Жылан жылы аяктаар алдында «Формула -1» жарышы боюнча дүйнөнүн 7 жолку чемпиону Михаэль Шумахер Франциядагы Мерибель курортунда эс алуу учурунда кырсыкка учурады. Башынан оор жаракат алган спортчу азыркы убакытка чейин эсине келе албай комада жатат.
МИХАЭЛЬ ШУМАХЕР
Каймана аты – «Кызыл барон», «Нурдуу балакай», «Шуми»
Туулган жери – Хюрт-Хермюлхайм шаары (Германия)
Туулган жылы, күнү – 1969-жыл, 3-январь
Үй-бүлөсү – жубайы Коринна, Жина-Мария аттуу кызы жана Мик аттуу уулу бар
Жетишкендиктери – «Формула-1» боюнча дүйнөнүн 7 жолку чемпиону (1994, 1995, 2000, 2001, 2002, 2003, 2004-жылдар)
КУРОРТТОГУ КЫРСЫК
Кырсык 29-декабрда Франциянын Мерибель курортунда Шумахер үй-бүлөсү менен эс алып жүргөн кезинде болду. Михаэль лыжа менен тоодон түшүп келе жатып, жолдон чыгып кетип ташка чалынып, башы менен аскага урунган. Аябай катуу урунгандыктан, башындагы шлеми талкаланып кеткен. Оор абалындагы спортчуну атайын тик учма менен Гренобль шаарындагы ооруканага жеткиришет.
«Шумахердин мээси күндө текшерилип жатат. Өткөн дүйшөмбүдө гематома эки тараптуу болчу, учурда сол тарабында калды. Бул көрүнүш өтө көп убакытка кармалып турса дененин карама-каршы бөлүгүн шал абалга алып келиши мүмкүн. Мындай учурда ал үнүн да жоготуу коркунучу бар. Бирок андай болбойт деп үмүт кылам»,- деп билдирүүдө Шумахерди көзөмөлдөгөн дарыгер Жефф Сальян.
«ШУМАХЕРДИН ТЫНЧЫН АЛБАГЫЛА!»
Шумахердин жубайы Коринна Шумахер оорукананы каптап кеткен журналисттерден үй-бүлөсүнүн жана дарыгерлердин тынчын албоосун суранды.
«Михаэлди биз менен колдосоңор, дарыгерлердин жана үй-бүлөбүздүн тынчын албай, билдирүүлөрүбүзгө ишенип, ооруканадан чыгууңарды сиздерден суранабыз»,- деди Коринна.
5 ЖАШЫНДА ЖАРЫШКА ТҮШКӨН
Айылдабы же шаардабы Михаэль Шумахерди тааныганыбыз да, тааныбаганыбыз да катуу ылдамдыкты сүйгөн адамды «Шумахер» деп атап коёбуз. Ушунчалык атактуулукка жеткен белгилүү жарышчынын карьерасы атасы үйүнө жасап берген карттан (атайын жарышка ылайыкталган кичинекей машина) башталган. Михаэль рулга 3 жаштан баштап отуруп, 5 жашында карт жарыштарына катышып баштаган. 14 жашында расмий түрдө жарышчы укугуна ээ болуп, өз өлкөсүнүн жана Европанын чемпиондуктарына катыша баштаган.
«ФОРМУЛА-1ГЕ» КЕЛҮҮСҮ
1991-жылы «Формула-1» жарышына катышып жүргөн «Jordan» командасынын директору Эдди Жордан Шумахерди түрмөгө түшүп калган жарышчы Бертран Гашонун ордуна чакырат. Бир жумадан кийин Сильверстоун трассасында Шумахер квалификация жарышында 7-орунду камсыздап, бардыгын таң калтырган. Себеби анчалык күчтүү эмес «Jordan-Ford» болиди үчүн бул чоң жетишкендик эле. Мындай көзгө алынган жарыштан кийин Италиянын «Benetton» командасына кошулуп, ал командасы менен 1992-жылы 23 жашында «Формула-1деги» алгачкы жарышын утат. Упай боюнча чемпиондуктун жыйынтыгында атактуу Айртон Сеннадан 3 упай ашып, 3-орунду камсыздайт.
1994-жылы Шумахер «Benetton» командасынын курамында «Формула-1дин» чемпиондугунда 8 ирет биринчи болуп келип чемпиондукту утуп, кийинки жылы аны ийгиликтүү коргой алат.
1996-жылы Шумахер «Ferrari» командасы менен келишим түзүп, бул командасы менен 6 жолу чемпион болот. 2006-жылдын 10-сентябрында спорттон кетерин жарыялайт, бирок жарыштарга катышпаганы менен, «Ferrari`де» жарышчыларга кеңешчи жана болиддерди тесттен өткөрүүчү эксперт болуп иштеп калат.
КАЙРА КАЙТЫП КЕЛҮҮСҮ ЖЫЙЫНТЫК БЕРГЕН ЭМЕС
2009-жылдын аягында Шумахер «Mercedes-Benz» командасы менен 3 жылга келишим түзүп, спортко кайтып келет. Бирок ийгиликке жетише албай, 2012-жылдын аягында чоң спорт менен кош айтышууга мажбур болот.
«Трассада жөн эле айдап жүрүү мен үчүн эмес, мен жеңишке жетишүү үчүн күрөшүп, жарыштардан ырахат алышым керек»,- деп билдирген атактуу жарышчы.
ШУМАХЕР ТУУРАЛУУ ФАКТЫЛАР
Шумахер жарыш трассасында кандай кырдаал болбосун андан чыгып кете алган чыныгы жеңүүчү сапатка ээ. Эми анын дагы бир жеңишин күтүүдөбүз. Бул анын өмүрү үчүн болгон күрөшү...
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg