(Башталышы өткөн санда)
Машина ордунан козголор замат айдоочу ойноктогон көздөрү менен жаш кызды карап:
– Менин атым Таштан. Жогорку айылда жашайм. А сиздин атыңыз ким болот?- деп кеп учугун баштады.
– Канышай.
– Эртелеп кайда жөнөп калдыңыз?
– Райондун борборуна, андан соң шаарга.
– А шаарда окуйсузбу же иштейсизби?
– Окуйм.
– Жолдошуңуз барбы?
– Жок!
Айдоочу кызды улам көзүнүн кыры менен шектүү карап коёт.
– Мен сизди бир жерден көргөндөй болуп жатам. Самат аттуу таанышыңыз жок беле?
«Самат» деген сөздү кулагы чалганда Канышайдын жүрөгү бир болк этип алды. Бул кайдан тааныйт аны? Бир саамдан соң гана үнү калтырап:
– Андай таанышым жок,- деген жообун узатты.
Бирок айдоочуну тик карай албай көзүн ала качты. Канышай аны менен сүйлөшкүсү келбесе да, ар бир суроосуна жооп берүүгө аргасыз эле.
– Бизнестин битин сыккан бир досум бар, ошонун сүйлөшкөн кызына окшошуп кетет экенсиз,- деген айдоочу өз ою менен алек боло түштү.
Ооба, так эле ошол кыз. Жанында отурган кызды тааныса да, анын жообунан соң өз көзүнө өзү ишене албай турду. Былтыр шаарга барганда группалаштарына жолугуп, кафеде түн
бир оокумга чейин майрамдашкан. Ошондо Самат аттуу группалашы бир жаш кызды ээрчитип келген. Атын жакшы эстеп калбаса да, эркек эмеспи, кызыгып койгон эле.
Канышайдын бети чымырап чыкты. Эми эстеди. Бул адамды бир отуруштан көргөн экен. Ошентсе да сыр берген жок. Ортодо тынчтык өкүм сүрүп, машинанын ичи жылый түштү. Канышай ойлуу терезеге тигилди. Эми эмне кылат? Аны алдыда кандай тагдыр күтүп жатканы белгисиз. Башы маң. Жол боюндагы талдар, кан жол улам артта калып жатты. Көзү илинип кетиптир.
– Жеттик, чоң кыз,- деген айдоочунун үнүнөн улам ойгонду.
Көзүн ушалай эки жагын караса, райондун борборундагы бекетке жетишкен экен.
– Рахмат, байке.
Канышай чөнтөгүнөн акча алып чыгып сунду эле, айдоочу албады. Машинадан түшүп, автобусту көздөй бет алды. Айдоочу болсо шектүү көз караш менен тиктеген калыбында кала берди. Билет сатып алып автобуска отурган Канышай үшкүрүнүп алды. Аны алдыда кайрадан «бороон-чапкындуу» калаа күтүп жаткан эле.
ххх
Керим келинчегинин сөзүн эп көрсө да, бир ооз аймактык тескөөчүгө түндөгү окуя тууралуу кабарлап коюуну туура көрдү.
– Көрөбүз, участковый менен да кеңешели.
Ал акырын үн ката эшикке чыгып, айылдын участкалык бөлүмүн көздөй жөнөдү. Барса аймактык тескөөчү Азамат иш ордунда экен. Керимди көрүп ордунан тура калган формачан жаш жигит озунуп салам айтты:
– Ассалоом алейкум, Керим ага, келиңиз! Кайсы шамал айдап келип калдыңыз?
– Валейкума ассалоом, жумуштап эле.
– Тынччылыкпы? Отуруңуз.
Анын бет маңдайына отурган Керим сөздү дароо ток этер жеринен баштады:
– Түндө эшиктин алдына бирөөлөр кыз бала таштап кетишиптир...
– Койсоңузчу, кайдагы тамашаны айтпай.
Азамат мостоё түштү.
– Тамашасы жок, бир баланын тагдыры сага тамашабы?!
Керим кабагын чытый ачуулуу үн катты. Азамат эмне кыларын билбей карбаластап калды.
– А бала азыр кайда?
– Менин үйүмдө. Жеңең карап калды.
– Жүрүңүз анда чогуу баралы.
Экөө ээрчише Керимдин үйүнө келишти. Азамат блокнотун алып чыгып, ошол замат түндөгү окуя тууралуу маалыматтарды чогулта баштады. Коңшу-колоңдор бат эле чогулуп калышты. Аларды да суракка алды. Арасынан көргөн-билгендери жок болуп чыкты. Баланы эмне кылыш керек? Топтолуп тургандардын баары ушул суроого өз ичтеринен жооп таба албай бушайман.
– Ий, байкуш, кызыл эт ымыркайды таштаганга кайсы таш боор эненин колу барды экен? Керимдердин баласы жок экенин билгендер го, сыягы...
Четте турган эки аял күбүр-шыбыр түшүп калышты. Бардыгы эми эмне дейт дегенсип Азаматтын оозун жардана карашат.
– Керим байке, жүрүңүз, баланы ооруканага алып барып, ден соолугун текшертели. Андан соң райондун борборундагы жетимдер үйүнө жеткирели.
Бул сөздү укканда Керим эмне дээрин билбей айласы куруду. Аңгыча ошол жерде турган Абдылда аксакал сөзгө аралашты:
– Айланайын уулум, бул ымыркайды Керимге эле берсеңчи. Билесиң, Сабиранын согончогу канабай жүрөт, жакшынакай кылып багып алышсын. Таштаган адам деле Керимдин баласы жок экенин билип, багып алсын деп таштаса керек...
– Туура, туура!
Азаматтын айласы кетип, башын кашыды.
– Макул, туугандар, эгер силер эп көрсөңөр, баланы Керим байкеге калтыралы. Ушул жерде тургандар кийин бир ызы-чуу чыкса күбө болуп бересиңер!
Азаматтын бул сөзү бардыгына жага берди. Керим кубанып кетти чындыгында. Азаматты чыканактан жетелей элден оолак алып чыгып, алкышын айтып жатты. Сабиранын көзүнө жаш тегерене карап тургандарга кайрылды:
– Жүрүңүздөр, үйгө кирип чай ичиңиздер!
ххх
Канышай жол жээкте турду. Кайсы жакка барарын билбей башы маң. Шаардын көчөлөрүнөн кыйма-чийме унаалар өткөн сайын мойнундагы жоолугу ары-бери шамалга сеңселет. Акыры аялдамага келип токтогон троллейбустун бирине отуруп алды. Кайда баратканын өзү деле билбейт, иши кылып шаардын чок ортосуна жетсе болду. Эмнегедир артта калган бактылуу күндөрүн эстеп сейил бакта отургусу келген. Барды. Айдар менен алгач ирет таанышкан бак түбүндөгү отургуч ошол боюнча. Эч нерсеси өзгөрбөптүр. Аттиң, андан бери канча тагдырлар өзгөрдү... Канышай жашып кетти. Анан муздактыгына карабай отургучка көчүк басты. Ары-бери колтукташып өткөн жаштарды көргөн сайын ичи туз куйгандай ачышат. Көпкө ойлонуп отурду. Жатаканага барайын десе, эбак эле окуудан айдалып кеткен. Айдарга кайрадан кайтып барууну жүрөгү ушунчалык дегдеп жатканы менен, моюну жар бербейт. Анын үстүнө Айдар эми кечирбестир... Кайрадан мунарыктуу ойлор. Көпкө ойлонуп, акыры бир чечимге келди. Күүгүм кирип, үшүп кеткен Канышай түз эле Самат байкесинин үйүнө жөнөдү. Самат жумуштан кайтып, жаңы эле чай кайнатып жаткан болчу. Эшиктин чырылдаганынан барып ачты да, бирөө башка таяк менен чаап жибергендей эси ооп туруп калды. Себеби сүйүктүүсү бет маңдайында турган эле...
(Уландысы кийинки санда)
Асхат Субанбеков