ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгы расмий бийлик менен көмүскөдөгү бийликтин кесилиш чекитинде турган маанилүү башкармалык. Биз бул ирет анын жетекчиси Рафик Мамбеталиев менен өлкөбүздөгү кылмыштуулук, ага каршы кандай аракеттер болуп жатканы тууралуу маек курдук.
– Рафик мырза, уюшкан кылмыштуулукка каршы иштер кандай жүрүп жатат?
– 2013-жылдын январь айынан бүгүнкү күнгө чейин уюшкан кылмыштуу топтордун 186 мүчөсү кармалып, учурда жоопко тартылып жатат. Алардын ичинен 9у «смотрящий», «положенец» сыяктуу кылмыш чөйрөсүндө атайын статусу бар адамдар. Бул чек эмес, буюрса, биз аткара турган иштер али алдыда.
Анан да биздин башкармалыкта Уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган каналдарды жоюу деген бөлүм ачтык. Учурда кылмышкерлердин көпчүлүгү туугандарына, тааныштарына фирмаларды ачтырып, кылмыштуу жол менен тапкан акчаларынын изин ошолор аркылуу жашырышууда. Буга Кара-Суу районундагы Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Аким Баатырды мисал келтирсек болот. Ал бир эле маалда айыл өкмөт, базардын кожоюну болуп туруп, айыл өкмөткө караштуу жерлерди сатып жиберген. Анын жарым акчасын мамлекетке өткөрсө, жарымын өз чөнтөгүнө салып, кылмыштуу топторду каржылап келген. «Женго» каймана аттуу Кадырбек Досонов кармалганда да түрмөгө чейин барып колдоо көрсөтүп жүргөн. Мындан башка да кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө тиешелүү фирмалар, базарлар текшерилүүдө.
– Кыргызстанда канча уюшкан кылмыштуу топ бар?
– Бүгүнкү күндө Камчы Көлбаевге, Азиз Батукаевге, Алмаз Бокушевге жана Максат Абакировго тиешелүү 4 уюшулган кылмыштуу топ бар. Андан сырткары эч кимге баш ийбей, өзүнчө топ болуп кылмыш жасап жүргөндөр да бар. Андайлардан быйыл 4 топтун мүчөлөрүн колго түшүрдүк.
– Жарандардын уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экендиги кантип аныкталат?
– Мурун атайын иликтөө иштеринин жүрүшүндө маалыматтар топтолгондон кийин, «бул адам уюшкан кылмыштуу топ менен байланышкан» деп атайын тизмеге киргизчүбүз. Эми жаңы мыйзамдын негизинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп бир гана сот аныктайт. Ал эми биз сотко ал адам тууралуу маалыматтарды беришибиз керек. Бүгүнкү күндө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп 625 киши каттоодо турат. Алардын баары мурда бир нече жолу соттолгон. Дагы айта кетчү көйгөйлүү жагдай, бул сөз болгон 625 адамды 3 жыл ичинде кылмыш кылганы үчүн 3-4 жолудан кармап, каматканбыз. Бирок ар кандай себептерден улам алардын көпчүлүгү боштондукка чыгып кетишкен. Биз кайсы соттон жана кантип коё берилгени тууралуу анализ жасап, атайын тизме түзүп, аны Жогорку Сотко, Башкы прокуратурага жана өкмөткө жөнөткөн элек, азыр каралып жатат.
– Ошондо эмне үчүн бошоп кетип жаткандары белгилүү болдубу? Айтайын дегеним, ИИМ, УКМК жана прокуратура сотторго шылтайт, сот тергөө толук кандуу, жетиштүү жүрбөгөнүнө шылтайт...
– Жабыр тарткан адам арыз жазып, биз кылмышка шектүүлөрдү таап, Казакстан, Орусияга чейин барып кармап келип жатабыз. Бирок тергөө жана сот иштери жүрүп жаткан убакта кылмышкердин эркиндиктеги шериктери арыз жазган адамды коркутуп же келтирилген зыянын төлөп берип тосмо арыз жаздырып коюп жатат. Себеби уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жөнөкөй кылмышкер эмес, алардын өздөрүнүн байланышы, башка шериктери бар. Анан жабырлануучу «бул адамга доом жок, өз ара чечишип алдык», «астыма түштү» деген сыяктуу нерселерди айтып тосмо арыз жазып коюп жатат. Ошентип көптөгөн иштер сынып кетет.
Камчы Көлбаевдин үстүнөн да 10дой арыз түшкөн, бүгүнкү күндө сотко келгенде баары алынып, бирөө эле калды. Ал тургай сот аны «Кылмыш тобун уюштурган» деген берене боюнча да актап салды. Негизи, ал эч ким менен байланыша албаган, телефон тартпаган 50-СИЗОдо отурушу керек эле. Бирок аны оорусуна шылтап 47-абакка отургузуп коюшту. Эми ал ошол жерде жатып алып көрүнгөндү кабыл алып, өз иштерин чечип жатат.
– Ырчы Айчүрөк Иманалиеваны күйөөсү менен чогуу сабап кеткендер кармалган эле. Ал иш да аягына чыкпай калдыбы?
– Ооба, Айчүрөк Иманалиева менен анын жолдошун бирөөлөр сабап кетип, 3 жылдан соң бул кылмышка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун 2 мүчөсү кармалган эле. Тилекке каршы, эми буйрутма бергендерге чыгып баштаганыбызда Айчүрөк Иманалиевага карата коркутуулар болуп, ал тосмо арыз жазып берип койгон. Анысын бизге «менин да бала-чакам бар, эртеңки күндү да ойлонушум керек» деп түшүндүрдү. Ошентип кармалган балдар бошоп чыгып кетишти.
– Орусияда иштеп жүргөн мекендештерибизди да кыргыз жарандары эле тоноп жүргөн фактылар көп...
– Орусияда КМШ өлкөлөрү ичиндеги уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бюросу бар. Бюро менен тыгыз байланышта иштеп, кылмыш кылып Кыргызстандан качып кеткендерди, ал жердеги кыргыздарды тоноп жүргөндөрдү аныктап, кармоо үчүн чогуу иш алып баруудабыз. Бул жылы Орусиядан кылмыштуу топтун 13 мүчөсү кармалып, алардын 4-5и экстрадицияланып Кыргызстанга алынып келинди.
– Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошоп, Кыргызстандан чыгып кетүүсү чоң резонанс жаратты. «Анын бошотулушун билип, жетекчиликке маалымдагам, бирок эч кандай чара көрүлгөн жок» деп айттыңыз эле...
– Ал убакта Батукаевди чыгарбай кармап калганга бизге мүмкүнчүлүк берилген жок. Бул тууралуу атайын комиссия териштирүү иштерин жүргүзүп жатат, бүткөндө жыйынтыгын жарыялайт болуш керек.
– «Карышкыр» каймана аттуу Мурсалим Өмүрзаков абакта отурат. Аны «мыйзамдагы ууру» дегендер да, андай эмес дегендер да бар. Камчы Көлбаев экөөнүн ортосунда тирешүү болуп, согушка айланбайбы?
– Азиз Батукаев 9-апрелде Кыргызстандан чыгып кеткен, ал эми 12-апрелде Мурсалим Өмүрзаков анын артынан чыгып кетип жатат. Батукаев Өмүрзаковго «Кыргызстанга барып, кылмыш чөйрөсүн көзөмөлгө аласың» деп тапшырма берип жөнөткөн. Мындайча айтканда, Өмүрзаков Батукаевдин Кыргызстандагы ишенимдүү кишиси жана «мыйзамдагы ууру» статусуна талапкер. Эгер ал Камчы Көлбаев менен тең тайлаша тирешип, таасир талаша алса гана «мыйзамдагы ууру» статусун алышы мүмкүн. Учурда Көлбаев 47-абакта, Өмүрзаков УКМКнын
СИЗОсунда отурат. Өмүрзаков башка абактарга бара турган болсо, экөөнүн ортосунда бийлик талашуу болуп кетиши мүмкүн. Андайга жол бербөө үчүн биз алдын ала иштерди жүргүзүүдөбүз.
– «Уюшкан кылмыштуу топтордун 12 мүчөсү депутат болуп келишти» деп билдирдиңиз эле... Аттарын атап бере аласызбы?
– Айылдык, райондук, шаардык кеңештерде жана Жогорку Кеңеште мурун уюшкан кылмыштуу топтордун арасында жүргөн 12 киши бар. Мисалга, алардын бири Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты «Жин» каймана аттуу Алтынбек Арзымбаев Бишкекте «разборка» учурунда бирөөнү тапанча менен атып салып, азыр камакта. Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы Таалайбек Сүйүнбаев да башка бир депутатты сабап коюп, учурда анын үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Убагы келгенде уюшкан кылмыш тобуна тиешеси бар башка депутаттардын да аттары аталат.
– Кылмыш чөйрөсүнүн саясатка ачык аралашканы качан башталды эле?
– 2005-жылдан бери аралаша баштады. Ошол убактагы бийликтегилер өздөрү кылмыш тобунун мүчөлөрүнө кызмат берип, депутаттыкка койдуруп жиберишкен. Саясатка аралашканынын себеби, креслого жамынып алып, өздөрүнүн кылмыштуу ишин жүргүзүү жана акырындап легалдашууга өтүү.
– Маегиңизге рахмат, ишиңизге ийгилик!
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg