КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ТАЖИКСТАН ЧЕК АРАСЫН ЧОГУУ КАЙТАРАТ

Кыргызстан менен Тажикстан 7-январь күнү бирдиктүү чек арадагы көйгөй жараткан тилкелерди чогуу күзөтүү жөнүндө келишишти. Ал коңшу мамлекеттин борбору Дүйшөмбү шаарындагы тажик-кыргыз чек арасы боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынан кийин белгилүү болду. Кыргыз тараптан делегацияны вице-премьер Токон Мамытов жетектеп барды.
Эске салсак, өткөн жылдын декабрында Тажикстандын Ворух анклавынын жанында жайгашкан Ак-Сай айылында тургундар арасында чыр чыккан болчу. Ал жол жабууга чейин барып, ак-сайлыктар бийликтен тажиктердин аймагын айланып өтүүчү жол куруп берүүсүн талап кылышкан.
Маалымат үчүн: Кыргыз-тажик чек арасынын аралыгы 1000 чакырымдын тегерегин түзөт, анын ичинен дээрлик тең жарымы талаш жараткан тилкелер болуп саналат.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
future_kg
2014-01-13 13:32:31
Ооба кордук ,кантип биргелешип кайтарганын:(
0
Davlet1994
2014-01-13 13:52:47
ушунтип олтуруп сатып ийишпесе эле
0
Ханбийке
2014-01-13 23:45:34
ушу чек ара чыры бутпос болду го.
+1
egemberdievagulbara
2014-01-14 01:30:02
Э тообо ушу тажиктер жинге тийдиго озубуздун проблема толуп жатканда булардагы проблема кошуп.не болсода ата енелерибиз тынч болсун.
0
hakker
2014-01-14 20:14:44
Бийликтегилер покту жеп журушобу ушунча жылдан бери чек араны чечишпей.Бир столго олтуруп чечиш керек элди кыйнабай себеби чек араны эл кайтарып атат.Буларды тоготпойт да ошон учун суйлошпойт.Озбектер менен тажиктер кун санап бизге карай жылып келатышат аны ойлогон эч ким жок.Жерибиз барган сайын кичирейип баратат.Жерлерди сатып туруп Туркияны коздой качат булар.Бизди ушунча койлор бар деп шылдындап коюп журо беришет.
+2
liliya-gul
2014-01-15 19:55:34
120 жеп жутарлар эмне эч ойлонбойт тообо
0
bek-rusu
2014-01-15 20:00:03
аттин! чондор баары айылдан башталат элего , бул койгойду ким чечет
0
nukesh
2014-01-17 15:27:39
ээ чондорубуз эч нерсе билмексек КТРка сатылган Баткенде абал тынч эмес Тажик тарап танкалары менен келип согушканга даяр турушат ушунтип карапайым калкыбыздын бизин уяты жок чиновниктер канын ичип бутуштту уялса болот байкуш элим аман болсун Чондорубуз жеп жаткандан уялбайт аларды атып салыш керек
+1
№ 584, 10-январь-16-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан