«2009-жылдын супер спортчусу», футболчу Азамат Байматов Бишкектеги соода борборлордун биринде спорттук кийим сатуучу дүкөн ачты. Жаңыдан жеке ишкерге айланган футболчу мырза «Көптөн берки кыялымды ишке ашырдым. Бул ойду Түркияга болгон сапарымда бышырып келген болчум. Буюрса, бул ишти өнүктүрүп, улуттук курама команданын футболкаларын да сатыкка коюу тилегим бар» дейт кубанычын жашырбай.