Адатта, атактуулар Жаңы жылда корпоративдик кечелерде күн-түн дебей иштеп, жадакалса майрамды жакындары менен тосконго убактысы жок болуп калганын айтышчу. Башкалардан айырмаланып Жылкы жылын чет өлкөдөн тоскон жылдыздар болду. Ырчы Каныкей менен «Тамашоунун» негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев Жаңы жылды АКШдан, Асел Турдалиева болсо күнөстүү Дубайдан тосуп келиптир. Асел айым бул тууралуу: «Жаңы жылды ысык өлкөдө тоскон сонун экен. Дубайдагы Бурдж-Халифа мунарасынын үстүнөн тостук. Көз жоосун алган кооз салюттар атылып, кайталангыс таасир калтырды»,- дейт. Эс алуу жылдыздарыбызга бул жылы жаңы дем, жаңы күч берип, жемиштүү ийгиликтердин башаты болсун дейли.