2005-жылы чыккан «Скоро я взлетаю и тебя теряю, от любви своей я улетаю» деген ыр саптары андагы жаштардын оозунан түшпөй калган эле. Мындан сырткары «Fashion girl», «Так же как все» аттуу хиттерди аткарган «A-studio» тобун кимдер гана билбейт. Анын негизги мүчөсү Кети Топурия мырзалардын табитиндеги айымдардын катарында.
ПСИХОЛОГ БОЛМОК...
20 жылдык тарыхы бар легендарлуу «A-studio» тобунун мүчөсү Кети Топурия күнөстүү Грузиянын борборунда жарыкка келген. Анын атасы архитектор Андро Топурия жана апасы инженер-химик Наталья Топурия музыкадан алыс адамдар. Бирок Кетеван жаштайынан музыканы сүйгөн. Ал 1998-жылы Тбилисидеги музыкалык мектепти, кийин 2003-жылы музыкалык училищени аяктайт. Ошол эле жылы Кети Грузияда ырчы катары атактуулукка жетишет. Ырчы айым Грузиянын Мамлекеттик университетинин психология бөлүмүнө тапшырган. Бирок «A-studio» тобуна мүчө болуу сунушу түшүп, Кети окуусун таштап, Москвага сапар алат.
«...Эсимде, Нато аттуу продюсер менин ырларымды топтун мүчөлөрүнө жиберген эле. Топтогу жигиттерге үнүм аябай жагып, бирок кезигишүүгө келгенде убакытты аябай созушкан. Көрсө, менин грузиялык экенимди угушканда муруту бар, семиз кыз болсо керек деп коркушуптур. Ошентип 2005-жылы «A-studio`нун» жаңы солисти катары эл алдына чыктым».
АТАСЫ «МЫЙЗАМДАГЫ УУРУ»Кети үй-бүлөсү, өзгөчө атасы тууралуу кеп кылбайт. Бирок анын атасы Андро Топурия «адам өлтүрүү», «талап-тоноо» боюнча соттолуп, жадакалса «мыйзамдагы ууру» статусуна ээ болгон. Мындан улам атасы Санодзе деген фамилияны алып алган. 2010-жылы сентябрь айында Андронун түрмөдө баңгизатты ашыкча колдонуп алгандыгынан каза тапканы гана ырчынын атасы тууралуу ооз ачуусуна түрткү болот:
«Мен атамды аябай жакшы көрөм. Бул үй-бүлөбүз үчүн чоң жоготуу. Кандай болгон күндө да ал менин атам, журналисттерден суранам, бул тууралуу кеп козгобой эле койгулачы».
«БААРЫ БИР ТААП АЛАМ»
Кети Топуриянын жашоосунда толтура сүйүү романдары болгон. Учурунда ырчы Влад Топалов, Сергей Лазарев, актёр Игорь Верник анын жигиттери эле. Бирок жашоосундагы чыныгы сүйүүсү катары Кети бизнесмен Лев Гейхманды айтат.
«...Унаамды айдап баратып тыгында калдым. Жол четинде тааныш бирөө турат. Ким экенин эстей албай, бирок учурашып койдум. Бир маалда ал киши келип, телефон номеримди сураса болобу. «Жок, бербейм» десем, эки жан сакчысы унаамды тосуп туруп алышты. «Баары бир издеп таап алам» дегенинен номеримди берүүгө аргасыз болгом. Ошентип турмушумдагы негизги адам менен тааныштым, көрсө, ал жолдошум Лев экен».
Бул таанышуунун акыры эки түгөйдүн 2013-жылы сентябрь айында болгон нике күбөлүгүн алуу аземи менен аяктады.
«Максим Галкиндин туулган күнүнө барсам, баары «Качан тойго барабыз?» деп сурашат. Анан тамашалап «быйыл күзүндө» дегем. Айтканымдан кайтпай турмушка чыгууга туура келди. Бирок өкүнбөйм. Бизде баары жакшы, балалуу болуу азырынча оюбузда жок».
ШОК КЫЗ КЕТИ:
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg