ШУБА КАНТКЕНДЕ УЗАК ЖАШАЙТ?

Шуба башында сууктан коргоочу каражат катары эсептелсе, кийин ал саркечтиктин жана бардар жашоонун символуна айланды. Ушул себептүү учурда аң-териден тигилген шубага да, жасалма териден жасалгандарына да суроо-талап жогору. Кымбат баалуу шубаны сатып алып, бирок аны күтүүнү, сактоону билбесеңиз, ал сизге узак кызмат кылып бере албайт.

КАНДАЙЫН АЛСАМ?..
Шубанын жасалма жана табигый териден тигилген түрлөрү бар. Табигый аң-теринин асылдыгына жараша шубанын жашоо мөөнөтү ар түрдүү. Айта кетсек, кундуздуку 30 жылга, кемчеттики 17, норканыкы 10, койдуку 7, каракүл шуба 6, нутрияныкы 5, коёндуку 2 жылга чыдайт. Табигый териден тигилген шубалар суук өткөзбөйт, жылуу, бирок кемчилиги – күбө түшкөнү.
Жасалма териден тигилген шубалардын жакшы жагы – жеңил, арзан. Каалагандай өң-түстөгүсүн, сүрөт түшүрүлгөнүн таба аласың. Мисалы, гепарддын терисине окшошун. Жаман жагы – аба өткөргөндүктөн, жылуулукту аз сактайт. Узакка колдонгондо түгү тоголоктошуп кетет.

ТАНДОО ЫКМАЛАРЫ
Азыркы заманда технология ушунчалык өнүккөндүктөн, шубанын сыртынан карап табигый же жасалма териден тигилгенин билүү кыйын. Андыктан аларды айырмалоодо колдонулуучу ыкмаларды билүү керек:

  • Табигыйларынын түгү жумшак, жасалманыкы катуураак жана одуракай болот.
  • Түгүнө каршы сылап көрүү керек. Табигый териден болсо, түгү дароо ордуна келет. Жасалма териден тигилгендеринин түгүн сылаганда сапатсыздарынын түгү апсайып, үрпөйүп калат.
  • Шубанын этегине көз жүгүртүңүз. Этегинин кайрылып тигилген жеринен теринин табигый же жасалма экени көзгө урунат.
  • Бир-эки түгүн жулуп күйгүзүп көргөндө табигыйлардыкы күйсө, жасалмасы эрийт.
  • Түгүн бир аз тарткылап көрүңүз, жакшы ийленген териден жасалгандарынын түгү жулунбайт. Эгер табигый териден жасалып, бирок түгү жулунса, анда тери жакшы иштетилбеген. Мындай шубанын түгү түшө берип, эрте эскирет.
  • Боёлгон шубанын боёгу чыгар-чыкпасын билүү үчүн кол жоолук менен сүртүңүз. Сапаттуу боёлгондорунун боёгу жукпайт. Ак чүпүрөк менен сүрткөндө боёгу чыкса, алуудан качыңыз.
  • Шубанын тигиштерине да көз жүгүртүү керек. Майда тигилсе, химиялык тазалоодо тигиштери ажырабайт.

ШУБАНЫ КҮТҮҮ, САКТОО

Сактоо

  • Караңгы жерде, аба кирип туруш үчүн сыртына кездемеден тигилген атайын кийим кап (чехол) кийгизип сактоо керек. Полиэтилен кийим каптар аба өткөрбөгөндүктөн, түктөрү жатып, шуба нымдашып, сапатын жогото баштайт. Күндүн нуру тийип калса, теринин өңү өчөт жана өзгөрөт.
  • Жайында күбөдөн сактоочу каражатты колдонуңуз.
  • Кирдегенде химиялык тазалоого берип, бензин, уксус сыяктуулар менен өз алдынча тазалоодон качуу зарыл.

Күтүү

  • Кандай шуба болбосун, суу (нымдуу) карга же жамгырга туш келгенде аны үй температурасында, кийим илгичке илип кургатыңыз.Мешке, радиаторго жакын кургатууга болбойт. Тери абдан кургап кетип, түктөрү түшмө болуп калат.
  • Кургагандан кийин тиштери чоң, металл тарак менен түгүнө карап ылдый жана түгүнө каршы тароо кажет. Анан кол менен түгүнө карай сылап, силкүү зарыл.
  • Эгер ылай чачырап калса, шуба кургагандан кийин щётка же чаң соргуч менен тазалаңыз.
  • Кокус топчусу түшүп калса, топчунун алдына теринин кесимин коюп тигиңиз. Бул топчу кадалган жердин айрылып-жулунуусунан, түктүн түшүп калуусунан сактайт жана шубанын көркүн бузбай топчуну кадоого шарт түзөт.
  • Шуба кийип жүргөндө сумканы ийинге асынууга болбойт. Боосу өйкөлө берген жерлердеги түктөр жатып, кийин акырындап кырылат.
  • Тоналдык бет май колдонгондор моюн орогуч тагынуулары зарыл. Болбосо крем шубанын түгүнө жуга берип, батташып, тазалоо кыйындайт.
  • Жасалма териден тигилген ак шубанын өңү саргарып кетсе, стакандын жарымына лимон ширесин, жарымына кайнаган суу кошуңуз. Катуу щётканы ага малып, шубаны өйдөдөн ылдый, ылдыйдан өйдө тазалаңыз.
  • Кийип жүргөндө шубанын түгү жатып калбасын десеңиз, бир жерге отурарда этегин сыртка кайрып отуруңуз.
  • Шуба көп жыл кызмат кылсын десеңиз, жамгырда, суу карда кийбеш керек.

Кызыктуу

  • Лингвисттердин далилдөөсүнө караганда, «шуба» сөзү арабдардын жубба деген жеңи узун сырт кийиминин аталышынан келип чыккан. Колунда бар арабдар кийин жуббанын жеңдерин, өңүрүн киш, суусар сыяктуу жаныбарлардын териси менен кооздоп кийүүгө өтүшкөн.
  • Орто кылымда жубба араб соодагерлери аркылуу Чыгыш Европага тарап, сатыла баштаган. Орустарга «жубба» сөзү «шуба» деп кирип калган.
  • 18-кылымда шуба модага айлана баштаган.
  • Ненец элинин аялдарынын бугунун терисинен жасалган шубалары «паница» деп аталат.
  • Эң кымбат шуба – шиншилланын терисинен жасалган шуба. Ага анын 100дөй териси керек жана баасы 25 миң доллардан ашык.

«ТАК БОЛГОН ШУБАНЫ ДАРОО ТАЗАЛАТУУ КЕРЕК»
Бишкектин Чыгыш-5 аймагында жайгашкан химиялык тазалоочу жайдын кызматкери ВЛАДИМИР АГАТОВ шубаны тазалоонун сырлары менен бөлүшөт.
– Кээ бирөөлөр шубасынын бетине крахмал, манна акшагын, ал тургай тактайдын майда таарындысын сээп тазалашат. Бул жеңил чаң-чуңдардан арылтат, бирок майды, такты кетире албайт. Так түшкөн же май чачыраган шубаны өз алдынча ар нерсени колдонуп тазалоого болбойт. Анткени тазалайм деп жатып шубанын өңүн бузуп же тактын көлөмүн жайылтып алуу коркунучу бар. Чукулап аарчыгандан түктөрү да түшүп калат. Ошондой эле так түшкөн же май чачыраган шубаны тазалатууну кийинки сезонго калтырбоо керек. Себеби майдын жыты күбөлөрдү өзүнө чакырат. Так эскирип, кетпей калат.
Шубаны баш-аягы 3-4 ирет гана тазалатууга берүү туура. Андан көп болсо сапаты кетет, түктөрү кырылат, териси да картондой катуу болуп калат.
Бизде шубалар кургак тазаланат. Шуба атайын жуучу машинага салынып, үстүнө суунун ордуна перхлорэтилен (химиялык зат) суюктугу куюлат. Андан соң башка суюктук куюлуп чайкалат жана кургатылат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
never-cry
2014-01-20 09:53:17
кемчет деген эмне?
0
Мэри
2014-01-20 11:03:02
кемчет - бобр, кемирүүчүлөрдүн бир түрү
0
Asus84
2014-01-20 11:22:24
жакшы маалымат экен бирок бишкектин кышына шубанын кереги деле жок
+4
aziz1990
2014-01-20 13:13:10
Шуба кийерден мурда кандай жасалганын коргуло Шуба силерди сураксыз тозоко суйройт Шубаны сатып алып силер жаныбарларды тируулой сыйрыган акмака жардам берип жатасынар
+3
Izana
2014-01-20 13:27:02
aziz1990, Мен да сизге кошулам. Канчалык байып, акчам батпай жатса да ан-териден жасалган шуба кийбейм деп озумо-озум соз бергем...
+4
shyba
2014-01-20 18:14:22
aziz1990, туура айтасын бирок мен зорго шубага жеттим эле да кийбей койсон 70000рубль оной акча эмес.кечеги маалыматты окуп шубамы карап коркуп жатам.супер инфо адамды ара жолго саласынар да.кантип жасалганын айтып адамдарды уркутуп,эми жакшы сактагыла коп кызмат кылсын десенер-деп жазасынар.
+6
Ханбийке
2014-01-27 04:36:30
shyba, аран шубага жеттим деп, нигинизди да шуба кылып алгансыз го))))))
0
Diana92kg
2014-01-20 16:22:37
ошол бир шуба учун канча деген жаныбарлар каза болушат. откон санда жаздынар го, ушунчалык боорум ооруду жаныбарларга. азыр шубаны коргум келбей калды
+3
aiza11.3
2014-01-20 21:02:40
Шубаны жаныбарлардын терисинен жасаганын билбей эле кийе беришет экен да тообо
0
Misi
2014-01-20 22:54:43
шуба мага жакпай калды.андан коро куртка алып алыш керек. мага шубам батпай калдыыыыыыы.
0
magic1721
2014-01-21 10:38:30
кызык адамдар коп ))) анда эмесе эт жебегиле, булгаарыдан тигилген бут кийим,сырт кийим кийбегиле, анткени жаныбардын эти, териси )))
+1
ekulya
2014-01-22 20:36:53
men da oilochumun alsaaam dep. Azyr "ech kachan"
0
Aksy-13
2014-01-22 22:50:18
булгаары курткаларды аябай эле кийдинерго,эми шубаны кийгенден коркпой эле койгула.анда эч качан эт жебеш керек.
0
INailia
2014-01-23 22:50:51
Аллах бизге пайдалангыла деп берген,тырмак мн олтуруп жеген жырткыч жаныбарлардын башкасын.бирок мыкаачылык жол мн эмес!
0
zhusubali
2014-01-24 08:04:19
Мен ойлочу элем ушу шуба кыргыстанга барбаса экен деп орустарды коруп
0
Gulzada91
2014-01-26 00:20:49
zhusubali, Кечиресиз шубаны илгерки ата-бабабыз да кийишкен койдун,топоздун терилеринен жасашып энелерибиз ошондой чебер болушкан ,уйдо чон энем айты эле шубаларды энелерибиз кол менен тигишчу эле деп.Шубаны биринчи кыргыздар жасап кийишкен десек жарашчудай.
0
Titi
2014-01-27 08:37:02
Кытайдын эле курткаларынан отору жок. Арзан жылуу каалагандай жууй бер , кургатып кийип кете бер.
0
Kurmanjan.93
2014-01-28 06:05:44
Откон санда шуба жонундо жазылганын окубай калыпмын,кайсы макалада?Жазып койгулачы мумкун болсо!
0
№ 585, 17-январь-23-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан