«СУПЕР-ИНФОНУН» БАЛДАРГА ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БЕЛЕГИ

«Баланы берсе да ден соолугу менен берсин» деген тилекти энелер көп айтышат. Мотурайган бөбөктөр ата-энесинин маңдайында телегейи тегиз, алты саны аман болуп, ийгиликтери менен кубандырып турганына эмне жетсин.
2014-жылдын босогосун аттаар алдында «Супер-Инфо» гезити жана super.KG маалыматтык-маанайшат порталы Бишкек шаарындагы «Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин ассоциациясы» борборунда тарбияланып жаткан балдарга майрамдык маанай жаратышты.
Бул ирет аталган борборго «Супер-Инфо» гезитинин уюштуруусу менен чакан концерт тартууланып, жаңы жылдык белектер берилди. Иш-чарага катышкан өнөр ээлери «Супер-Инфо» гезитинин тандоосу боюнча «2013-жылдын супер дебюту» наамынын ээси Жоодарбешим, эстрада ырчылары Элиза Орозова, Бегимай Бекбоева, жаш ырчы Руслан Абылов, «2013-жылдын супер ырчы мырзасы» наамынын номинанты Данияр Эрматов жана «Акак» комузчулар ансамблинин бийкечтери болушту.


«Супер-Инфодон» балдарга белектер.

«Акак» ансамблинин комузчулары кол ойнотушууда.

Ырчылар Элиза Орозова, Бегимай Бекбоева, Руслан Абыловдор майрамдык маанай тартуулашты.

Жоодарбешим: «Балдар өтө өзгөчө экен. Алардын сүйүнгөн жүздөрүн көрүп кошо кубанып, толкунданып, ырдап жаткан ырыбызды да таппай калдык».

Белектерге ээ болгон балдардын кубанычында чек жок.

Борбордо тарбияланган балдардын жүрөгү назик, өзгөчө аялуу жандар. Бирок алардын жашоосуна аз болсо да шаң киргени көрүнүп турду.

Балдар таягына сүйөнүп болсо да туруп, бийлегенге аракет кылып жатышты.

Ата-энелердин эң башкы максаты – балдарын коомго кошуу. «Балдардын коомчулуктан четте калуусу жүрөгүбүздү оорутат» дешет алар.

«Бир жылда топтолгон стрессти бир күндө чыгарып койдуңар» деген апалар гезиттин жалпы жамаатына ыраазычылык билдиришти.

Гүлжан Асанкожоева
Нурсултан Эстебесов
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Супер-Инфо" гезити балдарга белек таратты
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
nurali20
2014-01-14 11:50:09
Абдан сооп иш кылып жатасынар АЗАМАТТАР!!!!!!Коптогон депутаттардын колунан келбейт бул иш кере к болсо.
+3
no-name
2014-01-19 17:22:17
Балдар болумуно жазбайт беленер, шоу-бизнесте эмне кылып журот бул макала.
0
BAGIROCHKAA
2014-01-31 04:21:02
молодцы !супер инфо низкий поклон ! А че звезд так мало ? Где выскачка анжелика , фиона айгерим , сайкал , этот нурлан, чолпонай, нон стоп, это лобастая аселя ? А ещё хвастаются что любят детей , и всегда стараются в таким мероприятиях участвовать !
0
№ 584, 10-январь-16-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан