НИКЕ ТҮН

Биринчи нике түндү өзгөчө, эсте каларлык кылып өткөрүү ар бир адамдын өз колунда. Эгерде сиз да унутулгус кечтин ээси болгуңуз келсе, анда төмөнкү кеңештер жардамга келмекчи.

Бийкечтер үчүн кеңештер

  • Ачык-айрым, эч нерседен тартынбаган бийкеч болсоңуз, биринчи түнгө камданып, “алигиңизге” өзгөчө чачтарам жасатсаңыз болот. Мындай чачтарам болочок түгөйүңүздүн түбөлүк эсинде калары бышык. Кааласаңыз, төшүңүзгө убактылуу татуировка тарттырыңыз. Бул да сексуалдуу көрүнүүнүн жолу.
  • Өзгөчө ич кийим да биринчи түндө башкы ролду ойнойт. Андыктан сизди сексуалдуу көрсөткөн, ачык түстөгү ич кийим тандаганыңыз оң. Нике түнү сүйүктүүңүзгө “сюрприз” катары кийип алыңыз.
  • Үйлөнүү тоюнан соң кыз өзүн алсыз сезип, чарчашы ыктымал. Буга карабастан, маанайды түшүрбөөгө умтулуу керек. Көшөгө артында сүйүктүүңүздү каалагандай жакшы сөздөр менен эритип, эротикалык массаж да жасап бериңиз. Денесин назик колдоруңуз менен укалап, сыйпалап, өзүңүздү эркин кармаңыз.
  • Төшөктө колдон келсе, сүйүктүү­ңүздүн кулагына жагымдуу сөздөрдөн айтып, шыбыраңыз. Мисалы, “кыздык белгимди бир гана сен үчүн сактагам. Бул түнү сага гана арнайм.” ж.б.
  • Биринчи түндө өбүшүү да мааниге ээ. Албетте, мырза өзүнүн күчтүүлүгүн көрсөтүп, жубайлык милдетин дароо эле аткаргысы келет. Бирок сиз буга жол бербеңиз. Аны өпкүлөп, өзүңүздү да кошо дүүлүктүрүңүз.

Мырзалар үчүн кеңештер

  • Биринчи түндү өзгөчө кылып уюштуруу мырзанын колунда экени талашсыз. Мисалы, мейманканада, яхтада, кыскасы, сиздин фантазияңызга жараша. Сиз тандаган жайда жагымдуу музыканын угулуп турушун көзөмөлгө алыңыз. Бул түнү сүйүктүүңүз жактырган гүлдестени белекке берүү, романтикалык маанай тартуулайт. Колдон келсе баалуу белек берүү, сүйүктүүңүздүн жүрөгүн түбөлүккө багындыруу менен барабар экенин унутпаңыз.
  • Эгерде кумар оюндарын жактырсаңыз жана сүйүктүүңүз каршы болбосо, кадимки карта оюндарынан баштасаңыз болот. Албетте, акчага эмес, кийимдерди чечинтүүгө. Кыскасы, бул оюнда улам бирден кийимдер чечилип отуруп, өзүңүздөрдүн кантип жылаңач болуп калганыңызды байкабай калмаксыз.
  • Биринчи түн эки жаш жубай үчүн сүйүүнүн түнү болуп саналат. Ошондуктан жигит эч качан ашыкпай, сүйүктүүсүн эркелетип, делебесин козгоочу жерлерин сылап-сыйпалап, сүйүү сөздөрүн кулагына шыбырап, денесин балкыткан соң гана өз ишине өтүүсү керек.
  • Кыз менен жигит толкунданып жатып, тамакка табити тартпай калышы ыктымал. Ошондуктан нике түнү мөмө-жемиштин, таттуулар менен суусундуктардын уктоочу бөлмөдө турганы жакшы. Булар менен бири-бириңиздерди сыйлап, энергия топтоңуздар. Жыйынтыгында, эротикалык маанай өзү жаралат.
  • Секске байланыштуу ыкмаларды сунуштоо, мырзанын милдети экенин да унутпаңыз.

Биринчи түндө колдонулуучу ыкмалар

Эркек үстүндө

Кыз чалкасынан жатып, жамбашынын астына кичирээк катуу жаздыкты төшөп алат. Эки бутун тизесинен бүгүп, эки колу менен такымын кармап, өзүнүн көкүрөгүн көздөй тартат. Жигит кыздын үстүнө чыгып, салмагын салбоо үчүн эки чыканагына таянып, бир колу менен жыныс мүчөсүн кыздын “алигисине” такайт. Акырын кыздын “бейиш багына” киргизе баштайт. Эгер кыздын жан жери ооруп баштаса, анда жигит ишин саамга токтото туруп, сүйүктүүсүн эркелетет. Анан кайра акырындык менен тереңирээк киргизүүгө өтөт. Ушул учурда кыздын кыз белгиси айрылышы ыктымал.

Дагы бир түрү

Кыз уктоочу керебеттин четине чалкасынан жатып, тамандарын жерге жакшылап такап, буттарын эки жакка керип таштайт. Жигит салмагын таштабагыдай кылып, үстүнө жатат да, өз милдетин өтөйт.

“Чабандес”

Жигит буттарын сунуп, жерге же отургучка олтурат. Кыз шашылбастан эркектин моюнунан кучактап, анын “алигисин” жыныс кынына киргизген соң минип алгандай отурат. Бул ыкмада экөө каалашынча өбүшө алышат. Анын үстүнө, кыздын эмчектери эркектин делебесин козгойт.

Эркек артында

Кыз жерге тизелеп эки колу менен чыканактап, жамбашын өйдө көтөрөт. Жигит артынан келип чыңалган “алигисин” жыныс кынына акырындап киргизет. Кааласа, жигит эки колу менен кыздын белинен кармап, жамбашын өзүнө тартса болот. Кыздын жыныс кыны ооруп чыкса, анда жигит бир колу менен кызды назик сыйпалап, дүүлүктүрүшү керек.

Эркек менен аял бир капталында

Жигит менен кыз бири-биринин жүзүн карашып, бир капталынан жатышат. Жигит буттарын түз сунат, ал эми кыз бир бутун өйдө көтөрүп, жигитинин жамбашына чыгарып коёт. Кыздын көтөрүлгөн буту эркектин жамбашынан жылбышып түшүп кетпес үчүн жамбашынын алдына кичине жаздык коюш керек. Бул ыкманын өзгөчөлүгү бири-бирине салмагын ташташпайт жана кенен-чонон өбүшүп, чарчашпайт. 

Унутпа!

Нике түнү кыздын кыз белгиси айрылгандан кийин жигит 4-5 күнгө чейин жыныстык катнашка барбоосу керек. Анткени кыздын “алигиси” жаракаттан айыгышы зарыл. Эгер жигит өзүмчүл болуп түгөйүн кыйнаса, аял төшөктөн көңүлү калып, “муздак аялга” айланып калуусу ыктымал. Муну унутпоо керек!

Нике түн үчүн керектүүлөр:

  • Жыпар жыттуу шам;
  • Массаж үчүн май;
  • Эротикалык журнал же китеп;
  • Интимдик крем же гель.

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
tentek
2009-10-05 17:57:49
Jakshi nerse, bilip alish kerek
0
lovely aika
2009-11-29 07:14:57
ech nerse tushungon jokmun.
0
i_am_simple
2015-04-12 01:33:56
lovely aika,кийин тушунуп аласын
-1
jhanibek
2012-05-30 06:23:18
проста класс
0
bektursun2010
2012-07-26 20:36:03
азыркы кыздардын кыздыгы бар жогуна ишенуу да кыыйынга тура
+2
bek92
2012-09-06 04:44:57
кыз болбосо 3 монотто кыз болот да (гинеколог женесин чакырып.
-2
tilek88.88kg
2012-09-12 12:38:40
Кыз болбой калса дароо отказ кылышы шарт! Барибир туболук жашо уланышы кыйын.
-1
erik8477
2012-09-15 14:23:06
кыздыгы болуш кыйынго азыркы заманда
-1
PePsI
2012-10-20 23:20:51
:) бир эки баш чеснок бир букет гулду сасытып жибериптир
-3
Aiperi.edil
2013-04-21 17:02:57
баары эле ркшош эмеско кыздыгы бар кыздар деле коооп эле
+4
altysha.kg
2013-06-21 23:19:57
owoda bar da
+1
elnurkou
2013-06-27 12:53:37
эн башкысы суйуу эгер жигит кызды суйсо кыздыгына карбайтта
+2
roma91
2013-07-13 11:55:45
Эрик анда сен карындашындан да кумон санайсынбы нысап берсин десен э...
0
Rombaba
2014-01-25 07:59:05
Ээ кудай десенер биринчи башкаларды кунолообой озундун уйундогу аял затын эстеп койсонор ээ
+1
jomik_kg9595
2014-02-10 07:23:07
Никелеги уйротулгон ыкмалар романтика го аа жактыэске тутуп алдым
0
dasta
2015-09-30 20:29:06
азыркы учурда мумкун болсо балдар менен азырак жаткан кызга уйлонуш керек хахахахах
+2
№ 361, 2-8-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан