КОЙ (21.03-20.04)
Аптанын башталышы менен иштериңиз бир аз оорлошот. Бирок ага карабастан болгон аракетиңизди жумшап, алдыга умтула берсеңиз, ийгилик сиз тарапта болмокчу. Таарынышкан түгөйлөрдө жарашууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Каржы жаатында сарамжалдуулук талап кылынат. Болбосо акчасыз калышыңыз ыктымал.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Капчыгыңыз калыңдап, маанайыңызды көтөрөт. Жакындарыңызга белек беришиңиз ыктымал. Жаңы бизнес баштоону көздөгөндөр убара тартышат. Бирөөгө сөз берердин алдында жети өлчөп, бир кесүүнү унутпаңыз. Убадаңызды аткара албай уят болушуңуз мүмкүн. Сүйүктүү адамыңыз менен романтикалуу окуяга күбө болосуз.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Олуттуу иштерди баштабай туруңуз. Андан көрө тиричиликке тиешелүү майда иштерди бүтүрүү сунушталат. Аптада колдоо көрсөтө турган адамдар табылат. Аптанын аягында азгырыкка кирип, ири суммадагы акчадан кол жууп калуу коркунучу бар. Түгөйүңүз менен мамилеңиз бекемдеп, үй-бүлө куруу туурасында ойлор жаралышы мүмкүн.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Ишиңиздин илгерилеши бир топ аракетти талап кылат. Жетекчилик менен тил табыша албай убара болосуз. Каржы маселеси сизди бул аптада тоорубайт. Бирок керектүү техника буюмдарын сатып алууңуз күтүлүүдө. Жеке жашооңузда жагымдуу учурлар жаралып, бойдоктор сүйүүсүн табуусу ыктымал. Апта соңунда жакындарыңыз менен сейилдөөгө чыгасыз.
АРСТАН (23.07-23.08)
Келечекке карай олуттуу кадам таштоого мезгил келди. Бирок андан мурун көптөн бери колуңуз тийбей келген иштерди бүтүрүп алыңыз. Дыкаттык маанилүү документтерди толтурууда да талап кылынат. Бейкүнөө адамдарга катуу айтып, аларды таарынтып албаңыз. Кызганычтан улам түгөйүңүз менен араздашасыз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жашоодо жаралган кыйынчылыктарды артка калтырып, жеңишке жетчү маал. Кыялдарыңызды орундатууда жардам бере тургандарды жолуктурасыз. Бирок жакындарыңызга да убакыт бөлүүнү унутпаңыз. Сүйүктүүңүзгө жетиштүү көңүл бөлө албагандыктан чыр жаралышы ыктымал.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жумушуңузда жагымсыз жагдайга туш болосуз. Жаралган ар бир майда маселени дароо чечип салбасаңыз, кийин олуттуу түйшүк тарттырат. Эски сырдын айынан досуңуз же курбуңуз менен мамилеңиз бузулушу ыктымал. Жеке жашооңузда бул апта сизге кубаныч тартуулабайт. Сүйгөнүңүздү ашыкча айланчыктоо менен аны тажатып алуудан абайлаңыз.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Иштиктүү сүйлөшүүлөрдү, жолугушууларды жүргүзүүгө ыңгайлуу учур. Өнөктөштөрүңүздүн ишеничине кирем десеңиз, ашыкча өпкө кага берүүдөн баш тартыңыз. Эмерек, тиричилик буюмдарын сатып алууда алдын ала адис менен кеңешип алган оң. Жеке жашооңузда өзүңүздүн сезимдериңизди түгөйүңүзгө туура билдирүү талап кылынат.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Бул аптада каржы жаатында да, жумушуңузда да убара тартасыз. Абалдан оңой чыгып кетем десеңиз, айланаңыздагы адамдар менен тил табышууга аракет кылыңыз. Түгөйлөр арасында мамиле бычактын мизинде турган сымал. Эгер сүйүктүүңүз менен ажырашып калууну каалабасаңыз, ага аяр мамиле жасоону үйрөнүңүз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жашооңузду өзгөртө алган чечим кабыл алууга даяр болуңуз. Ички туюмуңузду жана улуу муундун өкүлдөрүнүн кеңешин эске алыңыз. Аброюңузга шек келтирүүнү каалагандар айланаңызда аңдып жүрүшөт, абайлаңыз. Апта аягында эски тааныштарыңызга жолугуп, чер жазыша сүйлөшө аласыз. Сасык тумоонун алдын алганыңыз туура.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Бир караганда чоң киреше алып келе турган ишти баштоого сунуштар түшүшү ыктымал. Бирок терең изилдеп, иштин чоо-жайын билген соң гана келишимге кол коюңуз. Анткени бул аптада алдамчылардын тузагына илинип калуу коркунучу бар. Эңсеген буюмуңузду сатып ала аласыз. Сүйүү жаатында тагдыр сизге күтүүсүз белек камдап койгон. Бакыт кушун кармап калыңыз.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Жумуш ордун жакшыртуу туурасында ойлор келет. Чыгармачыл чөйрөнүн адамдарына эргүү келип, жаңы долбоорду ишке ашырышы ыктымал. Жеке жашооңузда жакшы жагына өзгөрүү болот. Эс алуу күндөрүн жакындарыңыз менен өткөрүп, сүйүктүүңүздүн да көңүлүн алууну унутпаңыз.