ТАГДЫР ОЮНУ-3

(Башталышы өткөн сандарда)

Той жакындаган сайын, ал тууралуу сөз болсо эле Данек апкаарып, куду бир кылмыш кылып койгондой уялып кетчү болду. Кээде ордунан шарт туруп качып кетет. Эки жашты кыйнай бербейли деп ата-эне азыраак адам чакырып, чакан той берише турган болду. Дагы эң чоң окуя, эки чоң үй-бүлө биригип, тойго чогуу кам көрө башташты. Бул жолу Аскат атасы менен ачык сүйлөштү.
– Ата, көп жылдар апамды менден алыс кармаганыңызга, аны майрамдарда же каникулда гана көргөнүмө макул болуп жашадым. Мындан ары андай кылгым келбейт. Апам да менин тоюма катышып, андагы эң маанилүү адам болгонго акысы бар. Экөөңдүн ортоңордогу таарынычка менин эч кандай тиешем жок, бирок мен уул катары талап кыла алам деп ойлойм.
– Мен дагы ойлонуп жүрөм, уулум. Эми бизде таарыныч, кызганыч же кектөө калбады. Апаңды чакыр, чогуу болсун, ал тургай үй-бүлөсү менен келсин. Буга Алина да каршы болбойт,- деп Азирет өзү уруксат берген.
Ошентип, эки үй-бүлө чогуу тойго камданып жатышты. Бардыгы үйгө жакшылык, нур түшкөндөй кайпактап, кубанып жүрүшөт, болгону тойдун ээлери эле эмне кыларын билишпейт. Данек тура качса Аскат анын аркасынан жөнөйт. Өмүр бою ага-карындаш болуп келген экөө өзгөчө ата-энесинин көзүнчө уялып жатышты. Жаш баланыкындай жоруктарына экөө каткыра күлүп алышат.
– Апам экөөбүз эртең көйнөк тандаганы барабыз,- деди Данек.
– Мени ээрчитип алгыла.
– Жоок, сен мени көрбөшүң керек.
– Уурданып болсо да көрүп алам...
Ушул учурда бакчада кыңылдай ырдап, куурчагы менен ойноп жүргөн кичинекей Нурайды көрүп калышты.
– Нурай сага аябай окшош, далай жигиттин жүрөгүн оорутат го...
– Нурайка, чынбы, сен мага окшошсуңбу?
Ал көзүн бакырайта тиктеп калды да, улутуна башын чайкай берди.
– Эй, сага эмне болду?- деди Аскат кичине кызды эркелете.
– Менин сеникиндей узун чачым жок, анан кичинекеймин, менин жигитим да жок. Атам менен апам «сен чоңойгондо алы-ыс жакка окутабыз» дешти.
Бирин-бири тиктеп алып күлүп жиберишкен экөө ортолоруна Нурайды отургузуп алышты.
Чындыгында, Азирет менен Алинага бул кыз тагдырдын белегиндей болду. Экөө ушул кичинекейдин ааламында айланып, өз наристесиндей мээрим төгүп, эми гана чыныгы үй
бүлөгө айланышкандай. Кээде Азирет тизесине отургуза жомок окуп берип жатса, Алина чачын ар кандай кылып өрүп берүү менен алек.
– Атам менен апам эми чындап бактылуу...- деди Данек.
– Эми биз дагы чындап бактылуубуз!- деди Аскат салтанаттуу.
Экөөнүн тилегин коштогондой Нурай бактылуу жылмая берди.
Аппак көйнөк кийген колукту аста басып элдин алдына чыкканда баары суктана тиктеп калышты. Адамдын көзү кандай керемет! Андан бакытты да, өкүнүчтү да, кайгыны да бирдей окууга болот. Данек көздөрүнөн бакыттын нуру төгүлүп, ого бетер көркөм эле. Колуктусун биринчи жолу көрүп тургансып Аскаттын оозу ачылды да калды. Өзүнө периште жылмайып, утурлап келе жаткансыды. Ал эми күйөө жетип, колуктусун жандай чогуу басканда аларга адамдар эмес, аалам өзү суктанып тургандай эле. Бирин-бири толуктап, бирин-бири чексиз сүйгөн эки адам бактысын утурлай бара жатышты. Ушул учурда кимдир бирөөнүн катуу үнү тойго келген элди, той ээлерин да селт эттирди.
– Токтогула! Бир азга токтоп тургула!
Кайдан-жайдан чыга калганы белгисиз Илимбек аларды армандуу тиктеп турган эле. Жүзү купкуу, алда жаман нерседен кабар бергендей сумсаят...
– Токтогула, силерге бир ооз сөзүм бар...- деп энтиге токтоду. 

  (Уландысы кийинки санда)

Жолдошбек Кудайбергенов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (29)
SaliXa
2014-01-20 13:39:26
Дагы эмне болуп кетет экен?
0
mirrow
2014-01-20 15:20:03
kudai ai, uwul juma butot go dese....
0
eliza89
2014-01-20 16:36:39
Ушу Илимбек тажатты эй.Эмнени баштаганы турат?Атасы болуп чыга келбесе эле болду?
0
naka11
2014-01-20 23:58:03
eliza89, кимдин атасы болуп?
0
Araika
2014-01-20 17:17:23
sabyr tileim sabyyr!!!
0
marin
2014-01-20 18:48:24
Кутуу...
0
Gulichka.milichka
2014-01-20 19:16:42
ииий эми не болуп кетет экен.Мени да чочутуп ийди гооо
0
rozka
2014-01-20 21:58:36
Эч нерсе болбойт жон эле менсиз баштабагыла деп гул подарит этсе керек
0
flicka94_kg_kyz
2014-01-20 22:08:27
Мына Эми буттуго деген сайын "уландысы келерки санда" деп адамды кыйнай турган болушту го:(
0
N.Bakazova
2014-01-21 00:25:51
emne bolup keteer eken emi !?
0
aiba91kg
2014-01-21 01:47:37
Эмне демек эле .. Бир нерссе подарит этет го дейм
0
D.Uezalieva
2014-01-21 11:18:12
Я передумал,бул жерге бомба коюлган,2 минутадан кийин жарылат деп качып кетсе....)(
0
meerim94
2014-01-22 02:45:15
эми бирибирине жеткенде да кандай тагдырдын тамашасы экен
0
osh93
2014-01-22 03:39:19
кутуу дагы бир жума
0
tina-janka
2014-01-22 19:17:39
Эх кутуу
0
D.Uezalieva
2014-01-26 01:10:55
Баары бактылуу болушат экеееен,уррааа!Мен окудууум!
0
№ 585, 17-январь-23-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан