ИЙ, БЕТИМ!

«Турмуштун өзү тамаша» демекчи, күнүмдүк турмушта боорду эзген окуяларга жолугуп эле жүрөбүз. Атактуулар айылына баш багып, тамашалуу окуяларга кулак салдык.

Асел Кадырбекова, ырчы:«ТЕПКИЧТЕН ТОГОЛОНУП КЕТИП...»
– Мындан 3 жыл мурун көп кабаттуу үйдүн 4-кабатында жашачумун. Үйгө кирип баратсам мага аябай жагып жүргөн жигит туруптур, аны көрүп тайсалдап тепкичтен тоголонуп кеткем. Тиги жигит чуркап келип тургузуп жатпайбы, кулап түшүп бир жерим ооругандан эмес, тиги жигитке уят болгонума чыдабай ыйлап жибергем. Азыр да ушул окуяны эстесем боорум эзилет.

 

 

 

 


Сүйүн Откеев, режиссёр:«АЯЛЫМА УЯТ БОЛГОМ»
– Эсимде, бир жолу даараткананын жарыгы өчүп калды. Жубайым болсо «оңдоп кой» дейт. Үйдүн кожоюну катары барып, колумдан келбей койду. Ошентип 2 ай жарыгы жок, шам чырак менен киребиз десең. Анан аялым сүйлөнүп отуруп, электрик чакыртып жатпайбы. Ал келип «лампочканы катуураак бураш керек да» деп 200 сомду алды да, кетип калды. Анан аялымдан уялганымды айтпа. Азыркыга чейин жубайым «лампочканы бурай албай койгонсуң» деп тамашалап калат.

 

 

 


 

Аваз Акимов, ырчы:«ШЫЛКЫЙЫП ӨЛҮМҮШ БОЛГОНДО...»
– Анда 1-класста окучу элем. Балдар менен ойноп жатып, өзүмдөн чоң баланы кар менен башка уруп качкан элем. Тиги баланын жини келип кууп жетип, моюнумдан муунтуп алды. Урдум, тептим, алым жетпей койду. Анан айлам кетип көзүмдү жумуп, башымды шылкыйтып өлүмүш болуп калсам, муунтуп жаткан бала коркуп кетип коё берген. Классташтарыма жолуккан сайын «ошондо эле актёр элең» деп каткырып калышат.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
Begai_kg
2014-01-13 17:09:42
ххахахахаха
+1
eliza89
2014-01-13 17:31:49
)))конулду которгон окуялар экен,бир кулуп алдым го.
+2
Ханбийке
2014-01-13 17:39:35
хе хе Аваз менен Аселдин жазгандары жакты!
+1
nurjana83
2014-01-13 17:49:37
ха-ха-ха кыска жана кызыктуу маалыматтар super.
0
N.Bakazova
2014-01-14 01:58:29
Avaz akterlordun akteru eken, azamat!
+2
tina-janka
2014-01-14 02:29:38
Суйун Откеевдин окуясы кулкумуштуу эмес еле .......
0
Zemlyanin
2014-01-14 03:10:01
Хахаха-ха Асельди элестетип алып боорум эзилди! Эээх Асеееель мени коргондо да ушинтсен кана'(
+1
uluk2014
2014-01-14 08:56:20
Асель эженики хаха болгон экен..
+1
marin
2014-01-14 21:18:32
Хе хе сонун окуя экен.
0
kuba.kg
2014-01-14 21:54:01
((((((((((((((((((( лампочкааааааааааааааа)))))))))))))))00
0
meredina87
2014-01-14 21:58:03
ушул Асель деген кыз мага аябай жагат,кийингени да озуно жарашат,ийгилик сага,
+1
azamat4ik
2014-01-15 15:45:36
асель айым аябай катуу сурдогонго ха-ха-ха.....жаман болуптур
+3
sezishka92
2014-01-17 12:15:41
Аселя оочень ухоженная. Молодец так держать!
+1
no-name
2014-01-19 17:11:48
Асель жигит десе озун тамдан таштаганга даяр экен да хе-хее
+1
zolotoy-magnat
2014-03-14 23:30:11
хахахах Доке сени муунтуп койгон Мен болчум.
0
№ 584, 10-январь-16-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан