналдуу саптар, тилекке каршы элдин кобунун памяты начар. Бул ырлар менен катар бир топ ырлар чыккан, ошолорду ырдасанар сонун болмок, озубузду эстемекпиз жаштыгыбызды.
+3
Shah
2014-01-18 13:21:35
jan83 аны мен эле эмес атасы Расул дагы билет.
+2
pearl89
2014-01-18 15:50:56
Klara Alibekova sindisi Janara menen koncert koyup kelgen biz jawap jatkan rayongo(2000-jyly,jazynda),owondo ataiyn alar konok bolup kalgan uygo baryp,komuzumdun ustuno avtograf jazdyrgam,kopko 4eyin o4poy jurdu okwoyt.Ayabay kubangam,menin da familyam Alibekova,ki4inekeyimde menin ejem dey ber4u elem))) Balalygymdy estep kettim.Sizge iygilik Klara eje!!!
+1
kg26
2014-01-20 13:14:00
pearl89, UNLIKE ;))
-1
pearl89
2014-01-20 14:08:12
kg26,LIKE!!!
0
aisalkyn27
2014-01-18 18:10:46
Мадина туура айтат. 1-стилисттер, 2-жакшы акындар мн иштешиш керек. Талант бар сенде талыкпаган эмгек, изденуу керек. Абдан сонун беруу болуптур. Кайрадан ырдап чыгышыны кутобуз жана атактуулукту багындырышына ишенебиз. Ийгилик сага Клара!
+2
arzuu1
2014-01-18 18:59:43
Клара Алибекова таланттуу ырчы катары эсимде калган. Дагы деле жаны жакшы ырларын тартууласа эл кубаныч менен кабыл алат болушу керек. Эгер катуу аракет кылса мурунку популардуулугуна эмнеге жетише албасын! Чон чон ийгиликтерди каалайбыз!
+2
Ananasky
2014-01-19 00:34:16
Клара эже сизге ийгилик,жаны ырларды кутобуз.
0
Akjolbai110784
2014-01-19 12:29:46
(Жаштыгымдан пайдаланып коп ырчылар таланттымды колдонушкан )деп туура жазыныздар,алдынала рахмат!
0
Gul.08
2014-01-19 20:37:35
Берген маегин корсонор видеодон эн жонокой боенбосода суппсулуу кыз,элдин козу да тийген болуш керек, азыркы ырчыларыбыз боенсода жетпейтго Кларага((тфу тфу коз тийбесин...
+2
Gul.08
2014-01-19 20:37:35
Берген маегин корсонор видеодон эн жонокой боенбосода суппсулуу кыз,элдин козу да тийген болуш керек, азыркы ырчыларыбыз боенсода жетпейтго Кларага((тфу тфу коз тийбесин...
+1
aikomir
2014-01-19 22:45:07
Айчурок Иманалиева буга не дейт болду экен?
0
askat.92
2014-01-20 02:10:35
klara eje ishinizge iigilik
+1
Aksy.beka
2014-01-20 03:07:14
Klara eje menin sosedim ele jalalabadta jawa4umun al kezde student elem al jalgyz jawa4u meni tamaka kop 4akyr4u
0
astatine
2014-01-29 10:14:15
Ии эсимде, Клара Алибекова дегенде өлүп деле калууга даяр болчубуз. Биздин двордогу балдардын баары түн сүйүсүн Кларага арнаган болуш керек. Бирин бирибизден кызганып жок жерден кызылдай мушташка да түшчү элек. Эх биздин балалык кез эми кайда?!
+1
Gulmira94
2014-03-26 14:34:14
клара эже сизди аябай жакшы коробуз келиниз кайтыныз сахнага !!!!!!!!!!!!!!!!!!! эл бааалайт . эл кутот сизди кайтыныз сахнага !!!!!!!!! суранабыз баары алдыда !!!!!!!!!!!
+1
№ 584, 10-январь-16-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан