Кыштын ызгаарын унутуп, алыскы ысык өлкөлөрдүн бирине эс алчу жолдомонун ээси – «Супер сулуу-2013» наамын жеңип алган Орункүл Шабралиева. Бир нече кымча белдин ичинен суурулуп чыккан сулуу бүгүн биздин мейман төрдө. Коногубуз сынак учурундагы атаандаштык, тилектештик, бүгүнкү күнгө чейинки ийгиликтери, ата-энеси, балалыгы туурасында кеп учугун улады.
Толук аты-жөнү – Шабралиева Орункүл Жетимишовна
Жашы – 20
Бою – 170 см
Салмагы – 55 кг
Параметри – 89-61-90
Учурда – Исхак Раззаков атындагы Техникалык университеттин финансы-кредит факультетинин
4-курсунун студенти
– Орункүл, наам кут болсун! Баш байге аларыңа ишендиң беле?
– Баш байгеге кыздардын баары татыктуу болчу. Ар бири сулуу, таланттуу, бойлору узун дегендей. Алдыңкы орундарга илинеримди билгем, бирок баш байгени алам деп күткөн эмесмин. «Ажарлуу сулуу» наамы берилгенден кийин маанайым чөгүп калды. Анткени мен болгону үч орун бар деп билчүмүн, анын үстүнө «Ажарлуу сулуу» дегендерин укпай, баш байге Рахима Кускаковага кетти деп ойлогом. Калып калган турбаймынбы дегиче болбой баш байге ээси деп менин атымды аташканда буттарым титиреп, калтырап кеттим. Кубангандан кандай реакция кылып жатканымды деле билген жокмун, кийин видеосун карасам секирип-секирип алыптырмын.
– Утканыңды кимге биринчи сүйүнчүлөдүң?
– Жакындарым, досторум баары мени колдоп филармонияда отурушкан. Сынактан кийин дароо эле апама телефон чалдым. Ал Таласта болгондуктан келе алган эмес. Ага туугандарым мага чейин эле айтып коюшуптур. Апам болсо менин сынактарга көп катышканыма көнүп калган окшойт, өтө деле эмоциясын көрсөткөн жок. Ошентип, эч кимге деле сүйүнчүлөгөн жокмун.
– Сынактан эмне алдың?
– Мен сахнаны жакшы көрөм. Сахнага чыкпай калсам заряды түгөнгөн аппараттай эле алсыз болуп калам. Утпасам деле бир топко жеткидей күч-кубат топтоп алмакмын. Баш байге ээси болуп жатсам кандай энергия алганымды түшүнүп жатсаңыз керек. Анан да эң башкысы, парасыз, тааныш-билишсиз сынак бар экенине сүйүндүм. Буга чейин бир топ эле сынактарга катышкам. Бирок баш байгени жеңе элек болчумун. Анан эле «сатылып кетиптир» дей беришчү. Бул сынакта талантым, келбетим менен бирөөнүн жардамысыз таажы кийдим. Сынак алдынан деле «Супер сулууга» катышып жаткан кыздар «сатылып кетиптир» деген сөз чыгарышты. Бирок баштагандан кийин аягына чыгыш керек, кимге буюрганын убакыт көрсөтөт деп өзүмдү жооткотуп койгом.
– Атаандашым деп кимди ойлоп жаттың эле?
– Кыздардын баары сулуу болгондуктан эч бирин ойлогон эмесмин. Сынакка чейинки даярдыкта эмес, жүрүшүндө кыздар өзүн татыктуу көрсөтүшү керек экенин, ушул нерсе чоң роль ойноп кетерин билчүмүн. Ошондуктан толкунданбай, жылмайып, күлүп турганга аракет кылдым. Сахнага чыкканымда элдин, калыстар тобунун жогорку баасына татыганга, жылмаюум менен алардын эсинде калууга болгон күчүмдү жумшадым.
– Кубанычыңды тең бөлүшкөндөрдүн саны сууй элек болуш керек...
– Катышкан кыздар сынактан кийин өзүбүзчө майрамдайлы деп сүйлөшүп жатканбыз. Кыздарга жууп берейин дегем. Бирок жеңилүү ызасын тарткандар дароо эле кетип калышты. Адам жеңүүнү да, жеңилүүнү да көтөрө билиш керек деп ойлойм. Андан кийин жакындарым менен белгиледик. Алдыда дагы чоң пландар бар. Эртеси окууга барсам, тааныган-тааныбагандар деле, мугалимдер куттукташты. Анан интернеттеги социалдык тармактарда отургандардан да көптөгөн куттуктоолорду алдым.
– «Сулуу кыз менен күлүк ат – эл энчиси» деген сөз бар. Жигитиң болууга ашыккандар көппү?
– Сөз айтып артыман чуркаган жигиттер көп. Жок десем аны түшүнүү менен кабыл алып тынчып калгандар да, кайра опузалап коркуткандар да болот экен.
– Эч кимди жаныңа жуутпай жатканыңа караганда жигитиң бар окшойт...
– Мени карап, кайтарып жүргөн адам бар.
– Учурда моделдик чөйрөдөн сырткары эмне менен алектенесиң?
– Окуйм, андан сырткары үлпөт көйнөктөрүн сатуучу салон иштетем. Аны бөлөм экөөбүз ачканбыз. Ар түрдүү кардарларыбыз бар, бири Италиянын кымбат баалуу көйнөгүн кийгиси келсе, кээ бирлер өзүбүздүн тигүүчүлөрдүн кол алдынан чыккандарды каалашат.
– Ата-энең, бир туугандарың жөнүндө айта кетсең?
– Ата-энем жеке ишкерлер. Үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз. Мен улуусумун. Менден кийинки сиңдим Юридикалык академиянын 1-курсунун студенти. Анан иним түрк лицейинде окуйт. Кичүү иним 3 жашта. Кичүү инимди айта албайм, калган үчөөбүздүн кызыгуубуз ар башка. Мен моделдик чөйрөгө кызыгып, ар кандай сынактарда өзүмдү сынап жатсам, сиңдим өзү окуган окуу жайдын волейбол боюнча курама командасында ойнойт. Иним болсо чет тилдерин өздөштүргөндү жактырат.
– Буга чейин чет өлкөгө чыктың беле?
– Жок, чет өлкөгө чыгуу мүмкүнчүлүгүн мага биринчи жолу «Супер-Инфо» тартуулады, абдан ыраазымын. Окуганы барып келейин десем дагы ата-энем жиберишчү эмес. Эми жыйырмага чыктым, уруксат беришсе керек.
– Качан турмушка чыккың келет жана канча балалуу болууну каалайсың?
– Турмушка чыгууну азырынча ойлоно элекмин. Биринчиден, окуумду аякташым керек, карьера жасашым керек дегендей. Негизи кыздар 22-23 жашында чыкса туура го дейм. Көрө албастар ар нерсени айтышат, жазышат экен. Мен жеңүүчү болгондон кийин “Орункүлдүн баласы бар” дегендер да болду. Чынында андай эмес, турмушка чыга элекмин, балалуу да боло элекмин. Алдын ала мынча балалуу болгум келет деп айта албайм, бул Кудайдын буйругу. Бирок ичимден 2-3 баланын энеси болсом деп кыялданам.
– Ала качып кетсе отурат белең?
– Жок, отурбайм, жигиттерче мушташам дебейинби. Тааныбаган кызды деле ала качып кетип жатышпайбы, мен аларды түшүнө албайм. Ар бир кыз өзүнүн сүйгөн адамына турмушка чыгып, бактылуу жашашка укугу бар.
– Куда түшүп келгендер болду беле?
– Болгон. 11-класста окуп жүргөндө эле мындай көрүнүштөр жашоомдон орун алган.
– Алдыга койгон ой-максаттарың менен бөлүшө кетсең?
– Келечекте дипломумдун үзүрүн көрүп финансист болуп банкта иштегим келет. Кичинемден эле математика сабагын жакшы көрөм. Ошондуктан ушул кесипти тандап алгам. Моделдик кесип менен 30 жашка чейин гана алектене аласың. Буга чейин бир нече сулуулар сынагына катышкам. «Супер сулууга» катышарда бул менин акыркы сынагым деп өзүмө сөз берген элем. Акыркысы мага жеңиш алып берди. Таажы мага мен күтпөгөн көптөгөн ийгиликтерди алып келет деп ишенем. Буга чейин бир нече клипке тартылгам. Учурда көптөгөн кино, клиптерге сунуш түшүп жатат, өзүмдү ошол тармакта да көрсөткүм келет.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg