«БИЗ» ТОБУ НЕМИСТЕРДЕН АШКАНДА...

Башталышы – 18:55
Аякташы – 20:55
Көрүүчүлөр – Залдын 80 пайызы
Алып баруучу – Ильяз Агыбай уулу
Мыкты номерлер – «Ыйлай, ыйлай», «Адина», «Атасынын баласы»
Билет баасы – 300-600 сом

Кыргызстанда эки жылдан бери «буй-буй» деген сөз модага айланды. Так ушул сөздүн авторлору, легендарлуу «Биз» тобу 5-январь күнү Спорт Ордосунда жеке концертин берди. «Негизи, кыргыздарга концерт саат канчада болорун жазбай эле, иши кылып кечинде болот деп коюш керек» деп куудулдар тамаша-чынга салып айтып калышат эмеспи. Ушул сөзгө катуу таасирленишкенби же унутуп калышканбы, айтор, «аяш авалар» билетине да, афишаларга да концерттин убактысын жазышпаптыр.
Күүгүм тушта жөнөдүм. Билет алып, бир саамга түшүнбөй турдум. «Улуу Ата Мекендик согуш» деген жазуусу менен орок-балканын сүрөтү бажырайып билетте турат. Кыштын кыраан чилдесине бул жазуунун кандай тиешеси бар? «9-Майда өтпөй калган билеттерден калгандары болсо керек» деген арам ой келет экен...
Сахнанын жасалгасынан өзгөчөлүк деле байкалбайт. Билет саткан эже «концерт жети жарымда башталат» деген, бирок 18:55те башталды. Өмүрү убактысынан эрте башталган концертти көрбөгөн жаным оозум ачылып эле калыптыр. Ошентип, Бактияр байкебиз баш болуп, калгандары төш болуп «Той-тамаша» деген ыр менен жандуу концерт ачылды.
«Лейлегим» башталганда залда отургандар уу-дуу жаратып, айрымдары шылкылдап бийлеп да жибергенинен көрүүчүлөрдүн теңинен көбү лейлектиктер экенин билип койдум. Концерт ортолоп калганда үч айым жана үч мырзаны сахнага чыгарып, «буй-буй» деген кайрыктарды ким келиштире аткара аларын аныкташып, жыйынтыгында жеңүүчүлөргө уюлдук телефондорду ыйгарышты. Дагы бир өзгөчөлүк, концертке ырчылардын бири да конок катары чакырылбаптыр. Ооба, «жеке концерт» деген атына жараша заты болду окшойт. Жалаң гана «Биз» тобунун ырлары жаңырды.
Көрүүчүлөр эми гана кызыганда кашайып концерт бүтүп калбаспы. Саатымды карасам 20:55 болгон экен. Бул концертте тактыгы жагынан «аяш авалар» немистерди артка калтырышты окшойт. Чыгып баратканда «концерт жакшы болду, бирок жаңы ырларды жазбай калышты го» деп күбүрөнгөндөрдү кулагым чалды. Ошентип, ностальгия болуп үйгө кайттым.

Толик сынчы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
vankuver
2014-01-13 12:06:25
Немистерден ашканда десе, кантип ашты экен Германияда концерт коё койдубу экен, деп кире калыпмын тообо.
+5
Kozer
2014-01-13 15:23:29
Аяш авалар деп жазганын чатак болуптурда Толик Сынчы тамашанда тамашага окшобой калыптыр оюнда кулдуром деп ойлосон керек да ээ!!
+5
aitowa11
2014-01-13 17:00:44
Толик сынчы дагы пайда боло калыптырго корунбой калды эле
+1
admin_superstan
2014-01-13 17:58:27
Neizvestnaya, сизге эскертүү!
Жеке айтышууга жол берилбейт.
0
aminali
2014-01-13 20:22:54
Bui-bui degen tajatty,uuuxx ozum da tajadym bui -builap jatyp je unutup da kalbaim.
+2
temyshin
2014-01-13 21:58:32
Биз тобу алга! Талантыныздар ташкындай берсин!
0
Мэри
2014-01-14 11:43:38
"Биз" тобу көп жылдан бери сахнада жүрөт, эмгек кылып жатышат, аздыр-көптүр. Бирок, чынын айтсам, мага жакпайт, ырлары да, топтогу аткаруучулардын үндөрү да. Бир "ии, жакшы экен" деген ырын айта албайм...
0
Шаиста Шатманова
2014-01-15 12:49:41
Мэри, Таң чолпон жылдызы, Жоогазын, Ак көйнөк кийген бийкеч өңдүү ырларын уга элек окшойсуз.
0
admin_superstan
2014-01-14 11:48:56
wwwwalmaz, Neizvestnaya, bosmos7 - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
-1
meredina87
2014-01-14 21:41:15
Ушул "Биз" Тобу вообще жакпайт,бир ыры м.н эле ырдап журо беришет,жаны ыр жаздыршса жакшы болмок.
-1
anarabu05
2014-01-15 00:49:57
жаны ыр жазбай калышты биз тобу?жаны ыр кутобуз?
0
emilkyrshab
2014-01-15 12:32:12
Концерттен да толик сынчынын сындаганы аша тушуп,кызыктуу болуп чыга келдиби дейм...
0
Chika78
2014-01-15 19:47:19
"Ыйлай,ыйлай" деген ырдын автору Улан Ташкожоев.Обону жарала электе текстин суйгонуно берген,куйоосу м-н кызганычтанбы же башка себептенби ажырашып кетишти коп отпой.Эжем м-н иштешчу ошондон билем кызды.Обонун чыгарып автор сонун эле ырдап жургон, кийин "Биз"ырдап калды "буй-буйду"кошуп,башкача иммитациялары м-н...
-1
Rasuli
2014-01-16 19:12:10
менимче "Биз" тобу башкалардын ырыны ырдабаса керек, кайра Улан Ташкожоев "Биз" тобунун ырларыны ырдайт го, "Женелер", "Тан Чолпон жылдызы", "Ыйлай" той ырлары ж.б
0
bemkow
2014-01-18 15:37:47
owto da sonun konsert beriwti janduu un
0
tengara
2014-01-19 15:10:59
Bui buiu degen emne.aityp koigulachy kaidan korsom je ujsam bolot
0
№ 584, 10-январь-16-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан